Би-Би-Си Кыргыз кызматына жетекчи тандоого сынак жарыяланды

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сынак жарыяланды. Жумуш орду Лондон шаарында болот. Келишим түрү – туруктуу.
Коюлган негизги талаптар:
- Кыргыз жана англис тилдерин мыкты деңгээлде билүү;
- Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди жана эл аралык темаларды талдай билүү;
- Мультимедиалык контент жаратуудагы бай тажрыйба жана аналитикалык жөндөм;
- Команданы башкаруу жана стратегия иштеп чыгуу жаатындагы тажрыйба;
Документтер 1-апрелге чейин кабыл алынат.
Негизги милдеттер жана талаптар тууралуу бул шилтеме аркылуу толук маалымат алыңыз.




