Би-Би-Си Кыргыз кызматына жетекчи тандоого сынак жарыяланды

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сынак жарыяланды. Жумуш орду Лондон шаарында болот. Келишим түрү – туруктуу.

Коюлган негизги талаптар:

  • Кыргыз жана англис тилдерин мыкты деңгээлде билүү;
  • Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди жана эл аралык темаларды талдай билүү;
  • Мультимедиалык контент жаратуудагы бай тажрыйба жана аналитикалык жөндөм;
  • Команданы башкаруу жана стратегия иштеп чыгуу жаатындагы тажрыйба;

Документтер 1-апрелге чейин кабыл алынат.

Негизги милдеттер жана талаптар тууралуу бул шилтеме аркылуу толук маалымат алыңыз.