You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Би-Би-Синин WhatsApp каналдарынын жана жамааттарынын купуялык тууралуу эскертүүсү
Сиздин ишенимиңиз биз үчүн абдан маанилүү. Бул Би-Би-Си сиздин жеке маалыматтарыңыздын купуялуулугун жана коопсуздугун коргоого дилгир дегенди билдирет. Биз мындай жеке маалыматтарды кантип жана эмне үчүн колдонорубузду түшүнүү үчүн бул эскертүүнү окуп чыкканыңыз маанилүү. Купуялыкка байланыштуу бул эскертүү, маалыматтарды коргоо мыйзамына ылайык, сиз биз менен байланышта болгон учуруңузда жана андан кийин сиз жөнүндө жеке маалыматтарды кантип чогулта турганыбызды жана колдоноорубузду түшүндүрүп берет.
Би-Би-Си кандай жеке маалыматтарды чогултат жана биз аларды кантип колдонобуз?
Би-Би-Си сиз биздин каналдарга жана коомчулуктарга кошулуу жана аларга катталуу үчүн өзүңүз бөлүшүүнү тандаган жеке маалыматты чогултат жана иштетет. Ал төмөндө келтирилген маалыматтардын айрымдарын же баарын камтышы мүмкүн.
Жеке маалыматтар
Чогултулушу мүмкүн болгон жеке маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
- WhatsApp профилиңизде көрсөтүлгөн аты-жөнүңүз
- Уюлдук телефон номериңиз
- Көрсөтүлгөн сүрөттөрүңүз
Сүрөтүңүздүн мүнөзүнө жана купуялыкка байланыштуу жөндөөлөрүңүзгө жараша Би-Би-Си сиз ачыкка чыгарууну тандаган, атайын категориядагы маалыматтар деп аталган сезимтал маалыматты чогултуп жана иштетиши мүмкүн. Буга, мисалы, төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
- Сиздин расаңыз же улутуңуз
- Сиздин ден соолугуңуз тууралуу маалымат
- Сиздин диний же философиялык ишенимдериңиз
- Сиздин сексуалдык ориентацияңыз
- Саясий көз карашыңыз
WhatsApp'тагы сүрөтүңүздүн жөндөөлөрүн купуя кылып коюу
Эгер сиз WhatsApp аккаунтуңуздагы сүрөттү баарына көрсөтүүгө уруксат берсеңиз, Би-Би-Си да бул маалыматты көрүшү мүмкүн экенин эске алыңыз. WhatsApp аркылуу биз менен бөлүшкөн жеке маалыматыңызды азайтуу үчүн купуялыкка байланыштуу жөндөөлөрүңүздү "жеке байланыштар үчүн гана" дегенге өзгөртүү сунушталат.
Маалыматтарды көзөмөлдөөчү ким?
Би-Би-Си сиз бизге бөлүшкөн жана Би-Би-Синин түзмөктөрүндө жана системаларында сакталган жеке маалыматтын көз карандысыз маалыматтык көзөмөлдөөчүсү болуп саналат.
WhatsApp сиз колдонмо аркылуу жөнөткөн маалыматтардын көз карандысыз "маалыматтык көзөмөлдөөчүсү". WhatsApp'тын купуялык саясатына жана тейлөө шарттарына да баш ийериңизди эске алыңыз. WhatsApp сиздин маалыматыңызды Meta компанияларынын ичинде бөлүшүшү мүмкүн.
Ар бир көзөмөлдөөчү сиздин жеке маалыматыңызды иштетүү мөөнөтүн жана аны эмне үчүн колдоноорун жана аны иштетүү жолдорун өзү чечет. Күмөн саноолорго жол бербөө үчүн, сиздин жеке маалыматыңыз Би-Би-Си тарабынан ушул купуялык эскертүүсүндө көрсөтүлгөн, Би-Би-Синин WhatsApp каналына жазылууга байланыштуу максаттар үчүн гана чогултулат жана иштетилет. Ар бир көзөмөлдөөчү маалыматтарды коргоо мыйзамын сактоого жана ага шайкеш келерин көрсөтүүгө милдеттүү.
Жеке маалыматыңызды иштетүүнүн мыйзамдуу негизи
Биз жеке маалыматтарыңызды колдонууда сиздин макулдуңузга таянабыз. Бул сиз биздин WhatsApp каналыбызга жазылуу чечимин аң-сезимдүү кабыл алгандыгыңыздан улам болуп жатат. Эгер сиз биздин мазмунду пайдаланууну токтоткуңуз келсе, каалаган убакта каналга жазылууну токтотуу менен макулдугуңузду жокко чыгара аласыз.
Маалыматыңызды бөлүшүү
Би-Би-Си сиздин уруксатыңыз жок жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жактар менен бөлүшпөйт.
Маалыматыңызды сактоо
Би-Би-Си ушул купуялык эскертүүсүндө көрсөтүлгөн максаттарды аткаруу үчүн зарыл болгон мөөнөт ичинде сиздин жеке маалыматтарыңызды иштетет.
Сиздин укуктарыңыз жана кошумча маалымат
Сиздин укук Улуу Британиянын маалыматтарды коргоо мыйзамына ылайык коргоого алынган. Сиз Би-Би-Сиде сакталган өзүңүз жөнүндө маалыматтардын, анын ичинде сиздин Би-Би-Си аккаунтуңуздун чоо-жайын жана жогоруда сүрөттөлгөн маалыматтардын көчүрмөсүн бизде ошол маалыматтар сакталып турган учурда сурай аласыз.
Биз менен [email protected] электрондук почта дарегибиз аркылуу байланышсаңыз болот. Эгерде сизде суроолор болсо же укуктарыңыз тууралуу көбүрөөк маалымат алгыңыз келсе, Би-Би-Синин Купуялык жана cookie файлдары тууралуу саясаты менен төмөнкү дарек аркылуу таанышыңыз: http://www.bbc.co.uk/privacy
Эгерде сизде Би-Би-Синин өзүңүздүн жеке маалыматыңызды кандайча иштеткени боюнча кооптонуу пайда болсо, анда кооптонууңузду Улуу Британиядагы көзөмөлдөөчү органга, Маалымат комиссарынын башкармалыгына (ICO) төмөнкү дарек аркылуу билдирсеңиз болот: https://ico.org.uk/
Купуялык тууралуу эрежелерди жаңыртуу
Эгерде биз сиздин жеке маалыматтарыңызды колдонууга байланыштуу олуттуу өзгөрүүлөр болсо, биз купуялыкка байланыштуу бул эскертүүсүн кайра карап чыгабыз.