Дүйнөдөгү эң кичинекей пил жок болуп кетүү коркунучунда турат
Хелен Бриггс, Би-Би-Синин айлана-чөйрө боюнча кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдөгү эң кичинекей пил жоголуп кетүү коркунучунда турат. Жапайы жаратылышта алардын саны миңге араң жетет, бирок аны сактап калууга али үмүт бар.
Жок болуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын "Кызыл тизмесин" түзгөн IUCN жаратылышты коргоо уюму бак-дарактардын кыйылышынан улам Борнео пилинин жашаган аймагы тарып баратканын билдирди.
Борнео аралын гана байырлаган бул пил Азиянын башка пилдеринен бир метрдей кичине.
Ал өзүнүн жумшак, ойноок мүнөзү менен белгилүү.

Сүрөттүн булагы, CHERYL CHEAH/WWF-MALAYSIA
Кардифф университетинин жапайы жаратылыш боюнча биологдору жана окумуштуулар коргоо иштери аркылуу бул пилди сактап калууга болот дейт:
"Кызыл тизме жок болуп бара жаткан жаныбардын абалы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана колдоону күчөтүүгө жардам берет. Келечектен үмүтүбүздү үзбөйлү. Көптөгөн уюмдар, анын ичинде өкмөт да пилди сактап калуу үчүн аракет кылып жатышат".
Борнео пилдери жүздөгөн же миңдеген жыл бою бул аралды байырлап, материктеги пилдерден бөлүнүп, өзүнчө популяцияга айланган.
Токойлорду массалык түрдө кыюу алардын негизги коркунучуна айланууда. Бул алардын жашаган чөйрөсүн бузуп, адамдар менен кагылышууга алып келет.
Азыр жапайы жаратылышта миңдей гана Борнео пилдери калды, алар негизинен Малайзиянын Борнео аралыдагы Сабах аймагында кездешет.
Лондондун табигый тарых музейинин профессору Адриан Листердин айтымында, бул пилдер жаак түзүлүшүнөн тартып кичине өлчөмүнө чейин көп жагынан уникалдуу.
"Өкмөттөр Борнео пилдерин сактап калуу аракеттерин күчөтөт деп үмүттөнөбүз", - деди ал Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, BABY BORNEO ELEPHANT
Малайзия менен Индонезияда пальма майын өндүрүү жогорку чекке жетти. Бул болсо токойлордун кыйылышына, жапайы жаныбарлардын жоголушуна жана адам менен жапайы жаратылыштын кагылышуусуна алып келди.
Пилдер тамак-аш издеп, киши жашаган аймактарга чейин кирип келүүдө. Айрым учурда эгин талаасына зыян келтиргени үчүн пилдер өлтүрүлгөн мисалдар бар .
Андан тышкары башка коркунучтар да бар, мисалы дагы деле пилдин сөөгүнө аңчылык кылуу токтой элек. Ошондой эле айыл чарбасындагы химиялык заттарга ууланып калган жаныбарлар да болгон, деп билдирди IUCN жаратылышты коргоо уюму.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азия пили Азия континентиндеги эң чоң сүт эмүүчү болуп саналат, түштүк жана түштүк-чыгыш Азияны камтыган 13 өлкөдө жашайт.
Борнеодогу пилдер Азия пилинин өзүнчө түрү катары биринчи жолу IUCN жаратылышты коргоо уюмунун "кызыл тизмесине" кирген.
"Жашоо чөйрөсүнүн жоголушу, адамдар менен жапайы жаратылыштын ортосундагы чыр-чатактар жергиликтүү жамааттарга да коркунуч жаратууда. Борнео пилдерине жок болуп кетүү коркунучунда турат" - дейт ZSLдин жапайы жаратылышты калыбына келтирүү бөлүмүнүн башчысы Майк Хоффман.
IUCN азыр 163 000ден ашык түргө баа берди, алардын 45 000 жок болуп кетүү коркунучунда турат.

Сүрөттүн булагы, MIGUEL A. CARRETERO
Өзүнүн акыркы отчетунда IUCN жаратылышты коргоо уюму башка жактан келген жыландардын чабуулунан улам азайып бараткан Испаниянын Гран Канария жана Ибица аралдарындагы сойлоп жүрүүчүлөрдүн оор абалын баса белгиледи.
Гран Канария гигант кескелдириги жок болуп кетүү коркунучунда турат, ал эми кичинекей Гран Канария кескелдириги 1998-жылы аралга келген калифорниялык падыша жыланына жем болуп калгандан кийин анын популяциясына чоң коркунуч жаралды.

Сүрөттүн булагы, PABLO C. GUERRERO
Чилиде мыйзамсыз соода кактустарга коркунуч туудуруп жатат.
"Европа менен Азиядагы копиапоа кактустарына болгон зор кызыгуу мыйзамсыз сооданын көбөйүшүнө алып келди. Мында коомдук сайттардын да салымы зор", деп билдирди IUCN уюму.
Андан тышкары бул өсүмдүктөргө климаттын улам өзгөрүп жатышы дагы чоң коркунуч туудуруп келет. (MA)












