Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишиминен чек араны кайтарууга жардам сурады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Интерфакс” тараткан маалыматка караганда, Тажикстан Ооганстан менен чек араны кайтарууга ЖККУдан жардам сурады. Чек аранын бир тобу бийик тоо арасында, жалгыз бул иш колдон келбейт, деп билдирди Тажикстандын бул уюмдагы туруктуу өкүлү Хасан Султанов.
“Бул кырдаал бизден ЖККУнун алкагында адекваттуу чара көрүүбүздү талап кылууда, анын ичинде түштүк чегибизди коргоо потенциалын бекемдешибиз керек”,-деди ал шаршембиде ЖККУнун туруктуу кеңешинин видеконференция форматында өткөн жыйынында.
ЖККУнун туруктуу кеңешинин жыйынына анын башкы катчысы Станислав Зась катышты.
ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет. 2021-жылы уюмда Тажикстан төрагалык кылууда. ЖККУнун ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөрү бар.
6-июлда ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров оперативдүү топ менен Тажикстанга келип, Ооганстан менен чек арадагы кырдаалды карап баштады.
АКШ жана анын союздаштары ушул жылдын 11-сентябрына чейин мөөнөт коюп, Ооганстандан аскерин чыгарып кетүүдө. Алар кеткен сайын Ооганстанда “Талибан” кыймылы күчүнө келип жатат. Талибдер май айынан бери эле чабуулга өтүп, көп райондордо өкмөттүк армияны сүрүп чыгарууда.
Алардын чабуулуна туруштук бере албай, Ооганстандын бир жарым миңден ашык өкмөттүк аскери Тажикстандын аймагына кире качты.

Сүрөттүн булагы, TAJIK BORDER TROOPS
Талибан менен АКШ баштаган НАТО күчтөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, эл аралык күчтөр өлкөдөн буга чейин алар көзөмөлдөгөн райондордо экстремисттик топтор келип алып чаң-тополоң салбайт деген шартта чыгып кетишүүдө.
Бирок Талибан өкмөттүк күчтөр менен согуштук аракеттерди токтотуудан баш тартып, соңку маалыматтар боюнча өлкө аймагынын үчтөн бирин өз көзөмөлүнө алды.
СССР таркагандан кийин тажик-ооган чек арасын орус чек арачылары кайтарып калган. 2005-жылы чек араны кайтарууну Тажикстан өз колуна алган.
Тажикстанда Россиянын аскердик базасы бар, ал өлкөнүн сыртындагы эң чоң база катары белгилүү. (КС)








