You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Британияда порнография көргөн депутат кызматтан кетти
Британия парламентинин Консерваториялык партиядан шайланган депутаты Нил Пэриш аны кесиптештери иш ордунда – палатанын жыйынында эки жолу порнография көрдү деп айыптагандан кийин кызматынан кете турган болду.
Анын өзүнүн сөзүнө караганда, «мактана турган эч нерсе жок». Пэриш порнографияны көргөнү биринчи жолу кокустан болгонун, экинчи жолу атайы эле киргенин айтууда.
Палатада катарлаш отурган эки кесиптеши аны телефондон «чоңдор үчүн контентти» көрдү деп айыпташууда. Пэриш Би-Би-Сиге тергөө менен толук кызматташа турганын билдирди.
«Албетте, бул уят», - деди ал жума күнү. – Мен өзүмдү да, аялымды да, бүт үй-бүлөмдү оңтойсуз абалга койдум. Бирок ал ошентсе да мени колдоп атат, ошон үчүн ага ыраазымын».
Порнография көрүп койгону үчүн кызматынан кетип жаткан депутаттын аялы Сью Пэриш Times газетасына бул уят иш болду деп айтып, ошол эле учурда күйөөсүн «кадыресе эркек» жана «эң сонун адам» деп атаган.
"Эгерде порнография көргөн ар бир эркекке ачууланып, уруша берсек, анда дүйнөдө аялдар калбайт го»,-деген ал.
Ошол эле учурда ал порнографиянын эч кандай жакшы жагын көрбөй турганын жана күйөөсүнүн палатадагы коңшуларын бул эмнеге кабатыр кылганын түшүнөрүн баса белгилеген.
Эми Пэриштин иши боюнча атайын иликтөө болот, аны уставдагы жүрүш-туруш эрежелеринин сакталышына көз калган парламенттин атайын ыйгарым укуктуу өкүлү жүргүзөт.
Башында Нил Пэриш аны күнөөлүү деп тапканда гана кызматынан кетерин айтып жаткан, бирок кесиптештеринин кысымына кабылгандан кийин кызматын тапшырмай болду.
Эми анын шайлоо округунда кошумча шайлоо өткөрүлөт. Бул парламенттеги саясий күчтөрдүн жалпы катышына таасир этпейт деле, анткени анын округунда адатта консерваторлор жеңип келатат. (КС)