You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өзүн император Петрга теңеген президент Путин
Орус президенти Владимир Путин орус жерлерин кайтаруу менин миссиям, тарыхый озуйпам деп жарыялады. Орус президенти бул кебин жаш ишкерлер жана окумуштуулар менен жолугушуусунда айтканы да символикалык терең мааниге ээ. Петрдун 350 жылдыгына арналган "Пётр I. Империянын жаралышы" деп аталган форумда өзүн император Петрга теңеди.
“Петр I Түндүк согушун 21 жыл бою жүргүздү. Бир караганда Швеция менен согушуп, айрым жерлерди тартып алгандай көрүнгөнү менен, эч кимден эч нерсе тартып алганы жок, чындыгында жерлерди кайтарды, мамлекетти чыңдады. Биздин маңдайга да ушул озуйпа жазылган экен, түпкүлүктүү дөөлөт, биздин барчылыкты аныктаган милдеттерди биз чечүүгө тийишпиз, колубуздан келет",- деп бекем айтты.
Путиндин ушул сөздөрү куру чечендик, популисттик маанайдагы риторика эмес. Катуу билдирүү, келечектүү тезис. Россиянын буга чейинки аракеттерин түшүндүргөн, тигил же бул кадамдарын актаган тарыхый негиздеме, саясий багыттама, тыштагы айрым бирөөлөргө кооптуу эскертүү, ичтеги орус коомчулугуна жагымдуу, бириктирүүчү идея, мобилизациялык ураан. Орус бийлигинин мындан аркы тышкы саясатын аныктоочу иедологема.
Орус саясий элитасы бир ооздон бул кепти кубаттап кетти. Расмий медиа мейкиндикте катуу кеп болду. Батыш укту, башкасы да эшитти. Орус императорунун мааракесине утурлай уюштурулган ушундай форумдарда президенттин жардамчысы, Орус аскерий-тарыхый коомунун башчысы В. Мединский, Россиянын тышкы чалгын кызматынын директору, Орус тарых коомунун башчысы С. Нарышкин Путиндин тезисине маанилеш билдирүү жасады.
Форумдардын катар-катар уюштурулуп, Путиндин тезисинин кабат-кабат кайталанышы, саясий элитасынын окшош сөздөрүнүн бекем чыгып отурушу орус өкмөтүнүн мааракеге гана эмес, мааракеде айтылчу билдирүүгө, андан кийинки кадамдарга эбактан бери даярданганы кашкая көрүнүп турат. Эң сонун сценарий, оңтойлуу учур, эл-журтка ылайык кеп, тышка карата өктөм сөз.
Президент Путин бекеринен тарыхый параллель кылып отурганы жок. Орус коомчулугу үчүн Петр I позитивдүү тарыхый образ, анткени ал - орус калкынын камын жеген падыша, орус журтуна кылган кызматы артык, санаты кымбат инсан. Европага эшик ачкан жол башчы. Улуу реформатор. Жеңишчил кол башчы. Орус мамлекетин чыңдаган орошон саясатчы. Көйкашка акылман. Россиянын коомдук пикиринде ушул аныктамалар басымдуу. Кремлге жакын социологиялык борбор ВЦИОМ мааракеге тушташ жүргүзгөн сурамжылоо да Петрду калктын көбү кадырлай турганын, анын Европага жол ачкан, орус флотун түптөгөн, армиясын чындаган жаангер колбашчы катары биле турганын жарыялады (https://rg.ru/2022/06/09/dym-petrovskogo-otechestva.html).
