"Акылдуу" бюстгальтер. Эмчек рагын эрте аныктоочу жаңы ыкма

Аппарат эмчекти ар кайсы тараптан сканерлей алат

Сүрөттүн булагы, MASSACHUSETTS INSTITUTE OF TECHNOLOGY (MIT)

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аппарат эмчекти ар кайсы тараптан сканерлей алат

Айлин Язан, Би-Би-Си Түрк кызматынын кабарчысы

Элестетиңиз, сиз кофеңизди ичип жаткан учурда көкүрөгүңүздө залалдуу шишик бар же жогун бюстгалтериңиздин чөйчөгүнө жабыштырылган кичинекей УЗИ аппараты текшерет.

Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) медиа-лабораториясынын тобу ушул технологияны иштеп чыккан. Ал топту түркиялык профессор Жанан Дагдевирен жетектейт. Жанандын эжеси эмчек рагынан каза болгон.

Аппарат тобокел тобундагы бейтаптарды көзөмөлдөөгө, шишиктердин пайда болушун текшерип, маммограммага түшүү аралыгында байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, эмчек рагы рактын эң кеңири таралган түрү болуп саналат. 2020-жылы 2,3 миллион аял бул ооруга чалдыккан жана 685 миң бейтап каза болгон.

Бул аялдардын өлүмүнүн экинчи негизги себеби.

Профессор Дагдевирен Массачусетс технологиялык институтунда (MIT) иштейт.

Сүрөттүн булагы, MIT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор Дагдевирен Массачусетс технологиялык институтунда (MIT) иштейт

Америкалык Онкология коомунун айтымында, шишиктин алгачкы стадиясында эмчек рагын эрте аныктоо 99 пайыз учурда бейтапка кеминде дагы беш жыл жашоого мүмкүнчүлүк берет.

Доктор Дагдевирен билдиргендей, аппарат эрте диагноз коюуга жардам берет - чындыгында, эмчек рагына кечирек диагноз коюлган аялдардын беш жылдан кийин жыйырма эки пайызы гана аман калышат.

Аппарат кантип иштейт?

Массачусетс технология институтунун (MIT) материал боюнча инженери Дагдевирендин айтымында, бул идея ага биринчи жолу эжеси ооруканада жатканда келген.

Эжеси бардык зарыл болгон текшерүүлөрдөн такай өтүп турганына карабастан кайсыл бир учурда ага көкүрөк рагынын агрессивдүү түрү деген диагноз коюлган. Алты айдан кийин ал каза болгон.

Жанан ийкемдүү пластыры бар “акылдуу бюстгалтер” ойлоп тапты, ага шишикти аныктоо үчүн сканер орнотулган.

Чакан УЗИ сканерин бюстгальтердин чөйчөгүнүн ичинде жылдырса болот.

Чакан УЗИ сканерди бюстгальтер чөйчөгүнүн ичинде жылдырса болот

Сүрөттүн булагы, MIT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чакан УЗИ сканерди бюстгальтер чөйчөгүнүн ичинде жылдырса болот

Бюстгалтер чөйчөгүнүн тешиктери бар, алар аркылуу кичинекей УЗИ камерасын жылдырып, эмчектин ич жагын ар кайсы тараптан көрүүгө болот.

Адатта, УЗИ текшерүүдөн өтүп жатканда, атайын гель колдонулат, бирок мында анын кереги жок.

Профессор Дагдевирендин айтымында, аппарат диаметри 3 миллиметрге чейинки бүртүкчөлөрдү аныктай алат, бул болжол менен алгачкы баскычтагы шишиктин көлөмүнө барабар.

"Ал, кандайдыр бир аномалияны дээрлик жогорку тактык менен аныктоого болот дегенди билдирет," - дейт ал.

Маммограмма деген эмне?

Эмчек рагын аныктоонун эң кеңири таралган ыкмасы бул маммография, ал эмчектин ичинде эмне бар экенин көрүү үчүн рентген нурларын колдонот.

