You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан БУУнун күрөө тамырын кармай алабы?
Абдыбек Казиев, Данияр Өскөнбаев, Би-Би-Си
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гуттериш Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга да келди. Ал Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мындан сырткары жарандык коомдун кээ бир өкүлдөрү менен да кездешти.
Садыр Жапаров Кыргызстан БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлегенин, 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүнү максат койгонуна токтолду.
Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү болсо Гуттериш менен кезигип, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, сөз эркиндиги тууралуу маселелерди козгошконун, жакында эле абактан бошотулгандар тууралуу өз божомолдорун жүйө келтиришкенин журналисттерге айтып берди. Борбор калаада болсо Алга Кылычевдин жакындары нааразылыкка чыгып, Гуттериштин сүрөтү тартылган плакатын да кармап турушту.
Гуттериштин Кыргызстанга расмий иш сапарындагы эң маанилүү маселелердин бири - БУУдагы Коопсуздук кеңешине Кыргызстандын мүчөлүк планы болду. Уюмдагы эң таасирдүү делген кеңешке Кыргызстан буга чейин бир да жолу мүчө боло элек.
Би-Би-Си Кыргызстандын мындай умтулуусу канчалык реалдуу деген суроо менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылды.
Эдил Байсалов: Туура, президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине убактылуу мүчөлүк үчүн талапкерлигин койду. Сөз аталган кеңештин 2027-2028-жылдардагы ишмердиги тууралуу жүрүп жатат. Анын шайлоосу болсо 2026-жылдын жай мезгилинде өтөт. Учурда биздин негизги бир эле атаандашыбыз калды, ал Филиппин. Биздин дипломаттарыбыз азыр ушул боюнча иш алып барып, өнүккөн, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Биз 2011-жылы биринчи жолу талапкерлигибизде коюп, бир нече добуш менен Пакистан мамлекетине утулуп калганбыз. Бул азыркы учурда эл аралык саясаттагы приоритетибиз десек болот.
Би-Би-Си: Аталган кеңештин убактылуу мүчөлүгүнө кирүү Кыргызстанга эмнени берет?
Эдил Байсалов: Бул албетте, биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн, БУУнун теңата мүчөсү болгонубуздун дагы бир көрсөткүчү. Албетте суверендүү мамлекет катары биз дагы планеталык, глобалдык масштабдагы саясий, коопсуздук маселелерине катышабыз, биз дагы өз оюбузду, үнүбүздү билдиребиз, тегерек столдо өз ордубуз дагы, укугубуз дагы бар деген мамлекеттик ордубузду жана өсүп жетилген даражабызды билдирет.
Би-Би-Си: Эгер бул максат ишке ашып, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп кала турган болсо Кыргызстан үчүн кайсы маселелер приоритет болот?
Эдил Байсалов: Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык, биз глобалдык масштабда тоо саясаты, тоо өнүгүү маселелери, ошол эле климаттын өзгөрүшү боюнча Кыргызстан өзүнө лидерлик ролун алды. Жакында эле Бонндо, былтыр Дубайда, күзүндө Бакуда өтө турган конференцияларда дагы биздин чоң приоритеттерибиз бар.
Мамлекетибизге расмий сапары менен келген БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш мырзанын айтымында дагы Кыргызстан туйлаган тулпардай, өзүнүн динамикасы бар, өнүгүп жаткан, оптимизмге ээ болгон мамлекет катары белгилүү болдук. Ички саясатыбызда дагы, тышкы саясатыбызда дагы дүйнөлүк масштабдагы коопсуздук маселелерде, геосаясий маселелерде дагы эгемендүү мамлекет катары оюбузду билдирүүгө умтулабыз.
БУУ, Коопсуздук кеңеши деген эмне?
Коопсуздук Кеңешинин эң алгачкы жыйыны 1946-жылы өткөн.
Кеңеш жалпысынан он беш мүчөдөн турат. Кытай, Франция, Улуу Британия, АКШ жана Орусия Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болуп саналат. Калган он мүчөсү Генералдык Ассамблеяда шайланат.
Анда негизинен талапкер өлкөлөрдүн БУУнун эл аралык тынчтыкты сактоо, коопсуздук жана башка максаттарына карата ишмердигине өзгөчө көңүл бурулат. Мындан сырткары географиялык тең салмактуулук маселеси да эске алынат.
Кеңешке убактылуу мүчөлүк эки жылдык мөөнөт менен белгиленет. Ар бир мүчө мамлекеттин бирден өкүлү болот. Аталган кеңеште согуш, тынчтык, конфликттерди чечүү жана алдын алуу сыяктуу коопсуздукка байланышкан эң талылуу маселелер каралат.
Анда чыр-чатакты алдын алуу, ырбатпоо же чечүү боюнча сунуштар берилет. Айрым учурларда санкция (каржылык бөгөт, курал-жарак эмбаргосу, товар жана чийки затка чектөө жана башка тыюулар) салуу мүмкүнчүлүгү да бар.
1966-жылдан бери карай 31 жолу санкция режими киргизилген.