You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Габриэль Борич — Чилинин тарыхындагы эң жаш президент
Студенттик нааразылык акцияларынын мурдагы лидери Габриэль Борич тарыхый жеңишке ээ болуп, Чилинин тарыхындагы эң жаш президент болду.
Расмий жыйынтыктар боюнча Боричке шайлоочулардын 56%, анын каршылашы Антонио Кастка 44% добуш берилди. Шайлоо участкалары жабылгандан бир жарым сааттан кийин Каст мырза жеңилгенин мойнуна алды.
35 жаштагы президент акыркы жылдары теңсиздикке жана коррупцияга каршы массалык демонстрациялар менен дүрбөлөңгө түшкөн өлкө үчүн амбициялуу өзгөрүүлөрдү убада кылды.
Борич мырза өзүнүн солчул блогунун президенттикке талапкерлигин жеңип чыкканда, убада берген. «Эгер Чили неолиберализмдин бешиги болгон болсо, ал анын мүрзөсү да болот», - деген. "Жаштар бул өлкөнү өзгөртүп салат деп коркпогула!”
Борич жактоочуларына Чилинин неолибералдык эркин базар экономикасын чектөөнү убада кылып, демократияга кам көрө турганын айтты.
Уюлдашуучу өнөктүктөн кийин Борич мырза президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ашынган оңчул атаандашы Хосе Антонио Кастты таң калаарлык чоң айырма менен жеңип, өлкөнүн саясий тарыхында жаңы баракты ачты.
Борич мырза миңдеген тарапкерлеринин алдында "Биз укуктарыбызды бир бизнес же керектөө товары катары эмес, коомдук турмушта кадимки укук катары каралуусун талап кылган муунбуз",- деди.
"Биз адилеттүүлүк байлар үчүн башка, ал эми кедейлер үчүн башка экенин билебиз жана мындан ары жакырлар Чилинин теңсиздиги үчүн жооп беришине жол бербейбиз."
Нааразылык акцияларынан президентке чейин
Габриэль Борич 1986-жылдын 11-февралында Чилинин алыскы түштүгүндөгү Пунта Аренас шаарында төрөлгөн. Ал мындан он жыл мурун билим берүүнү жакшыртуу жана арзандатуу талап кылган массалык демонстрацияларды жетектеп жүргөн учурда атактуулукка жеткен.
Ал анда Чили университетинде юридикалык факультеттин студенти болгон, бирок ал окуусун бүтүргөн эмес, анын ордуна саясатка басым жасоону чечкен. 2013-жылы ал өзүнүн Магалланес аймагынын атынан көз карандысыз конгресске шайланган жана кийинчерээк шайлоодо дагы жеңип, экинчи мөөнөткө шайланган.
Сакалчан, татуировкасы бар жана галстукту сейрек тагынган Борич мырза президенттикке талапкерлердин салттуу образынан алыс. Кампаниянын жүрүшүндө ал өзүнүн обсессивдүү компульсивдүү бузулуу диагнозу жөнүндө айтып, "Чилиде психикалык ден соолук жөнүндө айтылып турганы жакшы" деп айтты. Бирок сынчылар аны тажрыйбасыз деп, ага "дагы көп нерсе үйрөнүшү керек" деп айткандарын мойнуна алган.
Поэзия менен тарыхты ынтызарлык менен окуйм деген Борич өзүн социалист деп сыпаттайт. Ал активист болуп жүргөн убагындагы узун чачын кыркып, азыр анын эки колундагы татуировкасы көбүнчө куртка менен жабылып турат.
Ал ошондой эле пенсиялык системаны реформалоо, социалдык кызматтарды, анын ичинде универсалдуу медициналык камсыздандырууну кеңейтүү, ири компаниялар жана бай адамдар үчүн салыктарды көбөйтүү жана жашыл экономиканы түзүү боюнча убадаларын аткарып жатып, айрым көз караштарын жумшартты.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында биринчи турда Каст мырзаны артка таштагандан кийин, анын жаркын жеңиши ал Сантьягодогу базасынан тышкары колдоого ээ болуп, айыл жерлериндеги шайлоочуларды өзүнө тарткандан кийин келди. Бир жыныстуу никелердин жана бойдон алдыруу укуктарынын жактоочусу көптөгөн аялдардын колдоосуна ээ болгон.
Жеңиштен кийинки сөзүн сүйлөп жатканда, анын жанына сүйлөшкөн кызы келип кошулду. Ошондо ал: "Бардык чилиликтер үчүн президент болом" деп убада берип: "Бүгүнкү үмүт коркунучту жеңди" деп айтты.
Ал келерки жылдын 11-мартында кызматка киришет. (MD)