Демек Россия АКШ жана Европа менен катуу кармашып, кандаш бир тууган эсептелген Украинага бүлүк салган, калган журтка түйшүк жараткан “атайы аскерий операциясы” создугуп жатканда, Европага жол ачылбай эле, туташ санкцияга тушугуп, элди кыйнап турган чакта азаптуу, узак болсо да жеңишчил согуш – тарыхый зарылчылык, ыйык миссия эсептелинип, катаал болсо да жеңишкер колбашчынын образы жардамга чакырылып отуру. Дегеле саясатта, динди жайылтууда, байлык талаш, так талашта жараткандын осуятына, бабалардын керээзине, тарыхый муктаждыкка шылтоо, эл эңсеген жыргалчылыкка, көктөн түшкөн озуйпага, ыйык мураска такоо боло келген иш. Бул ошол бак талаш менен так талаштын идеологиялык негиздемеси катары универсал мүнөзгө ээ. Адамзат башынан кечирген согуштардын көпчүлүгүнүн түпкү себеби - бийлик жана байлык талаш, ал эми идеологиялык негиздемеси - “ыйык миссия жана мураска калган милдет”.
Орусиянын АКШ жана Европа менен кармашы апогейине жакындаган сайын окуялардын да мүнөзү катуулады. Кармашта четте калуу барган сайын кыйындады. Аны Россия да, АКШ менен Европа да улам күчөп, улам бир мамлекеттен тигил же бул формада, ачык жана кыйыр талап кыла баштады. Орус-украин кармашы эл аралык укуктун ансыз деле дискредитациялана баштаган, тандамал колдонмо принциптери менен жоболоруна биротоло шек келтирди. Эл аралык саясатта чоң өзгөрүүлөр жүрүүдө. Айрым аналитиктерге жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу кеп козгогонго түрткү берди. Унутулган терминдер тирилип (денацификация, демилитаризация, геноцид, эл аралык аскер трибуналы, адамзатка каршы кылмыш ж.б.), жаңылары жарала баштады. Айрымдары актуалдуу термин болуудан калды.
Бир кезекте Россиясы да, Европасы да, АКШ менен Кытайы да бирдей мааниде колдонгон “коопсуздук архитектурасы”, “стабилдүүлүктүн бүтүндүгү” түшүнүктөрү бүгүн орток түшүнүк эмес. “Жалпы коопсуздук архитектурасы” бороондо кумдан курулган сепилдей абалда туру. Терминология эл аралык саясатта чоң мааниге ээ. Саясатты аныктоочу, чагылдыруучу идеологема экендиги талашсыз. Москва “бизге силер өз демократияңарды таңуулабагыла, ар өлкөнүн тарыхый жолуна жараша “суверендүү демократиясы” бар деген түшүнүктү ойлоп таап, бетке кармаган. Россия күч-кубатка толуп, империялык амбициясы ойгоно баштаганы улам жаңы идеологемаларды жана терминдерди жаратып, мазмунун байытып, күчөтүп, конкреттештире баштады.
Мындан он чакты жыл мурда президент Путин Федералдык жыйынга кайрылуусунда алгач колдонулган “сбережение нации” жөн гана демографиялык ураан эмес экенин мезгил тастыктады. Россия лидеринин тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү зарылчылыгы боюнча кеби, улуу орус мамлекетинин кимдир бирөөлөргө тартуулаган мамлекеттүүлүгү жөнүндө тезисттери, биз кезде улуу орус мамлекетине таандык аймактар тууралуу макалалары Россия Крымды кайра ээлеп алган соң конкреттүү мазмунга ээ боло баштады. Орус-украин жаңжалы Кремлдин айрым сөздөрү тарыхый окуяларга көз караш эмес, реалдуу саясат экенин айгинеледи. Тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, “эзелки жерлерди кайтаруу” тарыхый доомат эле эмес, конкреттүү, максаттуу стратегия экени бышыкталды. Москва ички жана тышкы коомчулукка айткан ар бир тезис логикалык байланышка ээ, кокус жаралбаган, келечектеги кадамдарды кыйыткан билдирүү, билгендерге чакырык, айрымдарга опуза экенин орус бийлиги соңку 20 жыл ичинде мыктап далилдеди.
Эми минтип Петрдин доорунан үч кылымдан соң орус бийлиги ыйык озуйпаны аткарып, Петрдун “улуу ишин улантып, анын жолун жолдогону” турат. Айтууда ыйык озуйпаны аткарып жатыптыр. Озуйпага негиз болгон аныктамага абай салалы.
