Мектепке ыктыярдуу төлөм: Президент каршы

Сүрөттүн булагы, social media
Бүгүн президент Садыр Жапаров мектептерге ата-энелерден кошумча төлөм алуу жөнүндө билим берүү министринин сунушуна караманча каршы экенин билдирди.
Бул туурасында 13-августта, мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган кызматтын башчысы Эрбол Султанбаев билим берүү министрлигинин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келерин белгилеген.
“Андан сырткары, буга окшогон кошумча төлөм төлөө механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Ал тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат”,-деди Султанбаев.
Ошондой эле, ал мамлекет башчысы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин айтып келгенин, ар кандай шылтоолор менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керектигин эскертти.
Министрдин сунушу
Мектептерге ата-энелерден кошумча төлөм алуу жөнүндө билим берүү министринин демилгеси социалдык тармакта талкуунун жаңы барагын ачкан. Бул канчалык мыйзамдуу болот жана кымбатчылык жакадан алып турганда анын кереги бар беле деген суроо көп болууда. Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелердин мектепке акчалай жардамынын укуктук механизмин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлады.
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ата-энелердин мектепке жардам иретинде акча жыйноо жөнүндө сунушту бейшембидеги басма сөз жыйынында ортого салган.
“Окуу имараттарын кармаганга ата-энелер взнос төлөп турса деп атабыз. Ал бир жылда бир жолу белгиленген сумма болот. Биз муну ата-энелер менен кеңешип чечебиз”,-деди министр.
Ата-энелердин мектепке бере турган жардамы канча сумма экени азыр так эмес, министр болжолдуу түрдө шаарда миң сом, айылдарда сегиз жүз сом кылсак кандай болмок деген суроо салган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул маселенин көп жагы бар. Биринчиден, Кыргызстандын Конституциясында акысыз билим берүү кепилденип жазылган. Ошондуктан мектепке акча чогултуу баш мыйзамга каршы келип, ар бир баланын конституциялык укугун бузуу катары каралышы мүмкүн.
"Бүгүнкү күндө Конституцияда, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын үч беренесинде бул бакыйып жазылып турат. Мамлекет толук эмес жана толук орто билимди бүтүндөй мойнуна алат, акысыз. Демек, бул коомчулуктан нааразылыгын туудурушу мүмкүн",-дейт агартуу ишмери Асылбек Жооданбеков.
Бирок андай эмес деген башкача көз караштар да болууда.
“Кошумча төлөм киргизүү Конституцияга каршы келбейт”,-дейт жарандык активист Анара Дауталиева. –Анткени, ата-энелер билимдин сапатын эмес, инфраструктураны каржылашат. Алар аны азыр деле жасап атышат, окуу жайларда бор, тряпкадан баштап эмерек-техникасына чейин сатып беришүүдө”.
Ырас, мектепке ыктыярдуу түрдө ата-энелер өздөрү акчалай жардам бере алышат. Бирок ыктыярдуулук принцип сакталарына эч ким ишенбейт, анткени азыр деле айрым мектептердеги ата-энелер фондуна акчаны мажбурлап жыйнаган учурлар көп.
Аны түздөн түз мектепке эмес, ата-энелер түзгөн фондуга жыйнап, пайдаланышат. Андан сырткары, мектепке балдарын алпарган ата-энелер "ыктыярдуу жардам" бербесе, директорду ыраазы кылбаса, маселе оң чечилбейт.
Ата-энелер түзгөн фондко акча чогултууга мектептин директорунун да, мугалимдердин да тиешеси болбош керек. Бирок иш жүзүндө андай фонддорду башкарууга мектеп директорлору өздөрүнүн жакын тааныштарын коюп алышат. Ошондуктан андагы каражатты директорлор каалагандай калчай алышат дешет. А эми фондко акча чогултууну уюштурууну мугалимдерге, класс жетекчилерге жүктөп коюшкан. Мугалимдер өз кезегинде ата-энелерди кысымга алат.
Ошондой арыз болуп калган учурларда акчаны ата-энелер өздөрү чогултуп атат, коомдук фонддордун ишине директор менен мугалимдер кийлигише албайт деп администрация дайыма четке чыга берет.
“Мыйзам боюнча алар мектепке кирип, бардык окуучулар эч кимисинин социалдык абалына карабай бул фондко акча төлөшү керек деп талап кылганга укугу жок”,-деди министр Болотбек Купешев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кошумча төлөм жөнүндө сунушту туура деп кабыл алгандар да, кабатыр болуп каршы чыккандар да болууда.
“Мен ойлойм, ата-энелер бир жылда бир жолу миң сом төлөп турса, эч нерсе болбойт. Мектепти колдоп турбаса болбойт да, мамлекет каржылай албай жатпайбы”,-дейт Минара Жумасанова.
Каршы болгондор анын кымбатчылык каптап, пандемия менен карантинде эл жакырланып жаткан учурда көтөрүлгөнүн сынга алышууда.
“Ошол эле миң сом кээ бир үй-бүлөлөр үчүн чоң акча. Бир айда миң сом таппаган үй-бүлөлөр кантет. Төрт баласына төрт миң сом кайдан табат?”,-дейт ноокаттык мугалим Кундуз Арапова.
Ошол эле учурда мектепке жыйналган акчанын максаттуу жумшалышы дагы өзүнчө көйгөйлүү маселе экени айтылууда. Ага директорлор чеңгелин салбайт дегенге ишенич аз дешет.
«Эмнеге? Мектеп директорлору, завучтарды байытыш үчүнбү? Машинеден машина алмаштырып, участок сатып алсын үчүнбү? Менин балам окуган мектепте мындай учурлар болгон. Билим берүү министри баарын жакшылап ойлонот деп үмүт кылам»,-деп жазды Фейсбукка Назгүл Бекболот кызы.
Мамлекет ата-энелерден акча чогулткандын ордуна коррупционерлер кусуп берген миллиарддаган каражаттарды эмне үчүн билим берүүгө жумшабайт деп суроо койду журналист Алмаз Исманов.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алты айда коррупцияга каршы күрөштөн уурулар алты миллиард сом жыйналганы жөнүндө жакында эле отчет берген эле. Ошол эле убакта УКМК кызматкерлерине үйлөр салынып, мамлекеттик чиновниктерге акчалай сыйлыктарды берүү жөнүндө маселе каралып жатканда билим берүүгө акча жок деп ата-энелерге кайрылуунун өзүн туура эмес деп жатышат.
Министрликтин мектепке кошумча төлөм жөнүндө сунушу азыр расмий түрдө боло элек. Анын үстүнөн азыр жумушчу топ иштеген жатат.
Бул Министрлер Кабинетинде акылдашып, бышкандан кийин гана элге долбоору чыгарылат болуш керек. Жогорку Кеңештин да колдоосу болбосо, ишке ашпайт. Анткени, кеп Баш мыйзам кепилдеген негизги укук жөнүндө болуп жатпайбы. (КС)












