Аляскадагы саммит: Путин менен Трамп эмне жөнүндө макулдашат?

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си орус кызматы

15-август, жума күнү АКШ менен Орусиянын президенттери Украинадагы согушту жана мүмкүн болгон тынчтык келишимин талкуулоо үчүн жекеме-жеке жолугууга ниеттенүүдө. Бирок азырынча Путин так эмнени сунуштайт, Трампка кандай шарттар туура келет жана Украина менен Европа аларга макул болобу же жокпу — белгисиз бойдон турат. BBCнин баяндамачынын айтымында, азырынча бир гана нерсе айкын: Аляскадагы саммиттен Владимир Путинден башка көбүрөөк пайда таба турган адамды элестетүү кыйын.

Вашингтондо эмне деп жатышат?

Өткөн жума күнү, 8-августта Дональд Трамп жарыялаган ультиматумдун мөөнөтү аяктады. АКШ президенти Украина менен тынчтык келишимине карай жылыш болбосо, Орусияга жана анын соода өнөктөштөрүнө карата болуп көрбөгөндөй санкцияларды убада кылган эле.

Июлдун аягында Улуу Британиянын премьери Кир Стармер менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Трамптан анын Путин менен жолугушуусу Украинада ок атышууну токтотууга жардам бере алабы деп сурашкан. "Мен мындан ары сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмесмин", — деп жооп берген Трамп.

Бирок андан кийин Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барып, Путин менен сүйлөшкөн. Ал сүйлөшүүнүн жыйынтыгы АКШ президентин канааттандырып, натыйжада Трамп менен Путин Аляскада жолукмай болду.

"Аймактарды алмашуу"

Стив Уиткоффтун Москвага сапарынан кийин Дональд Трамп Орусиянын Украинага каршы согушунда ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Bloomberg агенттиги жазгандай, бул тууралуу ал Зеленскийге жана европалык лидерлерге да кабарлаган.

"Трамптын айтымында, Путин аймактарды алмашуу маселесин талкуулоо шартында тынчтык сүйлөшүүлөрүн башташы мүмкүн",- деди Bloomberg агенттигине маектешкен адамдар.

Кийинчерээк айрым кошумча маалыматтар чыга баштаган. Bloomberg кырдаалдан кабардар булактарга таянып Вашингтон менен Москва Украинадагы согушту токтотуу келишимине жетишүүгө умтулуп жатканын, ал макулдашуу Орусия согуш маалында басып алган аймактарды өзүнө калтыруу маселесин камтышы мүмкүн экенин жазды.

Мындай келишимдин алкагында Орусия Донбасс менен Крымды өзүнө алууну каалайт.

"Бул үчүн Украинанын президенти Володимир Зеленский Луганск жана Донецк облустарынын Киев көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу буйрук бериши керек", — деп жазган Bloomberg.

Агенттиктин булактары ырастагандай, ага жооп катары Москва Херсон жана Запорожье аймактарында чабуулун токтотот.

Булактардын айтканында, макулдашуунун максаты — согушту убактылуу токтотуп туруп, толук тынчтык келишимине жетүү боюнча техникалык сүйлөшүүлөргө жол ачуу.

Ошол эле маалда Wall Street Journal басылмасы бул сунуштар көптөгөн суроолорду жаратат деп жазды. Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Запорожье менен Херсон облустары боюнча тактоо киргизүү үчүн Вашингтон менен үч ирет байланышты: Путин азыркы фронт линияларын тоңдуруп, бул аймактардан аскерлерди чыгарып кетүүнү көздөп жатабы же аларды толук көзөмөлдөөнүбү?

Басылма сүйлөшкөн америкалык чиновниктин айтымында, Путин эки аймакта согушту азыркы фронттук абалда токтотууну сунуштаган. Андан кийин Орусия Запорожье менен Херсонду толук көзөмөлгө алуу максатында Украина менен аймактарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бирок мындай "алмашуунун" алкагында Украина кайсы аймактарды алары таптакыр белгисиз бойдон калууда.

