You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Беларустагы качкындар: Польша мигранттардын кризиси үчүн Путинди айыптоодо
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Орусиянын президенти Владимир Путинди беларус-польша чек арасындагы мигранттардын кризисинин артында турат деп айыптап чыкты.
Матеуш Моравецкий Беларустун авторитардык лидери, Путиндин жакын шериги, кризисти уюштуруп жатканын, бирок “ага дем берүүчү Москвада экенин” билдирди.
Бери эле дегенде 2000 мигрант суук шарттарда чек арада туруп калган.
Беларустун президенти Александр Лукашенко Евробиримдиктин санкциясынан өч алуу максатында адамдарды чек арага жөнөтүп жатат деген пикирлерди четке кагууда.
Видеодон беларус-польша чек арасындагы тикен зым тосмонун беларус тарабында адамдардын тобун көрүүгө болот. Айрымдар кычкач, дарактын бутактары менен жана топ болуп, чек арадан өтүүгө аракет кылууда. Ал эми поляк күзөтчүлөр көздөн жаш агызуучудай болгон зат менен аларды артка кайтарып жатышат.
Мигранттардын көпчүлүгү жаш эркектер, бирок аялдар менен жаш балдар дагы бар. Алардын көпчүлүгү Жакынкы Чыгыштан жана Азиядан келгендер. Алар Беларустун аймагында чатырларда, бир тараптан поляк сакчылардын, экинчи тараптан беларус чек арачыларынын ортосунда камалып жашап жатышат.
Чек арада түнкүсүн температура нөлдөн төмөндөп, өткөн апталарда бир нече киши каза тапкан.
Чек арадагы аскерлерди көрүп келгенден кийин Моравецкий шейшембиде өткөн чукул парламенттик сессияда төмөнкүчө билдирди:
“Лукашенко ишке ашырып жаткан чабуулдун Москвада жетекчиси бар, ал жетекчи президент Путин”.
Ал Орусиянын жана Беларустун президенттерин мигранттарга Беларус аркылуу Евробиримдиктин аймагына өтүп, блокту туруксуздаштырууга аракет кылууда деп айыптады. Аталган биримдикке Орусия да, Беларус да кирбейт.
Моравецкий кырдаалды “адамдар жандуу калкан катары колдонулган согуштун жаңы түрү” деп сүрөттөп, Евробиримдиктин ичинде баш аламандыктарды чыгаруу үчүн иштелип чыккан “сахналаштырылган оюнга” Польша туш болгонун айтты.
Ал соңку 30 жылда Польшанын чек ара коопсуздугу биринчи жолу “аёосуз чабуулга” кабылганын кошумчалады.
Польша чек арага кошумча аскерлерди тартып, “куралдуу” жаңжал чыгып кетиши ыктымал экенин эскертти жана Беларустун кырдаалды курчутуу аракетинен коркуп жатканын айтты.
Польша, Литва жана Латвия баары Евробиримдиктин мүчөсү. Алар соңку айларда Беларустан өз аймактарына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адамдардын агымына күбө болгон. Шейшемби күнү Литва Беларус менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, ал түндөсү күчүнө кирет.
Польшага келгендердин саны көп болгон, айрыкча Кузницадагы ири чек ара бекетинин айланасында топтолгондор бар.
Польша болсо баш калка берүү боюнча эл аралык эрежелерге каршы мигранттарды Беларустун чек арасына кайра кайтаруу боюнча айыпталып келет. Журналисттер менен жардам көрсөткөн уюмдарга аталган аймакка барууга тыюу салынды.
“Бизди эч жакка коё бербей жатышат, Беларус же Польша”, - деди Би-Би-Сиге видео байланыш аркылуу 33 жаштагы ирактык Шван Курд.
Ал ноябрдын башында Багдаддан Минске келгенин жана азыр Польшанын тикен зым менен тосулган чек арасынан бир нече метр аралыктагы утурумдук чатыр лагерде экенин айтат.
“Качып кетүүнүн эч жолу жок”, - дейт ал. “Польша бизди киргизбейт. Күндө кечинде алардын тик учагы учуп жүрөт. Алар бизди уктата койбойт. Курсагыбыз да аябай ач. Бул жерде суу же азык-түлүк жок. Жаш балдар, улгайган аял-эркек кишилер, үй-бүлөлөр бар”.
Евробиримдик, НАТО жана АКШ баары Беларусту мигранттардын толкунун уюштурганы үчүн күнөөлөштү. Еврокомиссия Лукашенкону Евробиримдикке оңой киргизем деген калп убадасы менен мигранттарды азгырып жатат деп айыптады.
Брюссель анын аракеттерин Евробиримдиктин санкцияларына каршы өч алуу деп атады. Беларуска каршы санкция Лукашенконун кайра шайланышына ишенбөөчүлүк көрсөтүп уюштурулган массалык акцияларды басып койгону үчүн киргизилген болчу.
Активисттердин айтымында, мигранттар Беларус менен анын Евробиримдикке кирген кошуналарынын ортосунда “пешка” катары пайдаланылып жатат.
Литва
Литва мигранттардын ыктымал толкунуна даярдык көрүү үчүн Беларус менен чек арасына аскерлерди тартты. Өлкө бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялоону алдын алуучу аракет деп билдирди.
Литванын ички иштер министринин орун басары Кестутис Ланчинскас Би-Би-Сиге билдиргендей, Беларустан Литвага мыйзамсыз өткөн 20дай мигрант кармалып, алардын террористтик уюмдар менен байланышы бар деп шектелип жатат.
Токтотуп документ сураганда, алардын көпчүлүгү жасалма паспорт көрсөтүшкөн. Ланчинскастын айтымында, алардын өтмүшүн текшерүү иштери дале жүрүп жатат. Ал мигранттардын кайсы террористтик уюмдар менен байланышы боюнча дагы, качан кармалганы боюнча дагы комментарий берген жок.
Беларус эмне дейт?
Беларустун мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде Лукашенко чек арада аскердик чыңалуудан оолак болгусу келгенин айтты. Анын айтымында, жаңжалга Орусия аралашып кетиши мүмкүн.
Ал “акылдан азбаганын” жана эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билерин айтты. Бирок ал “биз тизе бүкпөйбүз” деп моюн сунбаганын көрсөттү.
Беларустун коргоо министрлиги Варшаваны миңдеген аскерлерди чек арага алып келгени үчүн макулдашууларды бузду деп айыптады.
Беларус мигранттар мыйзамдуу жол менен келгенин билдирип, өлкө болгону “меймандос” катары кабыл алганын айтты.
Орусия болсо шериктешинин чек арадагы араздашууну “жоопкерчилик” менен жөнгө салып жатканына баа берип, кырдаалга жакындан көз салып турганын билдирди. (EA)