You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Марс планетасынан суу табылды
Виктория Гилл, Би-Би-Си
Окумуштуулар Марс планетасында суу табышканын, ал таштак, катуу кыртыштын тереңинде жайгашканын айтышты. Мындай ачылыш NASA даярдаган аппараттан алынган маалыматтарды талдоонун жыйынтыгында белгилүү болду. Аталган кеме 2018-жылы Марска конгон.
Бир нече жыл бою илимий изилдөө жүрүп, Марстагы сейсмикалык абал улам жаздырылып турду. Анын добуштары, термелүүнүн кубаты аркылуу сырдуу планетада суу бар экенин аныкташты.
Кызыл планетанын кызыктары
Көп жыл бою окумуштуулар бул планетанын сырларын изилдеп келишкен. Анын бири суу маселесине байланыштуу эле.
Анын сырткы катмарында байыркы дарыялардын издери бар, бирок азыр ал планета какыраган чөлгө айланган.
Бул акыркы изилдөөдө планетада суюк абалындагы суунун бар экени табылды. Ал Марстын түпкү катмарында жайгашкан.
Аны аныктоо үчүн изилдөөчүлөр жер астындагы титирөөлөрдүн динамикасына көңүл бурушкан.
Бул алардын 2018-жылдагы максаты эле. Анда мен НАСАнын лабораториясында болчумун, команда Mars Insight зондунун ийгиликтүү конушун майрамдап жаткан.
Топтолгон бардык маалымат кайра Калифорниядагы НАСАнын миссияны көзөмөлдөө пунктуна жөнөтүлөт.
Анда планетанын түпкүрүндөгү термелүүлөрдү - Марстагы титирөөлөрдү аныктаган сейсмометр бар.
Төрт жыл бою унчукпай тыңшап келген Insight илимпоздорго сейсмикалык кубулуштардын жазуусун топтоп берди.
Эң башкысы ал Марстын ички катмарынын түзүлүшүн көрсөткөн.
Аппарат 1300дөн ашуун титирөөлөрдү каттаган.
Изилдөөчүлөр эми ошол жазууларды ийне-жибине чейин изилдеп, Марстын кантип кыймылдай турганын талдап чыгышты.
Термелүүлөр планетанын эмнеден турарын ачып берет. Ошондой эле алар Марстын таштак кыртышынын тереңинде суунун бар экенин көрсөттү.
"Биз Марста суюктук абалындагы суунун көп экенин аныктадык. Суу планетанын эволюциясын жана климатын калыптандыруудагы эң маанилүү молекула. Биз анын кайсы жерде жана канчалык көлөмдө экенин аныктадык",- дейт профессор Манга.
Марстын жер астындагы суулары 10 километрден 20 километрге чейинки тереңдикте жайгашкан.
Ага жетүү кыйын болот, бирок бул Марстагы жашоонун белгилерин изилдөөдө илимпоздорго дагы бир максатка багыт бериши мүмкүн.
Учурда бул кызыл планетанын миллиарддаган жылга созулган тарыхынын жаңы сырын ачып берди.
НАСАнын буга чейинки изилдөөлөрү
Американын космос агенттиги НАСАнын "Персеверанс" (англисчеден "өжөрлүк") роботу жети ай космосто учуп, Марс планетасына 2012-жылы 18-февралда ийгиликтүү конгон.
Андан бери космостук робот Марстын экваторуна жакын "Езеро" деп аталган кратерден көз жоосун алган сүрөттөрдү жөнөтүп, алар жарыяланган.
Роботтун эң негизги максаты - кызыл планетадагы бактериялык жандыктардын изин иликтөө болгон эле. Окумуштуулар үч-төрт миллиард жыл мурун Марста суу болгонун жүйөө келтирип, демек тирүү жандык дагы болушу мүмкүн деп келишет.
Кызыл планетага жетүүгө 1960-жылдары көп аракет болгон. Миссиялардын жарымы ийгиликсиз аяктаган. Соңку жылдары АКШ, СССР (кийин Орусия), Индия жана Европа Биримдиги Марска аппараттарын ийгиликтүү жөнөткөн эле. Эми бул өлкөлөрдүн катарына Бириккен Араб Эмирлиги менен Кытай кошулду.