Үчүнчү жолку телефон сүйлөшүүдө гана Уиткофф европалык чиновниктерге Орусиянын сунушу эки этаптан турарын айткан.

Биринчи этап — украин аскерлерин Донецк облусунан чыгарып, фронттук линияларды өзгөртпөй токтотуп туруу.

Экинчи этап — Путин менен Трамп соңку тынчтык планын макулдашып, андан кийин аны Зеленский менен талкуулашат. Бул тууралуу европалык чиновниктер анонимдүү шарт менен билдирди.

Кырдаалга Ак үй деле тактоо киргизсе болмок, бирок алар "Орусия, Украина жана европалык союздаштарыбыз менен болгон кылдат дипломатиялык сүйлөшүүлөргө урмат иретинде Ак үй маалымат каражаттарында пайда болгон деталдарга комментарий бера албайт",- деп жооп берди. Макулдашуунун чоо-жайы тууралуу Кремль да үн каткан жок.

Украина менен Европанын шарттары

Трамптын "аймактарды алмашуу" тууралуу сөзүнө Украина президенти Володимир Зеленскийдин реакциясы күтүлгөндөй эле болду. Киев бул маселе боюнча өз позициясын бир нече жолу билдирген.

"Украинанын аймактык маселесине жооп Конституцияда жазылган. Мындан эч ким артка кайтпайт жана кайта албайт. Украиналыктар өз жерин баскынчыга белек кылбайт", — деди Зеленский.

"Украина тынчтык алып келе турган реалдуу чечимдерге даяр. Бирок бизге каршы, биз жок кабыл алынган чечимдер — бул тынчтыкка каршы чечимдер. Алар эч нерсе бербейт. Бул өлүк чечимдер, алар эч качан иштебейт", — деди Украина президенти.

Европа лидерлери жалпысынан Зеленскийди колдоду. Украинанын келечеги боюнча сүйлөшүүлөр анын катышуусунда жана ок атышууну токтотуу шартында гана жүргүзүлүшү мүмкүн экенин сүйлөшүүлөр менен кеңешмелердин жыйынтыгында жарыяланган биргелешкен билдирүүдө айтылды.

Бул билдирүүгө Франция, Германия, Улуу Британия, Италия, Финляндия жана Польшанын лидерлери, ошондой эле Еврокомиссиянын башчысы кол койду.

Билдирүүдө "тынчтыкка жетүү жолу Украинанын катышуу жок аныкталбай турганы" жана эл аралык деңгээлде таанылган чек араларды күч менен өзгөртүү мүмкүн эместиги айтылды.

Ошол эле учурда европалык лидерлер "аймактарды алмашуу" вариантын толук четке каккан жок, бирок ал адилеттүү жана негиздүү шарттарды камтышы керек дешет.

Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, европа өлкөлөрү жана Украина каршы сунушун даярдап, аны АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф, Кит Келлог менен бөлүштү.

Каршы сунуштун маңызы төмөнкүчө: биринчиден, алгач ок атышууну токтотуу зарыл, андан кийин гана аймактарды алмашуу маселеси каралышы мүмкүн; экинчиден, тараптар бирдей жеңилдиктерге баруусу керек — эгер Украина Орусияга айрым аймактарды берсе, ордуна Орусия да башка аймактарын бериши керек.

Wall Street Journal'дын айрым булактары муну так мисал менен түшүндүргөн: эгер Украина Донецк облусун берсе, анын ордуна орус аскерлери Запорожье жана Херсон облустарынан чыгып кетүүгө тийиш.

Мындан тышкары, Европа лидерлери менен Украина, эгер Киев аймактык жеңилдик берсе, анда сөзсүз түрдө күчтүү коопсуздук кепилдиктери менен Украинанын НАТОго кошулуу мүмкүнчүлүгү да камтылышы керек деп баса белгилешти.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да аймактарды алмашуу мүмкүн экенин четке каккан жок. Ал ABC News телеканалына курган маегинде, сөз юридикалык эмес, факты жүзүндө Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактарды таануу жөнүндө болушу мүмкүн экенин айтты.

