Австралияда 16 жашка толо элек балдарга соцтармактарды колдонууга тыюу салынды

Девушка лежит на диване с телефоном

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Хелен Ливингстоун
    • Role, Би-Би-Си

Өлкөнүн өкмөтү 10-декабрдан тарта соцтармактар "акылга сыярлык чараларды" көрүп, 16 жашка толо элек өспүрүмдөрдү өз платформаларына киргизбөөнү талап кылды. Ал эми буга чейин ачылган аккаунттар өчүрүлүшү керек.

Бул Би-Би-Синин кабарчысынын материалынын кыскартылган котормосу. Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз.

Австралия – мындай тыюуну киргизип жаткан дүйнөдөгү биринчи өлкө жана бул чечимди көптөгөн ата-энелер колдошууда. Өкмөт келтирген жүйөгө ылайык, социалдык тармактар балдарга терс таасирин тийгизип, алар тобокелдикке кабылып жатышат: соцтармактар экрандын алдында көбүрөөк убакыт өткөрүүгө түртүп, бул болсо өз кезегинде колдонуучулардын ден соолугуна жана бакубатчылыгына зыян келтирүүдө.

Ушул жылдын башында өкмөттүн тапшырмасы менен жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, 10-15 жаштагы балдардын 96% социалдык тармактарды колдонот жана ар бир 10 баланын жетөө зыяндуу контентке туш болот. Балдар адатта мизогинияга үгүттөгөн, туура эмес тамактанууну жана суицидди камтыган материалдарды, ошондой эле мушташтарды чагылдырган видеолорду көрүшүүдө.

Сурамжылоого катышкан балдардын жарымынан көбү кибербуллингдин курмандыгы болгонун айтышкан.

Бул тыюу кайсы платформаларга тиешелүү болот?

Австралия өкмөтү өспүрүмдөргө тыюу сала турган он платформаны атады. Алар: Facebook, Instagram, Snapchat, Threads, TikTok, X, YouTube, Reddit, ошондой эле Kick жана Twitch стриминг жүргүзгөн серверлер.

Онлайн оюндарга да тыюу салууну каалагандар өкмөткө басым жасап жатышат. Тизмеге кирип калуудан кооптонуп, Roblox жана Discord сыяктуу оюн платформалары жакында эле айрым бир функцияларды колдонуу үчүн жаш куракты текшере башташты. Бул, кыязы, тыюу салуудан качуу аракети.

Өкмөт тизме туруктуу негизде каралып тураарын жана үч критерий эске алынарын билдирди: эки же андан көп колдонуучунун ортосунда онлайн байланышты түзүү платформанын жалгыз же "маанилүү" максатыбы; платформа колдонуучуларга кээ бир же бардык башка колдонуучулар менен байланыш түзүүгө мүмкүндүк берип жатабы; платформа материалдарды жайгаштырууга уруксат береби – мына ушулар текшерилет.

YouTube Kids, Google Classroom жана WhatsApp бул талаптарга жооп бербегендиктен, аларга азырынча уруксат бар.

Бийлик тыюунун шарттары сакталышын кантип көзөмөлдөйт?

Балдар же ата-энелер тыюуну бузгандыгы үчүн жазаланбайт; санариптик платформалар тыюунун сакталышын өздөрү камсыз кылууга тийиш. Антпесе, талапты олуттуу түрдө же кайталап бузса, 49,5 миллион австралиялык долларга чейин (болжол менен 32 миллион АКШ доллары) айып төлөп калышат.

Компаниялар балдарды өз платформаларына киргизбөө үчүн "акылга сыярлык чараларды" көрүп, жаш куракты текшерүү үчүн технологияларды колдонууга тийиш. Бирок алар кандай технологияларды колдонушу керектиги мыйзамда көрсөтүлгөн эмес.

Бир нече вариант талкууланууда: мамлекеттик ID-карталар текшерилет, жүздү же үндү таануу, ошондой эле колдонуучунун онлайн жүрүм-турумун талдоонун негизинде жашты аныктоо ыкмалары колдонулат. Ошол эле маалда платформалар колдонуучу өзү айткан жаш куракка же ата-энени жашты тастыктоосуна таянбашы керек.

