5G телефондор Америкадагы учактарга коркунуч туудуруп жатабы?
Тео Леггетт, бизнес кабарчы, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШдагы AT&T жана Verizon мобилдик байланыш компаниялары айрым аэропорттордогу 5G кызматын ишке киргизүүнү кийинкиге жылдыруу боюнча макулдашты.
Мурдараак эки жолу кечиктирилген бул кызмат 19-январда көбүрөөк жайларда ишке кириши керек болчу.
Бирок АКШнын алдыңкы он авиакомпаниясы жаңы технология миңдеген рейстердин кечигүүсүнө себеп болуп калышы мүмкүн дешет.
5G деген эмне ал АКШнын авиациясын кантип үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн?
5G — бул кийинки муундагы мобилдик интернет байланышы. Ал адамдарга интернеттен маалыматты ылдамыраак жүктөп жана түшүрүп алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле көбүрөөк түзмөктүн мобилдик интернетке бир эле убакытта туташуусуна өбөлгө түзөт.
Мунун ишке ашуусу үчүн ал көбүрөөк радио сигналдарга таянат. АКШда 5G үчүн колдонулган радио толкундар C диапазону катары белгилүү болгон жыштыкка кирет.
Мындай жыштыктар учактардагы радио альтметр тарабынан колдонулган толкундарга жакын. Учактардагы радио альтметрлер жерден жогору турган учактын бийиктигин өлчөп, коопсуздук жана багыт берүүчү системаларды маалымат менен камсыздайт.
Тынчсыздантып жаткан жагдай — 5G өткөргүчтөр ошол шаймандардын туура иштешине тоскоол болуп, коопсуздук жактан, айрыкча учак жерге коноюн деп жатканда көйгөй жаратары.
Учактар үчүн жаралган коркунуч чоңбу?
Негизинен коркунуч аябай курч турат.
2020-жылдын аягында АКШдагы RTCA уюмунун баяндамасы чыккан. Ал уюм авиация маселелери боюнча техникалык нускамаларды чыгарат. Өзүнүн баяндамасында алар “алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөсө, катастрофалык бузулуулар көптөгөн адамдын өлүмүнө алып барышы мүмкүн” деп эскертишкен.
Жакында эле АКШнын авиациясын көзөмөлдөгөн FFA уюму 5G жыштыгы Boeing 787 Dreamliner учагынын бортунда ар кандай системаларды көйгөйгө учуратарын эскертти.
Натыйжада учактын жайыраак конуусу оорлошуп, учуп-конуу тилкесинен чыгып кетүүгө түрткү болушу ыктымал.

Учуунун коопсуздугу кантип сакталат?
Олуттуу тоскоолдук коркунучу жаралган учурлар болсо, учактарга альтметрлерди (бийиктикти өлчөгүчтү) колдонууга уруксат берилбейт.
Бирок бул айрым учактардын конуу жөндөмүн чектейт. Мисалы, айлана жакшы көрүнбөй калган шарттарда.
Ири он компанияны камтыган “Американын авиакомпаниялары” (Airlines for America) уюму аба ырайы начар болгон кезде 1000ден ашуун каттамдын кармалып калуусуна же учпай калуусуна алып барарын айтып эскерткен. Айрым учурларда бул “саякатка чыккан жүргүнчүлөрдүн же жүк жөнөткөндөрдүн көпчүлүгүн негизинен жерге кондурууга” туура келерин билдирет.
Ошондой эле уюм АКШнын аба бекеттериндеги көпчүлүк жайлар коюлган чектөөлөрдөн улам “пайдаланууга жараксыз деп табылышы” мүмкүн экенин билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
5G колдонгон башка мамлекеттерде да ушундай көйгөй барбы?
Бирдей деңгээлде эмес. Анын себеби 5G байланышы ар башка өлкөдө ар кандай деңгээлде ишке киргизилүүдө.
Европа Биримдигинде, мисалы, байланыш тармагы АКШда пландалып жаткан жыштыкка салыштырмалуу төмөнүрөөк жыштыкта иштейт. Бул жыштыктардын бири-бирине жолтоо болушунун алдын алат. 5G түркүктөрү дагы азыраак кубат менен иштөөгө жөндөмдүү.
Ошентсе да айрым мамлекеттер ыктымал коркунучтарды азайтуу үчүн кошумча чараларды көрүп коюшкан.
Францияда аэропорттордун айланасында “буфердик зона” деп аталган жайлар бар. Анда 5G сигналдары чектелген. Жыштыктардын бири-бирине тоскоолдук жаратуусунун алдын алуу үчүн антенналарды дагы төмөн көздөй ийип коюу кажет.
АКШнын бийлиги эмне кылайын деп жатат?
АКШдагы көзөмөлдөөчү мекемелер эбак эле көптөгөн чараларды көрүп коюшкан.
FFA уюму 50 аэропорттун айланасында убактылуу буфердик зоналарды негиздеди. Аталган аймакта 5G байланышын камсыздаган компаниялар өз иш аракеттерин чектемекчи. Бирок ал зоналар Францияда колдонулган аймактардан бир топ кичинекей. АКШдагы өткөргүчтөр бир топ эле жогорку даражадагы кубаттуулукта иштейт.
Ал 5G байланышы орнотулган аймактарда кайсы альтметрлерди коопсуз түрдө пайдаланууга болорун жана кайсыларын алмаштыруу керек экенин да аныктай баштаган.
Уюм радио альтметрлерди эмес, жакындай баштаган учакты башкаруу үчүн колдонулган GPS системасы кайсы аэропорттордо бар экенин аныктаган.
Бирок авиакомпаниялар бул алар үчүн жетишсиз экенин айтып көшөрөт. Алардын ишендиришинче, 5G тармагы аэропорттордон негизинен 3 километрдей аймактын ичинде ишке берилбеши кажет.
5G компаниялар эмне деп жатышат?

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
АКШдагы Verizon жана AT&T компаниялары 5G тармагын ишке киргизүүнү “убактылуу” кийинкиге жылдырып турууга макулдашты.
Туруктуу чечимге келгенге чейин сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чакта айрым 5G түркүктөрү ишке киргизилбей турмакчы.
Бул учактын бортундагы системаларга ыктымал тоскоолдуктарды азайтуусу кажет. Өз билдирүүсүндө АКШнын президенти Жо Байден аталган кечигүү 5G тармагын кеңейтүүгө тиешеси бар түркүктөрдүн болжолдуу 10% гана таасир этерин айтты.
Компаниялар буга чейин 5G тармагын ишке киргизүүнү эки жолу кийинкиге жылдырып, жогоруда белгиленген убактылуу буфердик зоналарга токтолушкан.
Эки компания тең кечигүү боюнча нааразычылыгын билдирди. AT&T компаниясы 5G кызматын баштоо үчүн бийлик өкүлдөрүнүн эки жылы болгонун айтты.
Ошондой эле алар 5G байланышы 40тай өлкөдө эбак эле ишке ашырылганын белгилешти.
Өткөн айда АКШдагы CTIA уюмунун зымсыз өнөр жай бөлүмү авиация индустриясын “коркуу сезимин жайылтууда” деп айыптап, 5G кызматын ишке киргизүүнү кечиктирүү менен чыныгы экономикалык зыянга жол ачылып калышы мүмкүн экенин эскертти. (EA)












