Жанкечтини көздөй мээленген ракета

АКШ Кабулдагы жанкечтинин унаасын ракета менен күм-жам кылды

Америкалык аскер күчтөрү Кабулду көздөй ракеталык сокку урганын Пентагон тастыктады. Дрон менен учурулган ракета автоунаада отурган жанкечтини көздөй мээленген. Маалыматка караганда, "Ислам мамлекети" тобунун афган филиалынын тапшырмасын алган жанкечти Кабулдун аба майданына теракт жасаганы бараткан.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кабулдун калкынын арасында өлүм-житим жок. Кайталанган жардыруулар жанкечти отурган автоунаада көп сандагы жардыргыч заттары бар болгонун көрсөтөт деп жатышат.

АКШ жанкечтинин автоунаасына сокку урушканын "Талибандын" өкүлү дагы ырастаганын Ассошиэйтед пресс билдирди. (КС)