You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жакынкы Чыгыш: Израил Лод шаарына өзгөчө абал киргизди
Израилдик арабдар менен полиция кызматкерлери кагылышып, өкмөт Лод шаарына өзгөчө абал киргизди.
Тель-Авив шаарына жакын жайгашкан Лод калаасында кагылышуу учурунда 12 адам жаракат алды. Демонстранттар полицияга таш ыргытып, коопсуздук кызматкерлери көздөн жаш агызган газ менен жооп кайтарды. Лод шаарынын мэри жарандык согуш жүрүп жатат деп маалымдады.
Лоддон тышкары арабдар көп жашаган Израилдин башка шаарларында дагы демонстрациялар болду. Нааразылык акцияларга Израил полициясынын палестиналык демонстранттарга ашыкча күч колдонгону себеп болду.
Түн ортосунда палестиналык куралчан топтор Израилди көздөй ракеталарын учуруп, Израил болсо Газаны абадан бутага алды. Соңку тирешүүдө кырктан ашуун адам каза тапты.
Палестиналыктар жүздөгөн ракеталарын Тел Авив шаары көздөй атканын маалымдашты. Израилдин аба соккулары Газа тилкесиндеги көп кабаттуу имаратты толугу менен такалады. Израилдин армиясы Газа, Иерусалим жана башка аймактардагы куралчан топторду бутага алып жатканын айтууда.
Мындай масштабдагы тирешүү 2014-жылдан бери орун ала элек болчу. Анда Израилдин армиясы Газадан атылган ракеталарга жооп кылып, аймакта аскердик операция өткөргөн.
Соңку тирешүү Иерусалимдеги ыйык саналган Ал-Акса мечитине кирүүгө чектөөлөр киргизилгендиктен жана соттун бир нече палестиналыкты үйүнөн чыгаруу чечиминен кийин чыкты. Буга жооп кылып палестиналык куралчан топтор Израилди көздөй ракета аткан.
Израил болсо дүйшөмбүдөн тарта аба соккуларын тынымсыз улантып жатат. Газа менен чек арада аскердик техника жана жөө жоокерлери күжүрмөн даярдыкта турат.
Иерусалимдеги тирештин өзөгү
Иерусалимдеги мусулмандар “Харам-ал-Шариф”, ал эми жөөттөр “Ыйык тоо” деп атаган аймак мусулмандар жана жөөттөр үчүн дагы ыйык жер саналат.
Жөөттөр бул жерде иудейлердин эки храмы курулган деп ишенет. Мусулмандар болсо бул тоодон Мухаммед пайгамбар бейишке чыгып келген деп ишенет.
Ондогон жылдар бою палестиналыктар менен израилдиктер ыйык жайды талашып келет.
1967-жылы орун алган согушта Израил Иерусалимдин чыгышындагы эски шаарды басып алган. Андан бери ыйык жайды иорданиялык “вакф” же жер жана мүлк башкарган ислам уюму көзөмөлдөйт.
Келишимге ылайык, жөөттөр ыйык жайга келсе болот, бирок аларга сыйынууга тыюу салынган. Арийне, айрым жөөттөр Ал-Акса мечитине келип сыйынууга аракет кылышкан. Мусулмандар бул кадамды чагымчыл аракет катары көрүп, кескин сынга алышкан.
Палестиналыктар жөөт улутчулар ыйык жерди башкаруу боюнча узакка созулган тарыхый келишимди же “вакф” башкаруусун жок кылууну көздөйт деп шекшип келет.
Израилдин премьер-министри Нетаньяху бул дооматтарды четке кагып, “байыркы келишимди эч ким бузбайт” деп билдирген.
Ал тапта соңку кырдаал “интифадага” же көтөрүлүшкө түрткү болушу мүмкүн деген сөздөр айтылууда.
Серепчилер болсо эки тараптын лидерлери жаңжалды алдын алуунун ордуна, ички саясатка көңүл буруп, өз позицияларын бекемдөөгө аракеттенгенин айтууда. Ал эми чыныгы тынчтыкка жетүү маселесине бир нече жылдан бери эч көңүл бурулган жок.