You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ кедей өлкөлөргө 500 млн бекер вакцина бөлүшү күтүлүүдө
АКШнын президенти Жо Байдендин алгачкы эл аралык сапарында кедей өлкөлөргө 500 млн ченем Pfizer вакцинасын бекер бөлүү чечимин жарыя кылышы күтүлүүдө.
500 млн бекер вакцина тууралуу эмне белгилүү?
Рейтер агенттигинин маалыматтарына ылайык, АКШ кирешеси аз 92 өлкөгө жана Африка биримдигине кирген мамлекеттерге бекер вакцина берет. Вакцина эл аралык Covax программасы аркылуу таратылмакчы. АКШ мурда Covax программасына 60 млн ченем вакцина берүүнү убадалаганы белгилүү.
New York Times гезитинин бул келишимдин шарттары менен тааныш булактарынын маалыматына ылайык, АКШ Pfizer компаниясынан вакцинаны өндүрүүгө кеткен чыгымдарын гана жапкан жеңилдетилген баада сатып алмакчы.
Байден 500 млн ченем вакцинаны сатып алуу чечимин бейшембиде Pfizer компаниясынын башкы директору Альберт Бурла мырзанын катышуусу менен жарыя кылары күтүлүүдө. 200 млн ченем вакцина быйыл, калганы 2022-ж. берилери болжонууда.
Улуу Британияда президент Байден Милденхолдогу базада америкалык аскерлердин алдында сөз сүйлөп, визитинин программасы жөнүндө айтып берди:
«Бул менин АКШнын президенти катары чет жерге жасаган алгачкы визитим. Мен «Чоң жетиликтин» саммитине катышам, андан кийин НАТОнун министрлери менен жолугам. Андан кийин Путин мырза менен жолугуп, ал эмнелерди билиш керек экенин түшүндүрөм» -деген сөзүн аудитория кол чабуулар менен кабыл алды.