You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп: Мексика жана Канаданын импортуна тарифтер убактылуу токтотулду
АКШнын президенти Дональд Трамп мексикалык товарларга бажы тарифтерин киргизүүнү бир айга токтотконун жарыялады. Ал мындай чечимди Мексиканын бийлиги менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алды. Мексика Америка менен болгон чек ара тилкелеринде көзөмөлдү күчөтүп, маңзат бизнесине каршы күрөшүү үчүн 10 миң аскер жөнөткөнгө макул болгон. Ушундай эле сүйлөшүү тууралуу Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо дагы билдирди. Ал дагы чек ара көзөмөлүн күчөткөнгө убада бергени айтылат.
Трамптын мурдагы убадалары боюнча, ушул аптадан тартып Мексика жана Канада товарларына 25% бажы тарифи киргизилмек, ал эми Кытайдан импорт үчүн кошумча 10% каралган.
Ал жаңы бажы тарифтеринин киргизилип жатканынын бир топ себебин тизмектеп берген, анын ичинде чек ара коопсуздугун, маңзат аткезчилигине бөгөт коюу маселесин жана соода балансынын тартыштыгын айткан.
Ушул сыяктуу бажы чаралары Евробиримдиктин товарларына дагы киргизүү тууралуу сөз болуп жатат. Бирок америкалык президенттин айтымында, Британия менен "макулдашса болчудай".
"Ал жакта биздин өндүрүштөгү унааларды, айыл-чарба продукцияларын сатып алышпайт. Алар бизден эч нерсе деле алышпайт, бирок биз алардан бардык нерсени сатып алып жатабыз", — деди Трамп журналисттерге.
Дүйшөмбү күнкү фондулук биржа Трамптын кезектеги кескин билдирүүлөрүнөн улам көрсөткүчтөрдүн түшүшү менен ачылды.
Бирок жаңы бажы тарифтеринин күчүнө киришине бир күн калганда Мексиканын мамлекет башчысы Клаудия Шейнбаум Трамп менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирип, бажы тарифтерин киргизүү мөөнөтүн узартканга макулдашканын жар салды.
Ал ошондой эле эки өлкө башчылары макулдашкан келишимде Мексикага АКШнын кубаттуу куралдары өтүп кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрүү милдеттенмеси дагы камтылганын белгилеген.
Трамптын билдирүүсүнө ылайык, мөөнөттү узартуу мүмкүнчүлүгү эки өлкө алакасында жаңы шарттарды талкуулоого оң таасир тийгизерин билдирген.
"Мен президент Шейнбаум менен сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам, аны менен биз эки өлкөнүн ортосунда макулдашууга жетишкенге аракеттенүүдөбүз", — деп Трамп Truth Social коомдук сайтына жазган.
"Бир ай мөөнөт биргеликте иш алып баруу, эң туура жолду тандоо жана бири-бирибизди ынандыруу үчүн берилген убакыт", — деп Шейнбаум пресс-конференцияда айтты.
Бул билдирүүлөр жана макулдашуулар бир күн мурда түшүп кеткен америкалык баалуу кагаздарга таасир этти, ал кайра калыбына келе баштады. Ошондой эле мексикалык песонун кыйраган курсун бекемдөөгө мүмкүндүк берди.
Жаңы тарифтер иштейби?
Даршини Дэвид, Би-Би-Синин экономика жаатындагы башкы кабарчысы
Бажы тармагындагы бул сыяктуу кескин чаралар ата мекендик өндүрүшчүлөрдү чет элдик арзан баа сунуштаган атаандаштарынан оолак кармоо үчүн жасалууда. Бул жергиликтүү ишканалардын өсүшүнө, аны менен катар керектүү иш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт.
Бул сыяктуу жаңы бажы төлөмдөрүн киреше булагы катары карагандар да бар. Бирок иш жүзүндө алар керектөөчүлөрдүн да, ишканалардын да чөнтөгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Акыр-аягы баанын көтөрүлүшүнүн негизги түйшүгү аларды сатып алууга аргасыз болгон керектөөчүлөргө түшөт.
Муну менен бирге бажы салыктары чет элдик рынокко кызыкдар өлкөнүн бардык өндүрүүчүлөрү үчүн ыңгайсыздык жаратат.
Жыйынтыгында бажы төлөмдөрү соода-сатыктын өсүшүн кармап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө тоскоолдук кылат. Ушундан улам Трамптын соода согушун жарыялашы бүткүл дүйнө боюнча тынчсызданууну жаратты.
Канадада абал кандай болот?
Канада жооп иретинде кошмо штаттардан импорттолгон товарга кошумча бажы тарифтерин киргизе турганын жарыялаган.
Дүйшөмбүдө Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана АКШ президенти Дональд Трамп эки жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, бир жыйынтыкка келишкен. Сүйлөшүүлөрдү Трамп "жакшы жыйынтык" деп атады.
Бир нече убакыттан кийин Жастин Трюдо Канаданын товарларына бажы тарифтерин киргизүү мөөнөтү бир айга жылдырылганын билдирди.
Анын айтымында, Канада 1,3 миллиард долларга бааланган чек ара коопсуздук планын ишке ашырмакчы. Трюдо фентанил маңзатынын агымын токтотуу үчүн тийиштүү чаралар каралганын, анын алкагында жаңы тик учактар, кошумча чек арачылар жана техникалар алынганын айтты:
"Чек арадагы коопсуздукту бекемдөөгө 10 миңден ашык кызматкер тартылат. Мындан сырткары Канада өзүнө жаңы милдеттенмелерди алат. Биз уюшкан кылмыштуу топтордун, террорчулардын тизмесин улам тактай беребиз, чек араларда күнү-түнү байкоо жүргүзөбүз. Фентанил баңгизатынын агымын бөгөттөөгө жана акчаны адалдоого каршы күрөшүү үчүн канадалык-америкалык биргелешкен иш-чараларды ишке ашырабыз".
Бул билдирүүдөн кийин Трамп бажы тарифтерин киргизүүнү бир айга узартканын тастыктады:
"Канада түндүк чек аранын коопсуздугун күчөтүүгө макул болду. Мен бул баштапкы жыйынтыкка ыраазымын. Бул өлкө менен экономикалык макулдашууга жетише аларыбызды билиш үчүн жараянды бир айга токтоттум".
Америка президентинин маалыматына ылайык, Трамп жакынкы арада Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен дагы жаңы бажы чектөөлөрү боюнча сүйлөшмөкчү. (KB)