Тынч океанда вулкан атылды: Жаңы Зеландия Тонгадагы зыянды эсептейт

Тонгада вулкан атылды

Сүрөттүн булагы, TONGA GEOLOGICAL SERVICES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вулкан бир нече күн атылган. Бул сүрөт жарылуу цунамиге себеп болгонго чейин бир күн мурда тартылган

Ири көлөмдөгү вулкан атылып, цунамиге себеп болгондон кийин Жаңы Зеландия келтирилген зыянды эсептөө үчүн учак жөнөттү.

Жанар тоо бүркүлүп чыккандан кийин Тынч океанды күл каптап, электр жарыгы өчтү жана байланышты үзгүлтүккө учуратты.

Кызыл Жарым Ай жана Кызыл Чырым Эл аралык федерациясынан (IFRC) Би-Би-Сиге билдиришкендей, 80 миңге чейин киши жабыр тарткан болушу ыктымал.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерндин айтымында, цунами “олуттуу зыян” келтирген.

Азырынча эч кандай адам өлүмү тууралуу маалымат келип түшө элек.

Маалымат тартыш болууда. Бирок Жаңы Зеландия менен Австралия зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн көзөмөл учактарын жиберип жатышат.

Жогоруда аталган эл аралык федерациянын Фижидеги өкүлү Кэти Гринвуд жардам өтө зарыл болуп жатканын билдирди.

“Тонга боюнча 80 миңдей киши атылуунун өзүнөн же цунами толкунунан жана атылуунун натыйжасындагы суу каптоодон жабыр тарткан болушу мүмкүн деп ойлоп жатабыз”, — деди Гринвуд.

“Бул адамдар үчүн үрөй учурган көрүнүш болду. Ошондуктан биз алыскы аралдардагы адамдар үчүн тынчсызданып жатабыз жана алардан чыдамсыздык менен маалымат күтүп жатабыз”.

Тонга
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Суу астынан атылган вулкан ишемби күнү катталган. Күл асманга сапырылып, Тонгага чейин бийиктиги 1,2 метр толкун жетери эскертилди. Атылуу ушунчалык катуу болгондуктан аны Жаңы Зеландиядагылар угушкан. Тонга менен Жаңы Зеландиянын ортосундагы аралык 2,383 км түзөт.

Жаңы Зеландиянын Тонгадагы Жогорку комиссарынын милдетин аткаруучу Питер Лунд билдиргендей, вулкандын күлдөрү каптап калгандан кийин арал өлкө “Айдагы көрүнүшкө” окшоп калган.

Жасинда Ардерн жекшембиде билдиргендей, чаң суу камсыздоо системасын зыянга учуратып, таза суу муктаждыгын курчутуп жатат.

Жардам көрсөткөн уюмдардан айтышкандай, күлдөн улам бийлик өкүлдөрү адамдарга бөтөлкөдөн суу ичүүнү жана өпкөлөрүн коргоо үчүн беткап тагууну айтышкан.

Асманды күл каптаган кезде видеолордон машиналардын тыгыны пайда болуп, адамдар төмөн жайгашкан аймактардан машинасы менен кетүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Бир нече сааттан кийин Тонгадагы интернет жана телефон байланышы өчүп, аралдагы 105 миң тургунду дээрлик байланышсыз обочолонтуп койду.

Тонга

Сүрөттүн булагы, CONSULATE OF THE KINGDOM OF TONGA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Социалдык тармактагы сүрөттөрдөн цунами толкундарынан улам суу каптаганын көрүүгө болот

Чоң атылуу болгонго чейин вулкан бир нече күнгө чейин бүркүлүп турган. Тонганын Метеоролгиялык агенттиги айрым аймактарда күкүрттүн жана аммиактын жыты келип жатканын айтып эскерткен.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерндин айтымында, аралдын айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы калыбына келтирилип, мобилдик байланыш акырындык менен иштей баштады. Бирок жээкке жакын аймактарда кырдаал кандай экени белгисиз.

Достору жана үй-бүлөсү менен байланыша албай жаткан Австралиядагы жана Жаңы Зеландиядагы көптөгөн тонгалыктар жакындарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатышат.

Фатиманын айтымында, Тонганын борбору Нукуалофада ресторан иштеткен кесиптешинен кабар ала албай жатат.

“Аябай жаман болду, баарыбыз жакшы болуп кетет деп үмүт кылабыз”, — деди ал Би-Би-Сиге. “Ал жакка карантинден улам көп убакытка чейин туристтер барбай калган, эми болсо вулкан атылып”.

Спутниктен тартылган сүрөттөрдөн көрүнгөндөй, айрым алыскы аралдарды толугу менен деңиз суулары каптап калган.

Эксперттердин айтымында, Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай вулканынын атылып чыгуусу соңку ондогон жылдагы эң чоңу болгон.

Анын натыйжасында Жапония, АКШ сыяктуу мамлекеттерде цунами эскертүүсү берилип, Калифорниянын жана Алясканын айрым жээктеринде суу ташкыны катталды.

Цунами жакынкы аралдарда эле эмес, Тынч океандын айланасындагы жээктерде толкундарга себеп болгонун изилдөөчүлөр түшүнүүгө аракет кылышмакчы.

Алдыңкы күндөрдө жана апталарда алына турган маалыматтар эмне болгонун ачык-айкын түшүндүрүп бермекчи. (EA)