Австралиялык балдардын 96% социалдык тармактарды колдонушат жана 10 баланын жетөө зыяндуу контентке туш болушкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австралиялык балдардын 96% социалдык тармактарды колдонушат жана 10 баланын жетөө зыяндуу контентке туш болушкан

Facebook, Instagram жана Threads платформаларына ээлик кылган Meta 4-декабрдан тарта өспүрүмдөрдүн аккаунттарын өчүрө баштаарын жарыялады. Аккаунту жаңылыштык менен өчүрүлгөндөр мамлекеттик ID-карта менен жашын тастыктай алышат же видео селфи жасап жиберсе болот, дейт компания.

Snapchat колдонуучулар жаш курагын банк эсептери, ID сүрөтү же селфинин жардамы менен тастыктаса болорун билдирди.

Өспүрүмдөргө тыюу салышы керек болгон башка платформалар жаңы эрежелерди кантип сактарын азырынча жарыялаша элек.

Бул тыюу иштеп кетеби?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Компаниялар кандай ыкмаларды колдоноорун так түшүнбөй турган чакта, соцтармактарга киргизилип жаткан тыюу натыйжалуу болот деп айтуу кыйын – бирок жаш куракты аныктоо технологиялары айрым колдонуучуларды жаңылыштык менен бөгөттөп, ошол эле учурда жашы туура келбеген башка колдонуучуларды байкабай калышы мүмкүн деген кооптонуу бар.

Өкмөттүн отчетунда, мисалы, жүздү талдоо технологиясы көп ишеничтүү эместиги айтылат.

Айыптардын көлөмү жетиштүүбү деген суроолор да жаралууда. "Фейсбуктун" мурдагы аткаруучу директору Стивен Шелер AAP агенттигине билдиргендей, "50 миллион долларды табуу үчүн Meta'га бир саат 52 мүнөттөй эле убакыт талап кылынат".

Өкмөттүн чечимин сындагандар балдар социалдык тармактарды колдонбой калган чакта да, бул алардын интернеттеги зыянын азайта албастыгын белгилешет. Тизмеге таанышуу сайттары, оюн платформалары же жасалма интеллекттин негизиндеги чат-боттор кирбейт. Акыркы кездери жасалма интеллекттер балдарды өз жанын кыюуга же алар менен интимдик кат алышууга түртүп жатканы тууралуу жаңылыктар чыгып жатат.

Башкалар болсо соцтармактарда маектештерди же кызыкчылыктар боюнча жамааттарды тапкан өспүрүмдөр обочодо калышарын белгилешет. Алардын пикиринде, балдарды интернетте коопсуз жүрүм-турумга үйрөтүү кыйла натыйжалуураак болмок.

Байланыш министри Анника Уэллс өкмөттүн бул чечиминде кемчиликтер болушу мүмкүн экенин мойнуна алды.

"Адегенде бир аз башаламандык болушу ыктымал, - деди ал ноябрдын башында. – Ири реформалар дайыма ушинтип башталат".

Маалыматтарды коргоодо көйгөйлөр барбы?

Сынчылар ошондой эле платформалар жаш куракты текшерүү үчүн көптөгөн колдонуучулардан маалыматтарды чогултуп, сактай баштайт деп кооптонушат. Көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле Австралияда дагы акыркы жылдары жеке маалыматтар ачыкка чыгып кеткен чуулгандуу окуялар болгон. Купуя жеке маалыматтар ачыкка чыгып кетип, андан соң сатылган же жарыяланган учурлар да жок эмес.

Өкмөттүн ырасташынча, жеке маалымат катуу чаралар менен корголот: ал жаш куракты текшергенден башка эч нерсе үчүн колдонулбашы керек жана өз милдетин аткарган соң бул маалымат жок кылынууга тийиш. Бул мыйзамды бузгандар катуу жазага тартылышат. Мындан тышкары, платформалар мамлекеттик идентификаторлордун ордуна башка альтернативаларды сунуштоого тийиш.

Соцтармактар өкмөттүн чечимине кандай реакция жасашууда?

