Келечектин автосалону. Кытай кантип планетанын унаа лидерине айланууда?

Сүрөттүн булагы, EPA
Төрт жылдык тыныгуудан кийин Пекинде автосалон кайра ачылды, анда Кытай электрдик келечекке карай өнүгүү жолунда немис, жапон жана америкалык автоунаа өндүрүүчүлөрдөн канчалык алдыда экенин көрсөттү. Салон кытайлар акыры өздөрүнүн электромобилдерине көчүп жатканына, керек болсо, Батыштын базарын ээлеп алуу максаты бар экенине эч кандай шек калтырган жок. АКШ менен Европанын арзан импортко салык салып, өзүнүн автозаводдорун сактап калууга жана күйүүчү май менен жүргөн автоунаалардын доорун узартууга аракет кылганына карабай, кытайдын автоунаалары каптап жатат.
Бээжин салонунда кытайлык өндүрүүчүлөр 2 секундда 100 км/саатка чейин күүлөнө турган электр машиналарын тартуулашты, секундасына бир километрге кубатталып турган керемет батареяларды көрсөтүштү. Ал түгүл, келерки кышта учуучу унааларга заказ алып баштоону убада кылышты.
Кытай автоиндустриясынын дүркүрөп өнүгүшү дүйнөлүк рыноктун дымактуу лидерлерин — немистерди, жапондорду жана америкалыктарды базардан четке сүрдү. Ал эми Кытайдын электромобилдер рыногундагы башкы атаандашы — Илон Масктын Tesla унаасы салондо көрүнгөн да жок.
Маск жакында эле бийликтин протекциясы болбосо, Батыш автоиндустриясы Кытайга атаандаштыкты уттуруп коет деп эскерткен эле.
"Кытайлык автоунаа өндүрүүчүлөр дүйнөдөгү атаандаштыкка эң жөндөмдүү", — деди Маск январь айында инвесторлоруна. - Чынын айтсам, эгер соода тоскоолдуктары болбосо, кытайлар дүйнөдөгү дээрлик бардык атаандаштарын чаңында калтырат деп ойлойм".

Сүрөттүн булагы, EPA
Маск муну өзүнүн жон териси менен сезди. Өткөн жылдын аягында Tesla биринчи жолу электромобилдер рыногунда дүйнөлүк лидердин таажысын колдон чыгарды - Кытайдын BYD компаниясы машинаны көбүрөөк сатты. Кытайлыктар менен жарышам деп Tesla арзан сатып, кирешеден кол жууп жатат.
Кытай деле ошондой машиналарды сатууда, бирок арзаныраак. Маселен, мамлекеттик Dongfeng автозаводу Кытайда, сыртынан Tesla Model 3кө окшош 007 седанды дээрлик 10 миң долларга арзан берүүдө. Ал эми Кытайдын Geely чыгарып жаткан Volvo өзүнүн EX30 моделин Tesla Model Y менен атаандаш кылып көрсөтүп, ага сегиз миң доллар аз сурап жатат.
Күлүгүрөөк, жакшыраак жана чоңураак
Кытай базарды баа менен гана алып жаткан жок. Ал батыш атаандаштарынан моделдердин саны, өндүрүшкө киргизүү ылдамдыгы жагынан да ашып түшүүдө. Кытай машиналарында аватар менен социалдык медиага интеграциядан тартып, караоке менен автономдуу айдоого чейин опциялар жайнайт.
Пекин автосалонунда быйыл 278 модель коюлду, алардын 117 жаңы. Рынокто жүздөн ашуун өндүрүүчүлөр бар, алардын ичинен жыйырмасы ири, калгандары - стартаптар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Атаандаштык жана ар түрдүүлүк дагы өсүүнүн үстүндө: өткөн жылы, мисалы, смартфон рыногунун лидерлери Huawei менен Xiaomi электр унааларын чыгарып баштады. Ал эми Apple Америкада Apple-мобиль долбооруна кол шилтеп койду.
Инженерлери өлкөнүн жалпы кабыл алынган 9-9-6 схемасы боюнча иштеген кытай компаниялары (эртең мененки тогуздан кечки тогузга чейин, жумасына алты күн) моделди иштеп чыгуу - өндүрүш циклин үч же андан көп жылдан бир жарым-эки жылга чейин кыскарта алышты. Батыштын автоунаа өндүрүүчүлөрү азырынча андай эмес: былтыркы Мюнхендеги автосалондо Volkswagen өндүрүшкө жаңы моделдерди киргизүү мөөнөтүн азыркы 4,5 жылдан үч жылга чейин араң кыскартарын билдирген.
Ылдамдык, ар түрдүүлүк жана баадан уттуруунун натыйжасы — Батыш өндүрүүчүлөрү базарын жоготууда.
Volkswagen Кытайда дайыма үстөмдүк кылып келген, ал эми немистердин «Мерседеси», Audi жана BMW люкс классындагы автоунаа болуп эсептелчү. Бирок бул доор тездик менен өтүп баратат.
Кытайда сатылган чет элдик машиналардын катышы биринчи жолу 50% төмөн карай кетти, керек болсо ылдамдык менен ылдыйлоодо – 48%, ал эки жыл мурун 57% болчу.
Бүт планетанын алдында