Маммография, ал эмчектин ичинде эмне бар экенин көрүү үчүн рентген нурларын колдонот

Бирок, маммографиялык текшерүү бир кыйла кымбат турат. Көптөгөн өлкөлөрдө ал милдеттүү медициналык камсыздандырууга кирбегендиктен, анын акысын адамдар өздөрү төлөшү керек болот.

Эмне үчүн кээ бир аялдар ыңгайсыздыкка даттанышат?

Британиянын радиологдор ассоциациясынын жетекчиси Хелен Юле мындай дейт: “Ар бир адамдын көкүрөгү уникалдуу, ошондой эле бездүү ткандардын ичиндеги май кыртышы да өзгөчө.”

Көбүрөөк бездүү ткандары бар аялдар маммограмма учурунда эмчеги кошумча май катмары менен корголгон аялдарга караганда көбүрөөк ыңгайсыздыкты сезиши мүмкүн.

Мындан тышкары, сезгичтик гормон алмаштыруучу терапия (HRT) менен байланыштуу да жогорулашы ыктымал.

Хелендин айтымында, аялдын маммография кандай болорун күтүүсү да чоң роль ойнойт.

Текшерүү учурунда ыңгайсыздыкты болтурбоо үчүн бир нече жөнөкөй ыкма бар: мисалы, этек кир келген учурда же андан бир жума мурда маммографиядан өтпөгөн жакшы, маммографияга аз калганда парацетамол таблеткасын ичип алса да болот.

Аппарат кимдер үчүн?

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, такай маммограммага түшүп туруу ортосундагы аралыкта пайда болгон шишик ("аралык рагы" деп да аталат) эмчек рагы менен ооруган бардык учурлардын 20-30% түзөт.

MIT командасынын айтымында, андай залалдуу шишиктер кадимки текщерүү учурунда табылган шишиктерге караганда агрессивдүү болот.

Жаңы иштелип чыккан аппаратты эмчек рагына кабылуу коркунучу жогору болгон аялдар маммограмма кылуу же өз алдынча текшерүүнүн ортосунда пайда болгон аралыкта шишикти аныктоо үчүн колдонсо болот.

Бирок, изилдөөчүлөр "эгер кандайдыр бир аномалия аныкталса, маммография дале жасалышы керек" деп эскертишет.

BBC

Мындай аппараттын баасы канча?

Бул аппаратты иштеп чыгууга MIT командасынын алты жарым жыл убактысы кеткен.

Август айында аталган бюстгальтер АКШда патенттелген жана азыр клиникалык сыноолордон өтүп жатат.

Бүгүнкү күндө ар бир аппараттын баасы 1000 долларга жакын, бирок ойлоп табуучулар өндүрүштүн көлөмү өскөн сайын анын баасы да төмөндөйт деп ишендирүүдө.

Процесс төрт-беш жылдай убакытты талап кылат, бирок натыйжада, "күндө изилдөө жасалгандыктан ар бир текшерүү бир кружка кофеден да арзаныраак түшөт" дейт илимпоздор .

Бардык аялдар үчүн үмүт шооласы

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө эмчек рагынан өлүмдүн жогорку көрсөткүчүнүн негизги себептери кеч диагноз коюу жана жетишсиз дарылоо болуп саналат.

ДСУнун маалыматы боюнча, эмчек рагынан беш жылдан кийин аман калуу Индияда 66% жана Түштүк Африкада 40% болсо, кирешеси жогору өлкөлөрдө бул көрсөткүч 90%дан ашат.

Теориялык жактан алганда, аппарат дененин башка бөлүктөрүн сканерлөө үчүн колдонулушу да мүмкүн. Өткөн жылы профессор Дагдевирендин боюнда бар эле. Ал ошол аппараттын жардамы менен төрөлө элек баласын “көрө алган”.

“Эжем абдан жаш болчу, болгону 49 жашта эле. Өлүм мынчалык жакын экени анын оюна да келген эмес. Бирок мындай бюстгальтер аны сактап калышы мүмкүн эле да." - дейт профессор. (DO)