АКШдагы шайлоо: Трамп жеңишин жарыялады
- Маалыматтар жаңыланып, толукталып турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Трамптын триумф менен кайтып келиши
Сара Смит, Би-Би-Синин Түндүк Америкадагы кабарчысы
Бул, албетте, АКШнын саясий тарыхындагы драмалуу кайтып келүү.
Трамп Ак үйдөн кеткенден төрт жылдан кийин ал миллиондогон америкалыктардын добушун алып, бул жакка кайтып келүүдө.
Шайлоо өнөктүгү тарыхта калды: Трампка эки жолу кол салуу болду, анын атаандашы кызматтагы президент Жо Байден добуш берүүгө саналуу айлар калганда күрөштөн чыкты.
Добуш санак аягына чыга элек болсо дагы америкалыктардан көбү негизги штаттарда Трампка добуш беришти. Көп шайлоочулар экономика менен иммиграцияны башкы көйгөй катары айтып жатышат.
Бул катуу жеңилүүдөн кийин болуп жаткан триумф. Трамп 2020-жылы Байденге уттуруп койгон шайлоонун жыйынтыгын тааныбай койгон. Анын шайлоонун натыйжасын жокко чыгаруу аракети дагы эле болсо кылдат изилденүүдө.
Трампка 2021-жылы 6-январда Капитолийде болгон тополоң окуяларда тукурук жасады деген күнөө коюлган. Ошол эле убакта ал документтерди бурмалагандыгы үчүн соттолгон биринчи президент катары тарыхта калды.
Анын карама-каршылыктуу фигура экендигин түшүнүү кыйын деле эмес. Трамп өзүнүн шайлоо өнөктүгүндө провокациялык риториканы колдонду, кээде орой тамашага чалып, кээде саясий атаандаштарынан өч аларын айтып коркутуп да жиберген учурлары болду.
Трамп Висконсинде бир аз айырма менен жеңди
Трамптын Висконсиндеги жеңиши анын Ак үйгө келишине кепилдик берген бурулуш учур болуп калды.
Арсар болуп жаткан штатта ал жалпы добуштардын бир пайызын түзгөн айырма менен жеңишке жетти.
Камала Харрис Милуоки жана Медисон сыяктуу ири шаарлардын айланасындагы райондордон ийгиликке жетиши керек эле. Бул райондордо шайлоочулар көбүрөөк санда колдоп беришкени менен ал баары бир керектүү чекке жете албады.
Дональд Трамптын позициясы калган округдардын көбүндө жакшы болду.
Анын жеңиши бүтүндөй штат боюнча жүргөн билинбеген кыймылдардын натыйжасы. Бир дагы округда бир дагы талапкердин үлүшү 5% ашык өзгөргөн жок.
Трамп ири конфликттерди кантип чечер экен?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Фрэнк Гарднер, Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы
Дональд Трамп согушту токтотуу керектигин айтканды жакшы көрөт, бирок ал мурда президент болуп турганда болбогон эки ири конфликтти мурастап алып жатат: Россиянын Украинага толук масштабдуу басып кириши жана Жакынкы Чыгыштагы согуш. Аңгыча Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасы жана баллистикалык ракеталары менен кычап чыгып жатат. Ошондой эле АКШ-Тайван союздаштарын Кытай камалоого алышы мүмкүн болууда.
Трамп бул көйгөйлөрдү кантип чечет, азыр айтыш кыйын, айрыкча мурдагы президенттик мөөнөтү убагындагы этият жана тажрыйбалуу генералдары жок татаал эле болот.
Бирок, так ушул белгисиздик кээде артыкчылык болуп калышы ыктымал – бул душмандардын башын катырат.
Бул кырдаал Путинди Украина боюнча макулдашууга алып келиши мүмкүнбү? Ким Чен Ынды сүйлөшүүлөргө кайтарып келеби? Пекинди Тайванды басып алуу аракетинен баш тарттырабы? Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урушунун алдын алабы?
Трамптын мурдагы мөөнөтүнүн учурундагы белгисиздик минтип кайта келип жатат.
Садыр Жапаров Трампты куттуктады
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты АКШнын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
“Сиздин лидерлик тажрыйбаӊыз жана терең билимиӊиз Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем. Биздин элдерибиздин байгерчилиги жана келечеги үчүн биргелешкен ишибиз менен алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишеним артам.
Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз тарабымдан бардык күч-аракетимди жумшай турганымды билдирем”,- деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.
АКШнын ЖМКлары Дональд Трамп Висконсин штатында жеңди деп эсептешүүдө. Бул деген ал экинчи жолу президент болот деген сөз.
Азыр Трамп шайлоочулардын 279 добушун алды, ал эми керектүү добуш 270.
Добуштардын саны боюнча Трамп кыйла эле алдыга кетти. Бирок америкалык шайлоонун өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар.
