You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кумтөрдөгү" коррупция жана Курманбек Бакиев
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Экс-президент Курманбек Бакиев жана мурдагы чоң кызматта турган бир топ адамдар "Кумтөрдөгү" коррупция иши боюнча үч ай мурда сыртынан соттолгонун Биринчи Май райондук соту кечээ жакында эле билдирди.
Коррупция беренеси
Райондук соттун басма сөз катчысы Темир Ильясов ишти судья Марат Сыдыков караганын тактап берди:
“Кылмыш-Жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, ал боюнча мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга мамлекеттик кызматта алектенүүдөн ажыратуу менен он жылга эркинен ажыратылды. Кылмыш-Жаза кодексинин 78-беренеси боюнча буга чейинки өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча Курманбек Бакиевдин мүлкүн биротоло конфискациялоо жана үч жылга мамлекеттик кызматка иштөө укугунан ажыратуу менен 30 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалды. Соттолгон адамдын жаза мөөнөтү кармалган күндөн тарта эсептелери белгиленди. Бул боюнча мурда кабарланганбаганы эч ким сураган эмес убагында”.
Биринчи май райондук соту ушул эле берене менен дагы алты кишиге өкүм чыгарды. Максим Бакиев “Кумтөр иши” боюнча 13 жылга кесилип, бирок буга чейинки ага карата чыккан сот чечимдерине ылайык, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы аныкталды.
Мындан сырткары “Кумтөр иши” боюнча Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеев 12 жылга соттолду. Елисеевге карата дагы мурунку сот өкүмдөрү бар болгондуктан, 30 жыл жаза мөөнөтү чегерилди.
Үч ай мурда өткөн сот ишинин өкүмү эми гана коомчулукка жарыяланып жатышы коомчулукта бир катар суроолорду жаратууда.
Жакында эле Кыргызстанда коомдук комиссия түзүлүп, 2010-жылдагы Апрель, Июнь окуяларын кайрадан иликтөө демилгеси көтөрүлүп жатат.
Комиссияны жетектеген экс-депутат Кубанычбек Исабеков бул жерде саясий өңүт бар экенин жана бул тууралуу соттун жүрүшүндө мыйзамдуулук сакталганбы териштирүү керек экенин айтат:
“Бул Биринчи май райондук соттун чечими 1-мартта эле чыккан экен. Бирок ал жакынкы күндөрү эле жарыяланып жатпайбы. Мындай азыркы соттордун “оорусу” деп айтсак болот. Мисалы, соттун чечими чыккандан кийин бир айдын ичинде райондук соттун чечиминин үстүнөн шаардык сотко кайрылганга акысы бар эле да. Бирок ал мүмкүнчүлүктөн ажырап калышты да. Ким иш козгоду эле? Кайсы судья сотту алып барып, кайсы прокурор ага катышкан? Айыпталып жаткандарга чакырык болуппу? Маалыматым жок болуп атам, мен муну сураштырам. Бирок айтып коеюн, Кумтөр боюнча эң көп күнөө Акаевде”.
Курманбек Бакиевдин иши учурда Бишкек шаардык сотто апелляциялык негизде каралганы жатканы белгилүү болду.
2009-жылдагы Кумтөр келишими
2009-жылы 25-апрелде мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушундагы кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" ортосунда жаңы келишимге кол коюлган. Кыргыз тарап аны мурдакы генералдык келишимден кыйла жакшы деп билдирүү жасап, эки күндөн кийин аны парламент бекитип берген эле. Анда аналитиктер жаңы келишимди чоң сенсация катары белгилешкен. Андагы эң чоң өзгөрүү - "Кумтөрдөгү" Кыргыз тараптын үлүшү 15% дан дээрлик 33% га көтөрүлгөн. Ошол эле убакта “Кумтор оперейтинг компани” жана “Кумтор Голд компани” ишканалары жана башкаруунун бүт баары "Центерранын" көзөмөлүнө өткөн.
“Ал келишим менен алтын табыла турган жердин аянтын көбөйтүшкөн эле. Келишимде мындан ары бир да мамлекеттик кызматтагы адам же уюм Кумтөр маселесин көтөрбөйт, андай боло турган болсо келишимдин шарттары бузулган деп эсептелет деп жазылган. Конституциялык сот аркылуу ошентип алышкан. Ошондуктан бул тууралуу сөз айтканга да мүмкүнчүлүк болгон эмес”- дейт ЖКнын мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков.
Бирок бир жылдан кийин эле Апрель окуялары дүрт этип, андан кийин бийликке келген күчтөр документти коррупциялык келишим деп табышат. 2011-2012-жылдары мамлекеттик комиссия "Кумтөр" долбоорун текшерип чыгып, стратегиялык келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргобойт, андан Кыргызстан экологиялык жана экономикалык чоң зыян тартты деп бүтүм кылган. Анын бир себеби катары “Кумтөрдөгү” ишти “Центерра” өзү башкарып жатканы, кыргыз өкмөтү кенди башкаруудан четтетилгени айтылган.
