Токмоктогу дөңгөлөк заводу кандай иштеп жатат?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод

Сүрөттүн булагы, Official

"Кумтөр" ишканасынын Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун сыноо иретинде ишке киргенине эки жылдан ашты. Убагында бул Борбор Азиядагы теңдеши жок уникалдуу ишкана боло турганы айтылып, таштанды дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү аркылуу экологияга дагы, экономикага дагы олуттуу салым кошо турганы айтылган. Муну менен катар ишкананын ишинин ачык-айкындыгы негизги талаптардын бири болушу зарыл дегендер дагы жок эмес.

"Айлана-чөйрөгө зыяны жок"

"Кумтөр" ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводунун башчысы Александр Сметанин май айында Би-Би-Сиге маалымат берип жатып, завод тесттик режимде иштеп жатканын билдирген.

Айтымында ишкана ачылгандан тартып 10 миңден ашуун ар кандай жана 1 миң 200дөй ири көлөмдөгү эски дөңгөлөктөр кайра иштетилип, резина күкүмдөрүнө айландырылган.

Заводдо орнотулган жабдуулардын кубаттуулугу болсо саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштетүүгө ылайыкталган.

"Бирок, мындай жыйынтыкты тийиштүү энергетикалык инфраструктура жана инженердик тутумдар толук кандуу иштеп баштагандан тартып бере баштайбыз. Жогоруда айтып өткөндөй, учурда завод сыноо, башкача айтканда тесттик режимде иштеп жатат. Заводдун цехтеринде курулуш-монтаждоо иштери уланууда. Жыл соңунда бул иш толук аяктап, линиялар толук кубаттуулукта ишке кирет деп жатабыз. Демек, завод толук өндүрүш кубаттуулугуна чыккандан тартып, саатына эки тоннага чейинки дөңгөлөктү кайра иштетип баштайт",- деди ал.

Сметанин курулуш-монтаждоо иштери толугу менен аяктаган соң, завод эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү боюнча атайын лицензия алууну көздөп жатканын кошумчалады.

"Бул бизге "Кумтөр" ишканасынын техникаларынан тышкары дагы эскирген дөңгөлөктөрдү кабыл алып, утилдештирүүгө укук берет. Буйруса, тийиштүү уруксат алынып, лицензиябыз колго тийгенде, завод кардарлар менен иштөөнүн жол-жобосун, тартибин жана баа саясатын иштеп чыгат",- деди ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Буга чейин завод ишке киргенден тартып дөңгөлөктү кайра иштетүүнүн жыйынтыгында "Кумтөр" ишканасынын чыгымдары 30-40 пайызга төмөндөй тургандыгы айтылды эле.

Бул тууралуу суроого жооп берип жатып Сметанин Токмоктогу заводдо топтолгон эски дөңгөлөктөрдүн дээрлик бардыгы кайра иштелгенин кошумчалады.

"Баса белгилей кетүүчү жагдай, "Кумтөр" компаниясы бул калдыктарды утилдештирүү үчүн башка ишканаларга бир да каражат короткон жок. Өзүңөр жакшы билгендей, биздин заводдогу дөңгөлөктөр Кумтөрдөн келет. Демек, биз экономикалык гана эмес, тоодой болуп үйүлүп калчу эски дөңгөлөктөрдөн толугу менен арылып, экологиялык дагы зор пайдасын көрө баштадык. Ири жүк ташуучу техникалардын дөңгөлөктөрүн кайра калыбына келтирүү боюнча цехибиз толук кандуу иштеп, баардык сыноолордон ийгиликтүү өткөндөн кийин "Кумтөр" компаниясы бир топ каражат үнөмдөйт деген планыбыз бар",- деди ал.

Ошондой эле заводдо 100дөй адам туруктуу иш орду менен камсыз болгонун, ишкана толук ишке берилгенден кийин кызматкерлердин саны дагы көбөйө турганын билдирди.

Баардык технологиялык эрежелер так сакталып, иштелип чыккан материалдардын айлана-чөйрөгө зыяны жок экенин айтты.