"Сөз Украинанын аймагы тууралуу болот. Бул коопсуздук кепилдигине гана эмес, Украинанын өз келечегин өзү аныктоо укугун таанууга байланыштуу. Украина толук суверендүү мамлекет болуп, өзүнүн геосаясий багытын өзү тандашы керек. Анын куралдуу күчтөрүнүн санына эч кандай чектөө болбоого тийиш. Ал эми НАТО үчүн — альянстын чыгыш тарабындагы чек арада өз күчтөрүнүн болушуна эч кандай чектөө болбошу шарт", — деди Рютте.

Жекшемби күнү Европа дипломатиясынын жетекчиси Кая Каллас да ушул темага кайрылды. Анын айтымында, бул маселеде эл аралык укук ар кандай түшүндүрмөгө жол бербейт: убактылуу оккупацияланган бардык аймактар Украинага гана таандык.

"Келишим Орусиянын Украинага, трансатлантикалык альянска жана Европага каршы кийинки агрессиясына трамплин болуп бербеши керек", — деди Каллас.

Bloomberg маалыматы боюнча, европалык лидерлер Трамп менен Путиндин жолугушуусуна чейин АКШ президенти менен сүйлөшүп, бардык көйгөйлүү маселелерди талкуулап алууну каалап жатышат.

Аляскадагы саммит Путин үчүн белек болуп калабы?

Елизавета Фохт, Би-Би-Си орус кызматынын баяндамачысы:

Аляскадагы саммиттен Владимир Путинден башка көбүрөөк пайда таба турган адамды элестетүү кыйын.

Үч жарым жыл бою АКШ баштаган батыш өлкөлөрү (Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенге чейин) орус лидерин изоляциялоого жакшы эле аракет кылды. Ошондуктан, жума күнү боло турган жолугушуунун жыйынтыгы кандай болбосун, АКШ президентинин чакыруусу менен Америкага баруу Кремль үчүн чоң жетишкендик.

Айрыкча саммит өтө турган Аляска мурда Орусиянын аймагы болгондугу символикалуу мааниге ээ.

Бул саммит Москва үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп жаткандай көрүнүүдө. Бир жума мурун эле маалымат каражаттары жана эксперттер Трамптын Владимир Путинге ультиматум койгон катуу мамилесинин жыйынтыгы кандай боло турганын жоромолдоп жатышкан.

Эми ультиматум жөнүндө эстеген эч ким жок: негизги маселе Путин жолугушууга чейин жок дегенде кандайдыр бир компромисстерге макул болдубу жана Трамп Украина менен анын европалык өнөктөштөрүнүн позициясын эске алабы? Конкреттүү убадасыз жана жыйынтыксыз саммит Путинди гана канааттандырат.

Москва толук жеңишке жетти деген тыянакка келүү азырынча эрте. Соңку алты айда Дональд Трамптын маанайы бир нече жолу кескин өзгөргөнү байкалды.

Март айында Зеленскийди зекигенден кийин, АКШ президенти Владимир Путинден көңүлү калганы тууралуу айтып, Украинага аскерий колдоо көрсөтүүнү (Европанын эсебинен болсо да) убада кыларын элестетүү кыйын эле.

Тескерисинче, Кремлге каршы коркутууларга өткөн Трамптын күчөгөн нааразычылыгын басаңдатуу мүмкүн эместей көрүнгөн. Бирок Стив Уиткоффтун Москвага сапарынан кийин (саясатчылар жана дүйнөлүк маалымат каражаттары ал Путин менен эмне жөнүндө макулдашканын дагы деле түшүнө электей) кырдаал кайра өзгөрдү.

Ошондуктан көп нерсе Трамптын Аляскада Путин менен жолуккандан кийинки маанайына жараша болот.

*Орусия бийлиги Елизавета Фохтту "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизген. Би-Би-Си бул чечимге катуу каршы чыгып, сот аркылуу аны жокко чыгарууга аракет кылууда.