2024-жылдын ноябрында тыюу салуу тууралуу биринчи жолу жарыяланганда, социалдык тармактарга ээлик кылган компаниялар нес абалда калышкан. Алар өкмөттүн чечимин аткаруу кыйын болорун, аны буйтап өтүү оңой экенин, колдонуучулардын жаш курагын текшерүүгө өтө көп убакыт кетерин жана алардын купуялуулугуна коркунуч жаратарын айтышты. Тыюу салуунун натыйжасында балдар "интернеттин эң кооптуу аймактарына" качып, коомго аралашуусу оңой болбой калат деген жүйөлөр да келтирилди. YouTube жана Snapchat алардын платформалары социалдык тармактарга кирбей турганын ырасташууда.

YouTube'га ээлик кылган Google болсо платформанын тизмеге киргизилишине каршы сотко арыздануу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Компания Би-Би-Синин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган жок.

Meta эртерээк чара көрө баштарын жарыялаганына карабастан, бир нече тиркемени колдонгон балдар үчүн бул коргоону ырааттуу эмес аракет деп баалады. Октябрда өткөн парламенттик угууда TikTok жана Snap (Snapchat'тын ээлери) тыюу салууга каршы экенин, бирок аны аткара турганын баса белгилешти.

Тыюу салынгандардын тизмесине киргизилген жападан жалгыз австралиялык Kick компаниясы "бир катар чараларды" көрөрүн жана бийлик менен "конструктивдүү" ишти уланта берерин билдирди.

Офис YouTube с большим логотипом на здании

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, YouTube анын платформасы социалдык тармакка кирбей турганын билдирди

Башка өлкөлөрдө да ушул өңдүү тыюулар барбы?

Азырынча Австралия 16 жашка толо элек балдарга социалдык тармактарды тыюу салган жападан жалгыз өлкө. Ар кайсы өлкөлөрдө балдардын экрандын алдында же конкреттүү бир социалдык тармактарда өткөргөн убактысын, алардын зыяндуу контентке жетүүсүн чектөөгө аракеттер көрүлүп келет, бирок эч жерде мындай платформаларга толук тыюу салынган эмес.

Июлда Улуу Британияда жаңы коопсуздук эрежелери киргизилген, ага ылайык, компаниянын жетекчилери жаштарды мыйзамсыз жана зыяндуу контенттен коргоо чараларын көрбөсө, чоң айыпка жыгылып, ал тургай эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Европанын айрым бир өлкөлөрүндө белгилүү бир жашка чыга элек балдар ата-энесинин макулдугу менен гана социалдык тармактарды колдоно алышат. Сентябрда Франциянын парламенттик комиссиясы 15 жашка толо элек балдар үчүн социалдык тармактарга тыюу салууну, ошондой эле 15-18 жаштагы өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарда "коменданттык саат" киргизүүнү сунуштаган.

Дания 15 жашка чыга электерге социалдык тармактарга тыюу салуу планын жарыялады жана ушундай эле сунушту Норвегия да караштырып жатат. Испаниянын өкмөтү 16 жашка чыга электер мыйзамдуу өкүлдөрүнөн уруксат алып гана социалдык тармактарды колдоно алат деген талапты камтыган мыйзам долбоорун парламентке сунуштады.

АКШнын Юта штаты өткөн жылы жашы жете электерге ата-энесинин уруксатысыз социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууга аракет кылган, бирок бул чечимге федералдык сот бөгөт койгон.

Балдар тыюуну буйтап өтүүгө аракет кылышы мүмкүнбү?

Би-Би-Си менен сүйлөшкөн өспүрүмдөр жашын көбөйтүп көрсөтүү менен жаңы аккаунттарды ачып жатышканын айтышты. Бирок өкмөт соцтармактарга мындай аккаунттарды таап, өчүрүшү керектигин эскертти. Социалдык тармактарда өспүрүмдөр бири-бирине альтернативалык тиркемелерди сунуштап, тыюуну буйтап өтүү үчүн кеңештер менен бөлүшүп жатышат. Айрым өспүрүм-инфлюенсерлер ата-энесинин аккаунтунан чыга башташты.

Комментаторлор адам интернетке кайсы өлкөдөн кирип жатканын жашырган VPN'дерди колдонуу кескин көбөйөт деп болжолдошууда, себеби Улуу Британияда жаш куракка чектөөлөр киргизилгенден кийин дал ушундай көрүнүш болгон. (ZMa)