Кыргызстан-Венгрия: Европадагы биринчи стратегиялык өнөк

Кыргызстан менен Венгриянын президенттери Садыр Жапаров жана Каталин Новак стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Кыргыз президенти Садыр Жапаров Европадагы өлкөлөрдүн ичинен Венгрияга биринчи расмий сапар менен барды.

Экономикалык кызматташтык потенциалы

“Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташуунун артыкчылыктуу маанисин баса белгилешет жана аны ургаалдуу күчөтүүгө умтулуусун билдиришет жана айыл чарба, өнөр жай, энергетика, жашыл, креативдүү экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы тармактарында өз ара кызматташууну, анын ичинде Эркин экономикалык аймактардын ишмердиги жөнүндө тажрыйба алмашууну өнүктүрүүнү көздөшөт", - деп кабарлады кыргыз президентинин басма сөз кызматы.

Эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүнүн бардык шарттары түзүлгөн. Венгрия менен Кыргызстан өздөрүнүн элчиликтерин ачышкан. Кыргызстан-Венгрия стратегиялык кеңеши, Кыргыз-венгр өкмөт аралык комиссиясы жана кыргыз-венгр ишкерлер кеңеши бар.

Тараптар «Будапешт-Бишкек-Будапешт» багыты боюнча түз аба каттамын ачуу боюнча ишти улантууну макулдашты. Эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамынын ачылышы инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө жардам берет.

Экономикалык жагынан алганда байланыштар азыр баштапкы этабында тургандыктан анчалык дүркүрөп өнүгө элек. Эки ортодогу сооданын көлөмү жупуну эле, 2021-жылы 4,333 млн. АКШ долларын түзгөн.

Бирок азыр соода-экономикалык алаканы өнүктүрүүгө жакшы потенциал бар.

Кыргызстан ВСП+ системасы аркылуу Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнө алты миңден ашык аталыштагы товарларды бажы салыгы жок экспорт кыла алат.

Эки өлкөнүн ортосунда баштапкы наркы 50 миллион доллар турган экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү фонду ачылган. Фонд киреше бере бурган долбоорлорду каржылайт, анын ичинде экономиканын артыкчылыктуу тармактары боюнча биргелешкен ишканаларды да түзүү каралган.

"Кыргыз-венгр фонду Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө инвестицияларды, кредиттерди бөлөт. Венгр ишкерлеринин катышуусу менен биргелешкен долбоорлор болот. Ошондой эле экономиканын он жети багыты боюнча долбоорлор каржыланат, анын ичинде кайра иштеп чыгуу, машина куруу, айыл чарба, логистикалык борборлор», -дейт Кыргызстандын Экономика министрлигинин инновациялык саясат жана финансы башкармалыгынын башчысы Нурлан Байбосунов.

Евробиримдиктин эң чыгыш өлкөсү

Венгрия Кыргызстанга боор тартып, стратегиялык кызматташкан Европадагы биринчи өлкө болуп баратат. Эки тараптуу мамилелерден сырткары бул мамлекеттер Түркий өлкөлөр уюму аркылуу дагы байланыштарды өнүктүрүүдө.

Венгрия өзүн Евробиримдиктин эң чыгыштагы өлкөсү, ал эми чыгыштын эң батыштагы өлкөсү деп атап келатат. Соңку жылдары Венгрия өзүнүн чыгыштагы тек жайын изилдеп, көбүрөөк ыктаган саясат жүргүзүүдө. Борбор Азия бул стратегиянын алкагында эң башкы аймак болуп саналат.

Венгрия менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтык билим берүү чөйрөсүндө активдүү өнүгүүдө. Бир нече жылдан бери Stipendium Hungaricum” программасы боюнча Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн кыргыз студенттерине жыл сайын 200 орунга чейин квота бөлүп берилүудө.

Ошондой эле кыргыз президентинин расмий сапары убагында Будапештте Кыргызстан менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму башталды.