Тонгадагы вулкандын катуу таасири дүйнө жүзүндө байкалды
Визуалдык журналистика тобу, BBC News

Сүрөттүн булагы, NOAA
Ишемби күнү Тонгада ири көлөмдөгү вулкан атылып, саналуу сааттын ичинде эле Тынч океан боюнча цунамиге себеп болду.
Толкундар Австралияда, Жаңы Зеландияда жана Жапонияда, ошондой эле Түндүк жана Түштүк Американын батыш жээктеринде байкалды.
Анын артынан зыянды эсептөө үчүн Жаңы Зеландия менен Австралия кемелерин жөнөткөн.
Тонгага азык-түлүк жана таза суу жеткирүү үчүн 200дөй адам күрөк жана арабалар менен Тонганын башкы аэропортунун учуп-конкуу тилкесин тазалоо менен алек. Вулкандын натыйжасында Тынч океан аралдарын бүт күл каптап калган.
Үч кишинин каза болгону айтылууда: эки жергиликтүү тургун жана бир Британиянын жараны.
Тонганын өкмөтү вулкандын атылышын “болуп көрбөгөндөй кырсык” деп сүрөттөдү. Вулкан атылганда газ, түтүн жана жанар тоонун сыныктары асманга 20 километрдей бийиктикке чейин бүркүлүп чыккан.
Атмосферадагы катуу толкундар дүйнө жүзү боюнча байкалган. Төмөндө атылган вулкан жөнүндө түшүндүрүп беребиз.
Тонга кайда жайгашкан?
Тонга 170тей аралдан турат. Алардын көпчүлүгүндө адамдар жашабайт. Арал өлкө Австралиянын чыгышында 3300 километр аралыкта жайгашкан.
Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай вулканы борбор шаардын түндүгүндө 60 км аралыкта болгон.

Ишембиде вулкандын ортосу чөгүп, сууга сиңип кеткен.
Эки сааттан кийин ал кыйратуучу күч менен атылып чыккан.
Вулкан атылып чыккан соң ал жана анын айланасындагы жер жоголуп кеткен.

Атылуунун натыйжасында атмосферада ири толкундар пайда болуп, анын ылдамдыгы 300м/с түзгөн.
Дүйнөнү аркы бөлүгүндө, Европада, басымдын өзгөргөнү 15 сааттан кийин байкалган.

Жарылуу Тынч океаны боюнча, Фижиден Аляскага чейин угулган.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Цунами канчалык тез тарады?
Цунами толкундары Тынч океаны боюнча тез арада тарап кетти.
Ал Жаңы Зеландияга беш сааттын ичинде, ал эми Аляскага 10 сааттан кийин жетип барды.
Эксперттердин айтымында, сыныктардын океандын түбүнө түшүүсүнөн жана суунун үстүнө толкундун басымынан улам цунами пайда болгон болушу мүмкүн.
Толкундар жекшемби күнгө чейин уланып, Австралияда дүйшөмбүгө чейин катталган.

Цунами толкундары өтө бийик болбосо да кадимки толкундарга караганда кыйратуучу күчкө ээ.
Кадимки толкун жээкти жууп, кайра артка агып келүүсү үчүн 15 секунда керектелет.
Австралиядагы айрым цунами толкундары 1 метрден бийик болгон эмес, бирок 30 секундага чейин созулган.
Алар жээкке 15 секундага чейин агып барып, анан кайра кайтканда 15 секундадай убакыт өткөн.
Вулкан эмне үчүн катуу атылды?
Вулкандын мынчалык катуу атылуусунун так себептерин эксперттер азыркы күнгө чейин талдап жатышат.
Айрымдардын оюнча, вулкандан бүркүлүп чыккан ээриген магманын ылдамдыгы чоң роль ойногон болушу мүмкүн.
Вулкан газы толуп калган магма деңизде өтө тез ылдамдыкта аракетке өткөндө буунун катмары аны муздатууга үлгүрбөй калат.
Ошол “от-муздаткыч аракеттенүүсү” ири химиялык жарылууга себеп болорун айтышат изилдөөчүлөр.
Тереңирээк жайгашкан суулар аны басып коюшу мүмкүн эле, бирок бул вулкандын үстүңкү бөлүгү деңиз астында болгону 150-200 метрде турган.

Азыр кырдаал кандай?

Сүрөттүн булагы, MAXAR TECHNOLOGIES
Тонга менен байланыш жалпысынан кыйрап калды. Ошондуктан кыйроонун масштабын эсептеп чыгуу кыйын болууда.
Интернет жана телефон байланышы аябай чектелген. Айланадагы аралдарда байланыш өчкөн.
Кызыл Чырым уюмунан айтышкандай, жардам көрсөткөн агенттиктер тарабынан колдонулган спутник телефондор асманды күл каптап калгандыктан жакшы иштебей жатат.
Аталган уюмдун эсеби боюнча, 80 миңдей киши цунамиден жабыр тарткан болушу ыктымал.
Вулкандан кийинки чаң суу жеткирүү системаларын зыянга учураткан болушу ыктымал. Ошондуктан тургундарга бөтөлкөдөн суу ичүү жана беткап тагынып жүрүү айтылган.
Жаңы Зеландиянын өкмөтү келтирилген зыянды эсептөөгө жардам берип жатат. Жаңы Зеландиянын өкмөтүнүн айтымында, Тонганын негизги аралы Тонгатапунун батыш жээги “олуттуу зыянга” учураган. (EA)
Графикалардын авторлору: Sana Dionysiou, Gerry Fletcher жана Sandra Rodriguez Chillida