Ар бир штат федерациянын өз алдынча мүчөсү катары Ак үйдө ким кожоюн болорун көпчүлүк добуш менен өзү чечет.
Дүйнө лидерлери Трампты жеңиши менен куттуктап жатышат
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Трампты куттуктап, АКШ менен Италияны "жалпы баалуулуктар жана тарыхый достук байланыштырып турат " деп белгиледи.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен Трампты куттуктап жатып, ЕБ менен АКШ "жөн эле союздаш эмес " деп айтты.
"800 миллион жарандын башын бириктирген чыныгы өнөктөштүк бизди байланыштырып турат. Андыктан келгиле, аларга пайда алып келе турган күчтүү трансатлантикалык күн тартибинде чогуу иштейли", - деди Еврокомиссиянын башчысы.
Куттуктоого НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да кошулду. Коомдук медиада ал Трамптын жетекчилиги "альянсты бекем сактоо үчүн маанилүү болот" деп жазды.
Польшанын президенти Анжей Дуда менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе дагы Трампка куттуктоо сөздөрүн жолдошту.
"Президент Трамптын жетекчилиги бүткүл дүйнөдө жана биздин аймакта тынчтыктын орношуна салым кошот жана эки тараптуу мамилелерди калыбына келтирет деп ишенем", - деди Кобахидзе.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын күтүлгөн жеңишин "тарыхтагы укмуштуудай кайтып келүү" деп атады:
"Сиздин Ак үйгө кайтып келишиңиз Америка үчүн жаңы барак ачат жана Израил менен АКШ ортосундагы улуу союздун жаңыланганын билдирет".
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Трампты досу деп атап, Украинадагы согушту токтотууга жардам берем деген убадасын эске салды.
Владимир Путин азырынча Трампты куттуктай элек. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Трампты куттуктайбы же жокпу аны билбей турганын айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы, АКШ Сенаты

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы, Өкүлдөр палатасы

Трамп: Бул Америка эли үчүн чоң жеңиш

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бул Америка эли үчүн чоң жеңиш, бул АКШны кайрадан улуу кылууга мүмкүндүк берет", - деди Трамп өзүнүн тарапкерлерине. Анын айтымында, Америкада "алтын доор" башталат.
Ошондой эле Трамп Илон Маскка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Флоридада өзүнүн тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып "бизде жаңы жылдыз бар, жылдыз төрөлдү, бул өлкө үчүн эң маанилүү адамдардын бири", - деп Маскты мактады.
АКШда шайлоо участоктору жабылды
Эң соңкусу болуп Аляска штатындагы участоктор жабылды.
Бул штаттагы жеңиш тандоочулардын 3 добушун берет. Аляска негизинен республикачыларды колдогон салты менен белгилүү. 1964-жылкы шайлоодо гана демократтар жеңип алганын эске албаганда, негизинен демократтар такай утулуп келген.
Айрым штаттар боюнча алдын ала жыйынтык
Трамп жеңишке жеткен штаттар:
Алабама, Арканзас, Флорида, Айдахо, Индиана, Айова, Канзас, Кентукки, Луизиана, Миссисипи, Миссури, Монтана, Небраска, Түндүк Каролина, Түндүк Докота, Огайо, Оклахома, Түштүк Каролина, Түштүк Докота, Техас, Теннесси, Юта, Батыш Виржиния , Вайоминг.
Харрис жеңген штаттар:
Калифорния, Колорадо, Делавэр, Колумбия округу, Гавайи, Иллинойс, Мэриленд, Массачусетс, Нью-Йорк, Орегон, Род-Айленд, Вермонт, Виржиния жана Вашингтон.
Трамп учурда жеңиш үчүн зарыл болгон 270 добуштун 246сын, Камала Харрис 182 добуш алды.
CNN жана NBC эсеби боюнча Трамп арсар болуп турган Жоржияда да жеңишке жетти
Жалпы жеңиш үчүн өтө маанилүү, бирок арсар болуп турган Жоржия штатында дагы Дональд Трамп жеңишке жетти. Америкалык CNN жана NBC компаниялары бул тууралуу өз эсептөөлөрүнө таянып, жарыялап чыгышты. Жоржия шайлоочулар коллегиясына 16 делегат жиберет.
Жоржия арсар болуп турган жети штаттын ичинен Трамп жеңип чыккан экинчи штат болуп калды. Associated Press басылмасынын эсеби боюнча, ал буга чейин Түндүк Каролинада дагы жеңишке жеткен.
Калган беш штатта дагы алдын ала эсеп боюнча Трамп алдыда келе жатат. Деген менен азырынча бир дагы штат боюнча шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялана элек.
Мурдагы шайлоодо Жо Байден Жоржияда Трампты 11.8 миң добуш менен жеңип чыккан эле. Буга дейре соңку отуз жыл бою аталган штатта республикачылар жеңип чыккан эле.