“Петр жер басып алган эмес, нукура орус жерлерин Россияга кайтарган”. Талаштуу тезис. Анткени Петрдин согуштарына чейин орустар Балтика, Кара деңизге жана Каспий деңизине чыга алган эмес, Борбордук Азияга жаңы гана экспедиция уюштуруу ниети пайда боло баштаган. Кавказ Россия таасиринен алыс эле. Путин кайтарам деген жерлер орус эмне экенин билген, бирок оруска баш иймек тургай тооптогон, оруска чейин өз алдынча мамлекеттерге таандык, Петр жана андан кийинки императорлор, кийин Совет өкмөтү ээлеп алган аймактар, орустан алда канча мурда жаралган мамлекеттердин мураскерлери болуп эсептелет. Эгер Путиндин логикасына жетеленсек, анда Петр жана андан кийин ээленген аймактарды тарыхый ээсине кайтаруу алда канча адилеттүү иш, кыйла калыс кеп болмок. Путиндин тезисин Путин өзу айткандай ассиметриялык, күзгүдөй чагылтып, кайра Россияга колдонсо не болорун болжош кыйын. Муну көздөгөн эч бир мамлекет жок деш да кыйын. Ар кандай тарыхый доомат адекваттуу жопко татыктуу. Эл талаш, журт талашта жеңгенге жеңилгени түбөлүк макул болгон эмес, болушу арсар.
Европага ачылган “эшик” да шамалга карай бирде ачылып, бирде жабылып турган каалгага окшош. Россия өзүн өзү аңдоодо, өзүн цивилизациялык идентификациялоодо Европа менен Азиянын ортосунда кимге көбүрөөк ыктаарын так айта албайт. Диндик идентификацияда да Европадан айырмалуу. Европа Россияны табышмак өлкө, Азияга көбүрөөк окшош, Европага жат, чоочун цивилизация деп билет. Бекеринен Уинстон Черчилль “Россия – бул табышмакка оролгон табышмак” деп айтпагандыр. Европа менен Азиянын тогошкон жериндеги бул географиялык абал Россиянын артыкчылыгы, бирок Европа да, Азия да бул өлкөнү арабөк катары ар кимиси өзүнөн алыс, бөтөн эсептейт.
Петр Европага эшик ачкандан кийин бир жарым кылымдан соң гана крепосттук укуктан азаттыка чыгууга кадам таштаган. Россия дээрлик жарым кылым ашык “темир көшөгө” артында, Европа таасиринен тыш өмүр кечирди. СССР ыдыраган соң тышка алды-артын карабай бой таштап, кайра тез эле чанып, өзү менен өзү калгысы келип, анысын “самостийность” (“самость”) деп атап, Европага сыртын салды. Бирок Европаны илгери бир ирет көргөн орус офицерлери самодержавиеден, крепостук укуктан кандай кутулгусу келсе, азыр да Батыш менен Чыгыштын даамын татып калган орус коомчулугу дагы итапкан жыл бою “санкциялык көшөгө артында” калгысы келбейт чыгар.
Россия Европа үчүн бейтааныш, коркунуч, Россия үчүн да Европа негизги маселе, чоочун бойдон калганын соңку окуялар айкындады. Тилекке каршы, Украинадага согуш кайсы бир деңгээлде русофобиялык маанай жаратты. Эми да Россия менен Европа негизги атаандаштар катары катуу кармашып турган кези. Чочулоо, ишенбөөчүлүк канчага созулары белгисиз, бирок кесир-кесепети арбын экени талашсыз.
Ушул шартта килейген ири мамлекеттин башчысынын жерлерди орус карамагына кайтарам, катылгандардын сазайын колуна берем (ассиметриялык жооп кайтарам), тарыхый миссиябыз ушу деп жар салып, чамынып турушу жаңы сыноолорду жаратпай койбойт. Бери болгондо чакырык ташталды. Ким кандай жооп берет, аны мезгил көрсөтөт.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер, тарыхчы
P.S. Автордун көз карашы Би-Би-Синин позициясын чагылдырбайт.