Бир нече күнгө созулган кагылышуудан кийин Таиланд менен Камбоджа сүйлөшүүгө макулдашты

Эки жак тең анын тынчсыздануусу жана аракеттери үчүн ыраазычылык билдиришкенине карабастан, жекшембиге караган түнү аткылоолор уланды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Таиланд менен Камбоджа өткөн жумада тутанган жаңжалды токтотууга аракет кылуу максатында дүйшөмбү күнү Малайзияда сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдашты. 24-июлда чек арада куралдуу кагылышуулар башталгандан бери, кеминде 33 жоокер жана жай тургун каза тапты. Таиланд менен Камбоджанын миңдеген жарандары үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Ишемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкөнүн лидерлерине телефон чалып, ок атышууну дароо токтотууга чакырды. Жекшемби күнү Таиланддын премьер-министринин милдетин аткаруучу Пхумтам Вечаячай баштаган делегация сүйлөшүүлөргө катышарын билдирди. Таиланд өкмөтү Камбоджанын премьер-министри Хум Манет да сүйлөшүүлөргө катыша турганын Малайзия билдиргенин айтты.

Шотландиядагы өзүнүн жеке гольф талаасына болгон сапарынын башында Дональд Трамп Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасына эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугуп, ок атышууну токтотуу жана тынчтыкка жетүү боюнча сүйлөшө турганын жазды.

Эки жак тең анын тынчсыздануусу жана аракеттери үчүн ыраазычылык билдиришкенине карабастан, жекшембиге караган түнү аткылоолор уланды.

Камбоджа Трамптын ок атышууну токтотуу талабын кабыл алды, Таиланд болсо эки өлкөнүн ортосунда диалог жүргүзүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Камбоджа ок атышууну токтотууну буга чейин эле сунуштаган. Анын куралдуу күчтөрү Таиланддын армиясына салыштырмалуу алсызыраак болгондуктан, артиллериялык жана абадан жасалган соккулардан улам техникасын, позициясын жоготууда.

"Мен (Трампка) тез арада жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга Камбоджа макул экенин ачык айттым",- деди премьер-министр Хум Манет телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин.

Ал Трамптын ортомчулугу көптөгөн жоокерлердин жана карапайым тургундардын өмүрүн сактап калууга чындап жардам бере турганын кошумчалады.

Таиланд болсо ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирип, бирок кайра эле алгач Камбоджа менен түз диалогго баруу зарылдыгын талап кылып жатат.

Вечаячай "президент Трампка анын тынчсыздануусу үчүн ыраазычылык билдирип, Таиланд ок атышууну токтотууга макул экенин" айтты. Бирок Таиланд Камбоджанын чын ыкластуу ниетин көргүсү келет",- деп жазылат Таиланддын тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Тынчтык жок - соода сүйлөшүүлөрү дагы жок

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Трамп Камбоджа жана Таиланд менен соода сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга үмүттөнүп жатканын, бирок согуштук аракеттер токтобой турган шартта мындай сүйлөшүүлөрдү өткөрүү орунсуз экенин билдирди.

АКШ бул маселеге Камбоджа менен Таиланддан келген товарларга бажы төлөмдөрүн киргизүүнүн алдында, бир жума мурун аралашты.

1-августтан тартып, бул өлкөлөрдөн товар ташыган америкалык компаниялар жаңы келишимге жетишпесе, 36 пайыздык салык төлөшү керек болот.

Бул окуяга Трамп кандайча аралашып калганын түшүнүү кыйын. Себеби болгону бир күн мурун Таиланддын тышкы иштер министри Марис Сангиампонгса: "Азырынча үчүнчү тараптын ортомчулугуна муктажбыз деп ойлобойм", — деп айткан эле.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим дагы Таиланд менен Камбоджанын сүйлөшүүлөрүнө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген болчу.

Ишемби күнү Камбоджа Таиландды кагылышууларды токтотуп, талашты тынч жол менен чечүүгө чакырган.

АКШ президенти Дональд Трамп Шотландиядагы өзүнө таандык Trump Turnberry гольф-клубундагы оюндан кийин Камбоджа жана Таиланддын премьер-министрлери менен сүйлөшкөнүн билдирди.

"Баары аткарылып, тынчтык орногондо, мен эки өлкө менен соода келишимдерин түзүүнү чыдамсыздык менен күтөм",- деп жазды Трамп.

Таиланд менен Камбоджа бири-бирин согуштук аракеттерди баштоого айыптап жатат.

Таиланддын билдирүүсүндө, кагылыш Камбоджанын аскерлери чек арага жакын жердеги Таиланддын аскерлерине дрон аркылуу тыңчылык кыла баштаганда чыкты.

Камбоджанын айтымында болсо, Таиланддын аскерлери буга чейин макулдашылган келишимди бузуп, кхмер- индус храмы тарапты көздөй жылган.

Конфликттин өзөгү

Бангкок менен Пномпень Прэахвихеа жана Та Моан Тхом деген эки тарыхый храм комплексин талашып келатканына жүз жылдан ашты.

Эки өлкө ортосундагы чек ара негизинен XIX кылымдын экинчи жарымында, Камбоджа Франциянын Индокытай колониясынын курамына кирген учурда аныкталган.

1962-жылы БУУнун Эл аралык соту Прэахвихеа храмы Камбоджага тиешелүү деген чечим чыгарган. Бирок талаштуу аймактарга жакын жерде чек арадагы кагылышуулар токтобой келет.

2008-жылы Пномпень талаштуу аймактагы XI -кылымга таандык храмды ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине каттоого аракет кылган.

Бул аракет чыңалууну ого бетер күчөтүп, кийинки жылдары болгон кагылыштарда эки тараптан жети адам (анын ичинде аскерлер да, жарандар да) каза болгон.

Ушул жылдын май айындагы кагылышууда камбоджалык жоокер набыт болгондон кийин эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу кайрадан күчөдү.