You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Коркунучтуу прецедент". Жогорку сот Трамптын иммунитети бар деп чечти
Жо Байден Жогорку Соттун мурдагы президент Дональд Трамптын аны кылмыш жоопкерчилигинен куткарган жарым-жартылай иммунитети бар деген чечимин «коркунучтуу прецедент» деп атады.
Дүйшөмбүдө судьялар президент «расмий иштерине» иммунитети бар, ал эми «расмий эмес иштерине» иммунитети жок деп чечим чыгарышып, ишти биринчи инстанцияга кайра кароого жиберишти.
Аракеттеги президент бул чечим «мыйзамдын үстөмдүгүн» бузат, америкалыктарга анын пайдасынан зыяны чоң болот деп билдирди.
Анын алдында Трамп сот чечимин демократиянын «чоң жеңиши» деп атаган.
«Биздин конституция менен демократиянын чоң жеңиши. Мен америкалык болгондугум үчүн сыймыктанам!» — деп жазды ал Truth Social социалдык тармагына.
Жогорку Соттун үч либералдуу судьясы бул чечимге каршы болушту. Судья Соня Сотомайор мындан кийин кайсы президент болбосун, расмий бийлигине жамынып, каалаганын кыла берет деп билдирди.
«Бүгүнкү чечим мурдагы президентке аны кылмыш жоопкерчилигинен куткарган кол тийгистик берип, президенттик институтту өзгөртөт",-деп жазды ал. "Биздин демократияга тынчсызданып, мен бул чечимге каршы чыктым".
Соттун чечими Трампка козголгон кылмыш ишин кароону дагы кечеңдетти. Эми соттун биринчи инстанциясы Трамп кандай иштерди президент катарында аткарганын аныкташы керек. Бул ишти кароого бир нече ай кетиши мүмкүн. Кандай болбосун, сот процесси ноябрда болуучу президенттик шайлоодон эрте башталышы да күмөн.
Февралдын аягында Жогорку Сот Трамптын апелляциясын кароого макул болгон. Ал 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетинде өзүнүн иммунитети болгон эмес деген сот чечимин талашып чыккан.
Жогорку Сот өткөн жылдын аягында бул арызды кароодон баш тарткан, ошондо иш февралдын башында Колумбиянын Апелляциялык сотуна жиберилип, анда Трампка каршы чечим чыккан. Бирок адвокаттар бул чечимди талашып жогорку сот инстанциясына кайрыла тургандыгын дароо билдиришкен.
Өткөн жылы августта Трампты шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого айыптаган атайын прокурор Джек Смит Трамптын иммунитети бар же жок экенин карап чыгууну Жогорку Соттон суранган.
Соттук териштирүү эң биринчи ушул жылдын 4-мартына коюлган, бирок андан кийин иммунитет боюнча сот чечими чыкканча токтоп калган.
Жогорку Сот мындай ишти биринчи жолу караганы кабарланды.
АНАЛИЗ
Энтони Зуркер, Би-Би-Синин Түндүк Америкадагы кабарчысы
Жогорку Соттун Трамптын соттук куугунтуктан иммунитети бар деген чечими сотту идеологиялык эки жээкке ажыратты. Консервативдүү алты судья атайын прокурор Джек Смитке абдан чоң чек койду. Трампты шайлоого кийлигишкени үчүн жоопкерчиликке тартууга аракет кылып жаткан атайын прокурорго эми бул чекти жеңүү керек болот.
Сот Трамп президент катарында анын конституциялык милдеттерине байланыштуу аткарган расмий аракеттеринде толук иммунитетке ээ деп чечти.
Андан сырткары, башка расмий аракеттеринде да иммунитети бар деп жатат.
Практикалык көз караштан алганда, бул прокурорлор иш козгош үчүн дагы далай мээнет кылыш керек дегенди билдирет. Бирок соттун чечиминде расмий эмес иштери үчүн Трамптын иммунитети жок деп айтылат.
Анын Жо Байдендин жеңишин бекитпесин деп вице-президент Майк Пенске кысым кылганы укуктук бийик стандарттан текшериле турган расмий аракет болуп саналат.
Жогорку Соттун башкы судьясы Джон Робертс президенттин же анын кеңешчилеринин көрсөтмөлөрү же кат-кабарлары сот тарабынан кабыл алынбайт деп билдирди.
Президенттин Капитолийге кол салууга тукурук катары каралып жаткан 6-январдагы комментарийи дагы расмий иш-аракет болуп каралышы ыктымал.
Эми соттун биринчи инстанциясы Трамптын жеке адамдар менен байланышы расмий аракет болгон эместигин карап чыгышы керек.
Сот чечими бул иштин каралышы ноябрдагы шайлоодон ары созулуп кете турганын билдирет. Сот Трампка ал сураган иммунитетти, балким, бүт берген жок, бирок практикалык көз караштан караганда бул мурдагы президент үчүн чоң жеңиш. (КС)