"Дөңгөлөктөр оңой менен чирибейт жана табиятта жүздөгөн жылдар бою жата берет. Убакыттын өтүшү менен топуракка жана жер астындагы сууларга сиңип, аларды булгашы мүмкүн. Ошондуктан, бул заводдун ишке кириши менен чынында, абдан зор экологиялык көйгөй чечилет. Кумтөрдө жарабаган дөңгөлөктөр жылдап чогула берип, аны утилизациялоо оор маселеге айланган. Ал жакта жарабаган дөңгөлөктөр үйүлүп калчу. Азыр мурункудай топтолгон дөңгөлөктөр жок. Жарабаган дөңгөлөктөр дароо заводго жеткирилүүдө. Демек, бул заводдун экологиялык пайдасы олуттуу",- деди ал.

Цехке соңку үлгүдөгү, заманбап жабдыктар орнотулуп жатканын, дөңгөлөк калдыктарын жок кылууда дүйнөдө эң кеңири тараган ыкмасы колдонуларын баса белгиледи.

"Коомго ачык болуусу керек"

Дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод

Сүрөттүн булагы, Official

Климатты коргоо боюнча эл аралык адис Гүлбара Оморованын айтымында, буга чейин Кумтөрдө таштандыларды бөлүп, кайра иштетүү эң оор маселелердин бири болуп келген.

Айрыкча жарактан чыгып калган дөңгөлөктөр эң кооптуу жана зыяндуу зат катары эсептелип, аларды жок кылуу көйгөй жараткан.

Адис дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши жакшы жышаан экенин белгилейт. Бирок айтымында, мындай өндүрүш өтө татаал жана кылдаттыкты талап кылат. Заманбап технология менен иштөөдө кесипкөй адистерди даярдоонун мааниси чоң.

"Эгерде завод экологиялык нормаларды сактабастан иш алып барса, кайра иштетүү процесси тескерисинче атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышына себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Аны туура иштетпесе потенциалдуу тобокелдиктери өтө көп",- деди Гүлбара Оморова.

Экологдун айтымында, эски дөңгөлөктөрдүн курамында айлана-чөйрөгө өтө кооптуу болгон уулуу заттар камтылган. Алардын арасында коргошун, ар түрдүү желимдер жана химиялык кошулмалар бар. Бул заттар топуракка, сууга жана жалпы экосистемага олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

"Биз куштарды жана биологиялык ар түрдүүлүктү изилдейбиз. Экологияга болгон кайдыгер мамиленин кесепетинен Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр, жаныбарлар, куштар, топуракта жашаган көптөгөн тирүү организмдер жоголуп кеткен учурлар көп. Эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүдө диоксин, фуран сыяктуу зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Бул заттар термикалык иштетүүдөн кандай жол менен өткөрүлүп жатканы өтө маанилүү. Эгерде эреже сакталбаса, кайра иштетүү процесси дагы айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келиши мүмкүн",- деди ал.

Гүлбара Оморова күчтүү кадрлар менен заманбап технологиядан тышкары, мындай ишканалар коомчулук үчүн толук ачык болушу керектигин белгилейт.

"Ал жерде экологиялык мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары ачык көрсөтүлүшү шарт. Пресс-турлар уюштурулуп, жергиликтүү элге дагы толук кандуу маалымат берип, ачык саясат жүргүзүү керек",- деди ал.

Ал Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык айрым экспертизалар тууралуу төмөндөгүдөй деди:

"Бизде экологиялык экспертиза кандай жүргүзүлөт? Эч кандай. Анан эле зыяны жок деген бүтүмдү алып келишет. Бирок ошол жыйынтыкты ким жасады? Ал экспертиза көз карандысыз адистердин катышуусу менен өттүбү? Ким текшерди? Бул чоң суроо. Мындай ишканалар эл үчүн, экологдор үчүн ачык болушу керек. Кумтөрдө абал жакшырды деп жатып, Токмокту ышка толтуруп алуудан сак болуу керек",- деди адис.

Дөңгөлөктүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын августунда сыноо режиминде ишке кирген.

Толук ишке кирүү менен жылына техниканын ар кандай түрлөрүндө колдонулган 2000ге чейин ири габариттүү жана 8000ге чейин орто жана жеңил габариттүү унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтире турганы айтылган.

Өндүрүлгөн продукция Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге дагы экспорттоло турганы маалымдалган.