Арсар болуп турган штаттардын баарында Трамп алдыда келе жатат
Лондон убактысы боюнча таңкы саат беште (Лондондун убактысы Кыргызстандыкынан алты сатта артта) Трамп арсар болуп турган штаттардын биринде Камала Харристи жеңип, дагы ошондой арсар турган алты штаттын баарында алдыга чыкты.
Биз буга чейин билдиргендей, Трамп Түндүк Каролинада жеңишке жетишти. Мында шайлоочулар коллегиясына 16 делегат жиберилет.
Аризона, Жоржия, Мичиган, Невада, Висконсин жана Пенсильвания сыяктуу калган алты штатта 90 пайызга чейинки добуштардын бир нече пайызы эсептелип чыкты жана анын баарында Трамп Харристи утуп жатат (арифметикалык эсеп боюна баардык штаттарда Харристин утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы деле жокко чыга элек).
Арсар болуп турган алты штат жалпысынан 77 добуш берет. Трамп учурда жеңиш үчүн зарыл болгон 270 добуштун ичичнен 230 добушту камсыздап койду, камала Харрис болсо 182 добуш топтоду.
Миссуриде абортко тыюу салуу жокко чыгарылат
Миссуридеги шайлоочулар штаттын конституциясына өзгөртүү киргизүүнү колдошту. Анда 24 аптага чейинки мезгилде бойдон алдырууга уруксат берүү маселеси каралган.
Жогорку соттун "Роу Уэйдге каршы" чечиминен кийин Миссури абортко толугу менен тыюу салган эң алгачкы шатта болуп калган. Эми штат ал тыюуну жокко чыгарууда.
Невадада жаш шайлоочулар кол тамгасын тааныбай убара
Невададагы Кларк округунда 11 миңден ашуун бюллетенди шайлоочулардан кошумча тастыктоо кере кболуп калды. Анткени алардагы кол тамгалар мамлекеттик каттоолордогу кол тамгалар менен дал келбей жатат. Бул тууралуу штаттын мамлекттик катчысы Франсико Агилар CNN журналисттерине айтып берди.
"Биз көптөгөн жаштардын кол тамагсында маселе жарадлып жатканына күбө болуудабыз. Анткени алар снарип доордо жашап, бир да жолу калем менен кол коюп көрбөгөндөр",- деп түшүндүрдү Агилар.
Мындай дал келишпөөчүлүктөн улам чиновник шайлоочуларга кайрылып, бюллетендеги кол тамгаларын оңдоого чакырды. Бул добуш берүнүн жыйынтыктарын чыгарууну жайлатат.
Колорада менен Мэрилендде аборт укугун жакташты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дагы эки штатта шайлоочулар аборт укугун оңдоп-түзөөнү жактап добуш беришти.
Мэрилендде баш мыйзамга дагы бир бөлүм кошулуп, ал репродуктивдүү саламаттыкка кепилдикти карайт. Учурда бул штатта түйүлдүк кыймылга келгенге чейин бойдон алдырууга уруксат берилет.
Колорадодо кабыл алынган мыйзам бойдон алдыруу укугун гана коргобостон, бойдон алдыруунун чыгымдарын дагы мамлекет төлөп берүүсүнө шарт түзөт. Азыр абортко чектөө Мэриленддеги сыяктуу эле, бирок Medicaid фондунан пайдаланууга тыюу салынган.
Адатта аялдардын аборт укугун жактап Камала Харрис байма-бай кайрылып келди.
Республикачылар майрамды башташты, демкораттардын маанайы чөгүп турат
Мар-а-Лаго кызыктарга кайнап жатат, азыр ал жерде Трамп жүрөт. Висконсина, Мичиган жана Пенсильвания сыяктуу чечүүчү штаттардын жыйынтыгы келип түшө элегине карабай, Трамптын кенешчилери арсар болуп турган жети штатты жеңип чыгышы мүмкүн деп эсептешет. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазды.
Мичигандын Детройтунда Би-Би-Синин кабарчысы Айон Уэллс жүрөт. Ал ошол тараптагы маанайды суз деп сурөттөп, демократиялык партиянын кээ бир донорлору абдан көңүлдөрү чөгүп турганын жашырышпаганын айтып берди. Бул жердегилер сенаттагы орундар үчүн да кайгырып жатышат. Эгерде демократтар сенаттагы көзөмөлдү сактагылары келсе анда Мичигандан женип чыгууга тийиш.
Дагы төрт штатта добуш берүү аяктады
Калифорнияда (54 шайлоочулар коллегиясынын добушу) жана Вашингтондо (12 шайлоочулар коллегиясынын добушу) шайлоо участкалары жабылды. Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, бул штаттарда жеңишти Камала Харрис илип кетти. Орегондо (8 шайлоочулар коллегиясынын добушу) дагы добуш демократтардын эсебине кетиши мүмкүн, Айдаходо (4 шайлоочулар коллегиясынын добушу) Трамптын жеңиши күтүлүп жатат.











