Жапайы жылкы казактын кең талаасына кайтып келди
Франс Мао, Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, VÁCLAV ŠILHA/PRAGUE ZOO
Жоголуп бараткан жапайы аттар 200 жылдан бери биринчи жолу Казакстандын Алтын Талаасына кайтып келүүдө.
Июнь айынын башында, Прага зоопаркы уюштурган операциянын алкагында, Европадан Борбор Азия өлкөсүнө аба аркылуу жети Прежевальский жылкысы жеткирилди.
Окумуштуулар Би-Би-Сиге жылкылар эки жумадан бери өздөрүн жакшы сезип жатканын, талаада ары-бери басып, атүгүл жупташуу процессин баштаганын айтышты.
Зоопарктын кызматкерлери муну жаратылышты коргоо иштерине бүтүндөй өмүрүн арнаган азыркы жана мурунку муундардын зор жеңиши катары баалашат.
"Өткөн кылымдын 60-жылдары жапайы жаратылышта жок болуп кетти деп эсептелген жылкы жаныбардын жоголуп бараткан бул түрүн акыркы жолу Монголиядан көрүшкөн... Алар азыр өз мекенине кайтып келүүдө. Андыктан бул сөз менен айтып бере алгыс керемет көрүнүш" - деди Прага зоопаркынын басма сөз катчысы Филип Машек.
Акыркы он жылдыкта жылкылардын бул түрүн Монголия менен Кытайга акырындык менен кайра алып келип жатышканы менен, бул ирет жылкылар Казакстанга биринчи жолу кайтып келүүдө.
Орус изилдөөчүсү Николай Пржевальскийдин ысымы менен аталган Пржевальский жылкысы — планетадагы жапайы жылкылардын акыркы түрү, ал жылкыны европалык илимий коомчулук үчүн биринчилерден болуп аныктаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жылкынын бул түрү миңдеген жылдар мурун Борбордук Азиянын талааларынан келип чыккан жана XIX, XX кылымдарда изилдөөчүлөр тарабынан Европага жана Түндүк Америкага алынып келинип, негизинен зоопарктарда кармалган.
Алардын айрымдары Мюнхендеги жана Прагадагы зоопарктарда багылган – ошолордон таркагандар эми Казакстанга кайра алынып келинди.
Маданий артефакттар Европада жылкыларды колго үйрөтүп баштаганга чейин, кеминде 2000 жыл мурун, өлкөнүн түндүгүндөгү адамдар (Казакстанда) ат минип, жылкылардын этин тамак-ашка пайдаланышканын көрсөтүп турат.
Бирок 1879-жылдагы Пржевальскинин «ачылышына» чейин бул жапайы жылкыларды батыш Монголиянын бир аз гана бөлүгүнөн табууга мүмкүн болгон. Адамдардын көзөмөлсүз аракети жана колдо багылган мал-жандыктын кескин көбөйүшү, ошондой эле айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү алардын тукум курут болушуна алып келди.
Бул коркунучту эске алып, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин окумуштуулар жаныбарларды сактап калуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрө баштайт. Прага зоопаркына жылкынын бул түрүнө “эл аралык изилдөө жүргүзүү” тапшырмасы берилген.
Өткөн жумада Казакстанга бир айгыр жана алты бээден турган биринчи топту кайтарып берди. Келерки беш жылдын ичинде дагы кеминде кыркты алып келүүнү көздөйт.
"Бул тарыхый мааниси бар окуя", - деп билдирди зоопарктын директору Мирослав Бобек.
«Биз бул жакка чех армиясынын эки учагы менен алып келген жети жылкы – Казакстандын борборундагы бул түрдүн жүздөгөн жылдардан берки биринчи өкүлдөрү".

Сүрөттүн булагы, PRAGUE ZOO
Пржевальский жылкысы эзелтен эле жапайы жылкылардын бирден бир түрү катары эсептелип келинген, анткени бизге белгилүү америкалык мустанг жана австралиялык брамби сыяктуу түрлөр үй жаныбарларынан чыккан жапайы жылкылар болуп саналышат.
Пржевальский жылкысы азыркы колго үйрөтүлгөн жылкыларга караганда бою кыскараак жана денеси чымыр келет жана мындай генетикалык айырмачылыктар эки түрдүн тең теги бир эмес экенин көрсөтүп турат.
Акыркы он жарым жыл ичинде жылкыларды кайра Борбор Азияга, негизинен Монголияга жеткирген Прага зоопаркынын айтымында, Казакстандагы операциялар жергиликтүү бийлик менен келишимге кол коюлгандан кийин 2022-жылдан бери пландалууда.
Өткөн жумада көп жылдык эмгектин туу чокусу болду. Прага зоопаркы Европа боюнча ар кандай программалардан жылкыларды тандап алып, аларды сапарга чейин бири-бирине көндүрүү үчүн бир нече ай бою Берлиндеги Tierpark Berlin зоопаркында чогуу кармады.
Андан кийин июнь айынын башында аскердик учактар Түркия менен Азербайжанды камтыган 6000 чакырымдык каттам аркылуу эки топко бөлүнгөн аттарды алып учушту.

Учактар Казакстандын Аркалык аэропортуна конору менен аттарды сегиз сааттык жол аркылуу түздүккө алып барышып, акыры Алтын Далага (Алтын Талаанын казакча аталышы) коё беришти.
"Тесса аттуу бээ транспорттук кутудан биринчи болуп тосмого чуркап чыкты, андан кийин Веспе, анын артынан Умбра жана төртүнчү болуп Сари көрүндү" деди Бобек.
Бейшемби күнү зоопарктын басма сөз катчысы Машек Би-Би-Сиге аттар бир аз чочулоодон кийин, алыска батынып чыга баштаганын айтты.
Окумуштуулар бул аптадагы "абдан жакшы" жылыш катары, кээ бир аттардын жупташа баштаганын кабарлашты.
Түздүктө адатта кыш катаал болгондуктан, жаңы жерге батыраак көнүүсү үчүн жапайы жылкыларды жайдын башында мында алып келишкен. Аларды биринчи жылы 60 гектарга жеткен "акклиматизация" короо-сарайында кармашып, анан кенен жайыттарга коё беришет.
Машек зоопарк өткөн он жылдагы Монголия программасынын ийгилигин кайталайт деп үмүттөнөрүн айтты. Ал жерде 34 жылкыны коё берүү жергиликтүү популяциянын санын 850дөн ашуун жаныбарга көбөйтүүгө жардам берген.
Изилдөөчүлөр үмүт менен жашап, оптимисттик позицияда турат, деди ал. Ал жапайы жылкынын тукум курут болушуна адамдын аракети гана себеп болбостон, аңчылык кылуу жана колго жасалган жылкыларды көбөйтүү сыяктуу аракеттер да алардын жок болушун тездеткен, дейт.
"Биз бул жапайы жылкынын жоголуп кеткени үчүн дагы эле жооптуубуз, андыктан аны кайра калыбына келтирүүгө, жаратылышка кайтарууга милдеттүүбүз"
Ал "ушундай жок болуп бараткан жаныбарлардын баарын батырган Нух пайгамбардын кемеси болууну" заманбап зоопарктын түпкү максаты катары сыпаттады.
"Бул кээде мүмкүн, кээде мүмкүн эмес. Ошентсе да биз аларды баштапкы чөйрөсүнө кайтаруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек."
Аттарды мекенине кайтаруу үчүн 18 сааттык жолду учуп өтүү керек. (МА)