Бирок мындай айыптарга Курманбек Бакиев өзү жана анын жакындары ынайбы? Быйыл жазында журналист Кадыр Кошалиевге Беларустан берген маегинде Бакиев өзүнө карата экономикалык айып коюуга негиз жок деп билдирген:
“Баарын өздөрү токуп, өздөрү чечим чыгарып койгон. Бул кызык прецендент болуп атат да. Менин жеке оюм ушундай: адилеттүүлүк үчүн мен адвокат жалдайын. Ошол киши барып бүт иштер менен таанышсын. Укканыма караганда мага экономикалык, саясий айыптар коюулуп атыптыр, бирок мага экономикалык жактан эч кандай кылмыш иши жок. Мага, биринчи, Ак үйдүн алдындагы өлгөн балдардын иши боюнча соттолдуңуз деп жатышат. Адвокат таанышсын, андан кийин мен катышайын. Биз бул жерден Лондондун сотуна катышканбыз. Биздин үстүбүздөн бирөө буйрутма өлтүрүүгө тиешеси бар деп арыз жазып, видео аркылуу онлайн биз катыштык. Мен айтып атам процессти өткөрөлүк, ушул жерден мен катышайын. Ачык сот процесси болсун”.
Курманбек Бакиевдин бул интервьюсу коомдо катуу резонанс жаратып, ал Мекенине жакында кайтып келери тууралуу талаш-талкуулар күчөдү.
Бирок президент Садыр Жапаров Беларустагы мурдагы башкаруучу Кыргызстанга келсе эле дароо камаларын 30-майда билдирди.
Жапаров-Бакиев мамилеси
Кыргызстанда соңку жылдары азыркы бийлик мурдагы президент Курманбек Бакиевди актап, өлкөгө кайтарып келүүнүн аракетиндеби деген суроолор коомдук сайттарда көбүрөөк талкуулана баштаган эле. Бирок Садыр Жапаровдун жогорудагыдай билдирүүсүнөн кийин бул суроого чекит коюлгандай болду.
Садыр Жапаровдун саясий карьерасы Курманбек Бакиевдин тушунда жанганы белгилүү. 2006-2009-жылдары ал кездеги президенттик партия -“Акжол” менен парламентке депутат болуп келген. Ошол эле жылдары Бакиевдин кеңешчиси болгону ММКларда жазылат. Кийинчерээк Коррупцияга каршы улуттук агенттиктин директору да болгон. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин өткөн парламенттик шайлоодо Бакиевдерге ыктаган күчтөр менен “Ата-Журт” партиясы аркылуу кайрадан депутат болуп шайланып келген. Кийин бир аз убакыт бозгунда жүргөнү маалым.
Быйыл февралда Садыр Жапаров эгемен Кыргызстан тарыхындагы бардык президенттерди Дубайда чогултуп, ага Курманбек Бакиев да катышкан. Анда да апрелчилер бир козголуп, бирок Садыр Жапаров эгер Бакиевди алып келүү ниети болгондо жолугушуу Бишкекте эле өтмөгүн, бирок ага карата сот өкүмү бар экенин, келсе түрмөгө отурарын айтып, “Кабарга” интервью берген эле.
“Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп төрт жолу суроо-талап жөнөткөн экен. Төрт жолу тең баш тартышкан” - деген эле анда Жапаров.
Курманбек Бакиев Ала-Тоо аянтында каза тапкан бейкүнөө демонстранттардын өлүмү боюнча сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Андан башка Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү, “Азия Универсал Банк”, “Манас Банк” жана Кыргызинвестбанк аркылуу болгон финансылык жана башка бир топ кылмыштар үчүн айыпталган. 2016-жылы Жогорку Сот анын жаза мөөнөтүн кыскартып, 30 жыл чектеген. Себеби, мыйзамдар боюнча жашы 60тан ашкандарга карата өмүр бою жазага кесүү мыйзамга туура келбейт.
Бирок Курманбек Бакиевге Кумтөргө байланыштуу дагы он жылдык мөөнөтү кошулганда деле эмнеге кайра эле 30 жылга соттолду?
“Кылмыштар жыйындысы боюнча жазаларды белгилөөдө эркиндигинен ажыратууну жарым-жартылай же толук кошкон учурда эркиндигинен ажыратуунун эң чоң мөөнөтү жыйырма беш жылдан, ал эми өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча 30 жылдан ашпоого тийиш”, - деди Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматчысы Темир Ильясов.
Анын айтымында, Кылмыш-Жаза кодексинин 49-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 30 жылдан ашык жаза мөөнөткө мыйзам жол бербейт.