Кимдердин жаңы мууну: КЭДР лидери дүйнөгө биринчи жолу кызын көрсөттү

Сүрөттүн булагы, KNS/Kyodo
Континенттер аралык баллистикалык ракетанын акыркы сыноолоруна Ким Чен Ын жалгыз эмес, жубайы жана кызы менен бирге катышты. Түндүк Кореянын маалымат каражаттары биринчи жолу жеке жашоосу ар дайым сыр болуп келген Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) лидеринин үй-бүлө мүчөлөрүн дүйнөгө көрсөтүштү.
Президенттин кызынын дүйнөгө чыгышы бийликти Кимдердин төртүнчү муунуна өткөрүп берүүнү көздөгөн Түндүк Корея лидеринин династиялык амбицияларын көрсөтөт деп эсептейт эксперттер.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы буга чейин Кимдин үч баласы - эки кызы жана бир уулу бар деп билдирген. Алардын бирөөсү дагы буга чейин коомчулукка көрсөтүлгөн эмес.
ЦТАК мамлекеттик агенттиги Кимдин кызынын ысымын атаган эмес, алар анын сүйүктүү кызы экенин гана жазган. Айрым маалыматтарга караганда, анын аты Ким Чжу Э.
Кыз болжол менен 12 жашта көрүнөт, сүрөттөрдө ал ракетаны карап жаткан атасы менен бирге жүрүп, жылмайып турат.
Түштүк Кореядагы Седжон институтунун Түндүк Кореяны изилдөө борборунун кызматкери Чеонг Сон Чан азыр эл алдына чыккандан кийин түндүк кореялык “ханбийке” мамлекеттик иштерге катыша алат деп болжоду.
Эксперт Ким Чен Ындын атасы улуу балдары бар экенине карабай аны мураскер катары тандап алганын, анткени ал уулу өзүнө көбүрөөк окшош деп эсептегенин эске салды.
"Балким Ким Чен Ын экинчи кызын да ошондой кылгысы келип жаткандыр. Мүмкүн ал кызда Кимдин ою боюнча аны өзүнө окшоштурган сапаттары бар деп ойлойт", - деп кошумчалады Чеонг Сон Чан.
Ал кызы мындан ары да маанилүү иш-чараларда атасын коштоп жүрсө, бул божомолдор туура экендигинин ишенимдүү белгиси деп эсептейт.
Дагы бир эксперт Су Ким дагы Чеонгдун айткандарына кошулат. Анын пикиринде, коомчулукка көрсөтүлгөн ата менен кыздын ортосундагы жакындыктын деңгээли, КЭДРдин болочок лидери тууралуу айтып турат.
Президенттин кызынын ракета сыноо күнү дүйнөгө көрсөтүлүшү дүйнөгө символикалык белги болушу мүмкүн.
"Бул кандайдыр бир мааниде Кимдин бийликтин скипетрин кийинки муунга өткөрүп берүүсүнүн символикалык сүрөтү. Эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын террору менен согушчандыгынын төртүнчү итерациясын кабыл алуу жана ага даярдануу үчүн билдирүү", - дейт Су Ким.

Сүрөттүн булагы, Korean Central News Agency/Korea News Service
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Үй-бүлөнүн күтүлбөгөн жерден пайда болушунун башка версиялары да бар. Түндүк Кореяны изилдөөчү Ан Чан Ир бул Кимди "нормалдуу" лидер жана мээримдүү ата катары көрсөтүү үчүн кылдат уюштурулган аракет болушу мүмкүн деп эсептейт.
Кимдин эл алдына чыккан жубайы менен кызы анын имиджин жумшартат, жок дегенде ички аудиторияга.
Изилдөөчү Ан жаңы “образды”: “Бул согуш ачкан жана нарциссисттик "кичинекей ракета адам" эмес. Ал жакшы ата, ал үй-бүлөнү да, бүтүндөй элди да коргойт", - деп талдады.
"Пхеньян өзүн "нормалдуу" улут катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат окшойт. Бул ошондой эле тышкы дүйнөгө анын төртүнчү муундун мураскерлигине өтүп жатканын жана ошого жакшы даярданганын айтып, режимди турукташтыруу ишарасы", - деп кошумчалады Ан.
Бирок, кээ бир башка эксперттер континенттер аралык баллистикалык ракетаны учуруу – кызын дүйнө менен тааныштыруу үчүн өтө кызык учур экенин белгилешет.
"Бул баланы жумушка алып келүү үчүн эң ылайыксыз күн", - деп жазды америкалык коопсуздук боюнча эксперт Анкит Панда "Твиттерде".