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытай дүйнөдөгү эң ири унаа базары экенин эске алганда, жарыш катуу болчудай. Ал күйүүчү кыймылдаткыч менен чечкиндүү коштошкон жатат, бирок дагы деле болсо бензин жана дизелдик унааларды чыгарат. Аларды жакыр өлкөлөргө жана Россияга экспорттойт. Украинада согуш башталгандан бери Батыш автоиндустриясына алар түз жете албай калды.
Апрель айында Пекин автосалону ачылаар алдында, Кытайдын унаа базары символикалык чектен өттү. Сатылган жаңы машиналардын 50% дан ашыгы электрдик (электромобилдер же плагин гибриддер) болуп чыкты.
Электрлештирүү ишинде Кытай бүт планетадан алдыда. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайда электромобилдердин үлүшү 45%, Европада — 25%, ал эми АКШда болгону 11% түзгөнүн эл аралык энергетика агенттиги билдирди.
Бул мамлекеттин колдоосу, заряддардын жеткиликтүүлүгү жана керектөөчүлөрдүн жаңылыкка умтулуусунун натыйжасында болуп жаткан өсүш. Бирок негизги себеп — баа. Базардагы айыгышкан атаандаштыктын жүрүшүндө өндүрүүчүлөр капиталды чачып, машиналарды арзан сатып, баалардын кармашы болууда.
Натыйжада, электр моделдеринин жарымынан көбүнүн баасы бензин жана дизелдик машиналардай эле болуп калды. Ал эми Батышта электромобилдер дагы эле жеткиликтүү эмес, бензин менен жүргөн автоунааларга караганда баасы кыйла эле кымбат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кытайлар мындан да жакшы пайдаланууда. Эң ири BYD автоконцерни Atto 3 автокроссерверин өз базарында 20 миң долларга, ал эми Германияда 40 миң долларга сатууда. Март айында компания седан Seagull EV (Honor Edition) үчүн жергиликтүү базарда 10 миң доллар сураса, Латын Америкасында ошол эле машинаны 20 миңге сатууда.
Келечектин машиналары - Батышка, өткөндүкү - Россияга
Кытай соода тоскоолдуктарынан жана Батыштагы атаандаштыктан коркпойт. АКШ буга чейин Кытайдын унааларына 27,5% импорттук салык алып келген. Европа дагы өз рыногун коргоого чечкиндүү даяр, бирок азырынча андай кыла элек.
Натыйжада, өткөн жылы Кытайдан Европага авто импорт эки эсеге көбөйдү жана Еврокомиссиянын божомолуна ылайык, Кытайда чогултулган электро унаалардын үлүшү (Tesla кошо алганда) эки эсеге көбөйөт жана эч кандай чектөө коюлбаса 20% га жетет.
Кытай дүйнөлүк рынокту агрессивдүү түрдө басып алууда. Өткөн жылы ал 1,2 миллион электр унаасын экспорттогон — бул 2022-жылга караганда 80 % көп деп белгилейт IEA.
Ал эми жалпысынан экспорт 58% өсүп, 4,9 миллион машинага жетти, бул Кытайга дүйнөдөгү биринчи орундан Жапонияны сүрүп чыгууга мүмкүндүк берди. Бир жыл мурун Кытай Германияны да басып өткөн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Экспорттун өсүшүнө электромобилдерден тышкары, Кытайдын эски моделдери үчүн жаңы кирешелүү базардын күтүлбөгөн жерден пайда болушу себеп болду — Россия Украинага кол салып, санкцияларга туш болуп, Батыштын унааларын ала албай калды.
Кытайдын унааларын Россияга сатуу өткөн жылы 500 % жогорулады жана кытай статистикасына ылайык 800 миң даанадан ашты. Батыш автоконцерндеринен айырмаланып, кытай өндүрүштү локалдаштырбайт жана атаандаштык жок жерде түз сатуудан максималдуу пайда алат.
Украинага басып киргенден кийин Батыштан Кытайга бурулган Россия дүйнөнүн экинчи ири экономикасына көз каранды болуп калды. Бирок, Батыштан айырмаланып, Кытай технологияны бөлүшүүгө, өндүрүшкө инвестиция салууга же мунай менен газды базар баасында сатып алууга умтулбайт.
Натыйжада, Кытайда электромашиналар жайнап чыгып, Россияга автоэкспорт дүркүрөп өскөнүнө карабастан, электр революциясы Россияны айланып өтүп жатат. Россия эми обочодон чыккан күндө да дүйнөлүк автоиндустрияны кууп жетүү оңой болбойт.
Согуштун айынан өлкө технология, өндүрүш жана инфраструктура (заряддоо, салондор, ремонт) жагынан гана артта калбастан, кирешесин да жоготууда. Анткени ал негизинен чет өлкөгө мунай сатуудан гана киреше табат, анын негизги кардары болсо - Кытай. Ал эми электрлештирүү мунайга болгон суроо-талапты азайтууда.
Он жылдан кийин дүйнөдө сатылган ар бир экинчи машина электрдик болот деп божомолдогон IEA мунайга болгон суроо-талап суткасына 10 миллион баррелге кыскарат дейт. Бул азыр бүт америкалык транспорт керектеген көлөм. (МА)








