Жапонияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны 100 миңге жакындады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапонияда 100 жашка чыккан жана андан жогору курактагы адамдардын саны рекорддук чекке жетип, дээрлик 100 миң адамга жакындады. 55 жыл катары менен бул көрсөткүч боюнча биринчиликти бербей, рекорд коюп келе жаткан Жапонияда расмий маалыматтарга караганда, сентябрь айында 100 жаштагы жана андан улуу адамдардын саны 99 763 болду. Бул сандын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт (88%).
Жапония дүйнөдөгү эң кары адамдар жашаган өлкө болуп саналат.
Жапония ошондой эле өтө тездик менен карып жаткан өлкөлөрдүн бири. Жапон эли жалпысынан туура тамактанганы менен, өлкөдө төрөт көрсөткүчү төмөн бойдон кала берүүдө.
Жапониядагы эң кары аял – Сигэко Кагава, ал Яматокориямадагы Нара шаарынын четинде жашайт. Эң кары эркек – Ивата шаарынын тургуну, 111 жаштагы Киётака Мизуно.
Саламаттыкты сактоо министри Такаморо Фукуока 100 жаштагы жана андан ашкан курактагы 84 784 аялды жана 11 879 эркекти куттуктап, аларга "коомдун өнүгүүсүнө кошкон көп жылдык салымы" үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Статистикалык маалыматтар Жапониянын Карылар күнүн утурлай жарыяланды. Бул күнү 100 жашка чыккан адамдар премьер-министрден куттуктоо катын жана белек катары күмүш кубок алышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги быйыл куттуктоо каты 53 310 адамга жөнөтүлгөнүн билдирди.
1960-жылдары Жапонияда жүзгө чыккан жана андан ашкан адамдардын саны "Чоң жетиге" кирген бардык башка өлкөлөргө караганда аз болчу. Бирок андан бери кырдаал олуттуу түрдө өзгөрдү.
1963-жылы жапон өкмөтү жүзгө толгон жана андан ашкан адамдардын санын эсептей баштаганда 153 гана адам болчу.
1981-жылы алардын саны миңден ашса, 1998-жылы 10 миңге жеткен.
Жапонияда жашоонун узактыгы негизинен жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана атап айтканда, эмчек жана простата безинин рагынан каза болгондордун азайышы менен түшүндүрүлүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Туура тамактануу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жапонияда бул эки оорунун негизги себептеринин бири болгон семирүү көрсөткүчү төмөн. Жапондор кызыл этти азыраак жеп, балык менен жашылчага басым жасашат.
Айрыкча аялдар арасында ашыкча салмактуулардын көрсөткүчү төмөн. Бул жапон аялдары эмне үчүн эркектерге караганда узак жашарын түшүндүрүшү мүмкүн.
Дүйнөнүн башка өлкөлөрү барган сайын кант менен тузду көп керектеп жаткан чакта, Жапония тескерисинче ден соолукту коргоо боюнча өнөктүктөрдүн жардамы менен элин тузду азыраак колдонууга үндөп келатат.
Бирок кептин баары тамактанууда гана эмес. Жапондор негизинен эле улгайган куракта да кыймыл-аракеттүү бойдон кала беришет жана АКШ менен Европадагы кары адамдарга салыштырмалуу көбүрөөк басып, коомдук транспортту колдонушат.
"Радио Тайсо" деп аталган топ ичинде жасалчу күнүмдүк көнүгүүлөр 1928-жылдан бери жапон маданиятынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул көнүгүүлөр биримдик сезимин бекемдеп, калктын саламаттыгын чыңдоо максатында киргизилген. Үч мүнөттүк көнүгүүлөр телевидениеден көрсөтүлүп, өлкө боюнча чакан топтордун ичинде аткарылат.
Анткен менен, айрым бир изилдөөлөр глобалдык деңгээлден алганда 100 жаштан ашкан адамдардын санына байланыштуу шектенүүлөрдү жаратты. Бул курактык топко кирген адамдардын саны маалыматтардагы каталардын айынан, мамлекеттик каттоонун ишенимсиздигинен жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн жоголушунан улам ашыкча айтылып жатат деген шектенүү жок эмес.
2010-жылы Жапонияда үй-бүлөлүк каттоо жазууларын текшерүү маалында дайынсыз жоголгон, ал тургай ондогон жылдар мурда көз жумган 230 000ден ашуун адам 100 жашта жана андан жогору куракта деп катталып калганы аныкталган.
Мындай катачылык иш кагаздарын талаптагыдай эмес жүргүзүүгө байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле айрым бир үй-бүлөлөр улгайган туугандарынын пенсиясын ала бериш үчүн алардын өлүмүн жашырып коюшат экен.
Мисалы, Токиодогу эң кары адам катары эсептелип келген 111 жаштагы Согэн Катонун сөөгү ал көз жумгандан 32 жылдан соң үйүндө табылгандан кийин улуттук деңгээлде териштирүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Согэн Като 1978-жылы эле 79 жашында көз жумганы жана үй-бүлөсү анын өлүмү тууралуу кабар бербегени аныкталган.
Дүйнөдөгү эң кары адам

Апрель айында 116 жаштагы бразилиялык кечил Ина Канабарро Лукас көз жумгандан кийин Улуу Британиядагы карылар үйүндө жашаган Этель Кейтерем августтун аягында дүйнөнүн эң кары адамы деп табылган.
1909-жылы 21-августта төрөлгөн Кейтерем Англиянын королу Эдуард VIIнин көзү тирүү акыркы букарасы болуп саналат.
Эдуарддын небереси, падыша Чарльз 2024-жылы 115 жашка чыккан Кейтеремди куттуктап, ага кат жолдогон эле.
Кейтерем "Титаник" чөккөндөн үч жылдан кийин жана советтер союзуна башат берген октябрь ыңкылабынан сегиз жылдан кийин жарык дүйнөгө келип, эки дүйнөлүк согушту көргөн.
Ал Англиянын Хэмпшир графтыгында сегиз балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн.
Апрель айында Кейтерем дүйнөдөгү эң кары адам болуп калды.
Жаш кезинде Кейтерем Индияда бала багуучу болуп иштеген. Кийин армиянын подполковниги болгон күйөөсү менен Гонконгдо жана Гибралтарда жашаган.
Бүгүнкү күнгө чейин жаш курагы расмий тастыкталган эң улгайган адам Жанна Луиза Кальман аттуу француз аял болчу. Ал 1997-жылы 122 жашында каза болгон.