Жубайы жана балдары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
КЭДР лидеринин жеке жашоосу тууралуу аз эле маалымат бар, Түндүк Кореянын маалымат каражаттары анда-санда гана айрым деталдарды кабарлашат. Салт боюнча, Түндүк Кореянын жогорку жетекчилигинин жашоосу тууралуу маалыматтын негизги булагы Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы болуп саналат.
Түндүк Кореянын телекөрсөтүүсү 2012-жылы коомдук иш-чараларда анын жанында жүргөн бейтааныш айымдын ким экени тууралуу жоромолдор тарай баштагандан кийин “жолдош Ли Соль Чжуну” анын жубайы катары атаган.
Нике, кыязы, Түштүк Кореянын атайын кызматтарынын айтымында, үч жыл мурун 2009-жылы болгон.
Түндүк Кореянын расмий маалымат каражаттары Ким Чен Ындын балдары бар экенин такыр кабарлашкан эмес.
2017-жылдын февраль айында, Түштүк Кореянын маалыматы боюнча, Ли Соль Чжу үчүнчү баласын жарык дүйнөгө алып келген. Ал эми Ким Чен Ындын алгачкы балдары болжол менен 2010-2013-жылдар аралыгында төрөлгөн.
Экинчи баласы - Чжу Э аттуу кыз экени гана белгилүү. Бул тууралуу 2013-жылы Британдык “Guardian” басылмасына берген маегинде күтүлбөгөн жерден Кимдин досуна айланган америкалык баскетболчу Деннис Родман айтып алган.
Ал бул өлкөгө барганда Кимдин үй-бүлөсү менен кантип "эс алганын" айтып, Кимдин өзүн "жакшы ата", ал эми үй-бүлөсүн "абдан жакшы" деп атаган.
КЭДРдин жаңы ракеталары
Пхеньян жума күнү сынаган континенттер аралык баллистикалык ракета Япониянын сууларына жакын жерге конду, бул Түндүк Кореянын ушул айдагы экинчи ири курал сыноосу. Кээ бир божомолдор боюнча, Түндүк Кореянын жаңы ракеталары АКШнын бүтүндөй материктик бөлүгүнө өзөктүк сокку урууга жөндөмдүү.
Япониянын коргоо министри Ясукадзу Хамаданын айтымында, бул баллистикалык ракетанын учуу жолу жана башка эсептөөлөр согуштук дүрмөттүн белгилүү бир салмагы менен 15 миң километрге чейин уча аларын көрсөтүп турат. Эгерде ушундай болсо, деп баса белгиледи министр, анда Кошмо Штаттардын территориясы анын бута зонасында болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жалпысынан акыркы эки айдын ичинде Түндүк Корея 50дөн ашык ракета учурган, негизинен кыска аралыкка учуучу, бирок октябрда беш жылдан бери биринчи жолу баллистикалык ракета Япониянын аймактык сууларына карай учурулган.
Эксперттердин пикири боюнча, жума күнү учурулган ракета али иштелип чыгууда жана КЭДРде өзөктүк учтуу ракеталары бар же жок экендиги азырынча белгисиз.
Жаңы сыноо жекшембиде Камбоджада Америка Кошмо Штаттары, Түштүк Корея жана Япониянын лидерлери тарабынан жетишилген аскердик кызматташтыкты чыңдоо боюнча келишимге жооп болгон сыяктуу. Пхеньян Американын Корей жарым аралына жакын болгонуна абдан нааразы жана Түштүк Кореянын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого чечкиндүү түрдө каршы чыгаарын билдирди.
Сыноолор ошондой эле Кытай менен Орусиянын АКШнын Түндүк Кореянын өзөктүк программасын чектөө үчүн БУУнун санкцияларын күчөтүү аракеттерине каршы учурда өтүп жатат.
Жума күнкү учуруулардан кийин АКШнын вице-президенти Камала Харрис Бангкокто Япониянын, Түштүк Кореянын, Австралиянын, Жаңы Зеландиянын жана Канаданын лидерлери менен жолугуу учурунда АКШ өзүнүн саясатына ишенимдуу экенин ырастады.
"Биз бул аракеттерди кескин айыптайбыз жана Түндүк Кореяны дагы бир жолу өзүнүн мындан аркы мыйзамсыз жана туруксуздукка алып келген аракеттерин токтотууга чакырабыз", - деген Харрис "АКШнын атынан Азия-Тынч океан альянсына бекем берилгендигибизди дагы бир жолу ырастагым келет", - деп кошумчалады.
Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле КЭДР үчүн диалог жолу ачык бойдон калууда деген пикирге келишти жана Пхеньянды керексиз провокациялардан баш тартып, олуттуу, маңыздуу дипломатияга кайтууга чакырышты.












