You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Ханышанын жүрүшү". Эмне үчүн казакстандык аялдар шахматта эркектерге караганда көбүрөөк ийгиликке жетүүдө?
- Author, Айсымбат Токоева
- Role, Би-Би-Си, Самарканд
Адатта шахматты Казакстан менен көп деле байланыштырышпайт, бирок акыркы жылдары казакстандык шахматчы кыздар эл аралык турнирлерде көбүрөөк жеңишке жетип, эркектерге караганда өлкөгө наамдарды көбүрөөк алып келишүүдө. Алардын ийгилигинин феномени эмнеде?
"Менде кыял жок, жалгыз гана максатым бар – дүйнө чемпиону болгум келет".
Бибисара Асаубаева 21 жашта, өз күчүнөн күмөн санап турса да, сентябрда ФИДЕнин турниринин алдында Би-Би-Синин кабарчысы менен маектешүүдө бул сезимдерин көрсөткөн жок.
Бибисара ФИДЕнин турниринде төрт казак шахматчынын бири – быйыл бул абройлуу мелдеште өлкөнүн намысын жалаң гана кыз-келиндер талашууда.
Бирок аялдар командасынын капитаны Асаубаевада гана классикалык шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатка чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар, бул үчүн Самаркандда алтын же күмүш утуп алышы керек.
Тогузунчу айлампа чечүүчү болуп саналат: Бибисаранын бет маңдайында турнирдин лидери, 12 жашында дүйнөдө аялдардын арасында эң жаш гроссмейстер болгон украин улутундагы орусиялык Екатерина Лагно отурат.
Асаубаева гроссмейстер наамын 15 жашында алган. Ал эми өткөн жылдын июль айында шахматтагы эң жогорку наамды – эл аралык гроссмейстер наамын алган казакстандык экинчи аял болгон.
Жети жашында дүйнө чемпиону болгон
"Ата-энемдин айтымында, кичине кезимде абдан зээндүү болуп чоңойгон экенмин. Конструкторду курап, ыр жаттап, китеп окуганды жакшы көрчүмүн. Үч жашымда карта ойногонду үйрөнүп, үйдөгүлөрдүн баарын утуп алчу экенмин. Төрт жашымда ата-энем жөндөмүмдү байкап, шахматка беришкен. Ойногонду мага чоң атам үйрөткөн", - дейт Би-Би-Сиге Бибисара.
Бибисара Казакстандын түштүгүндөгү Тараз шаарында төрөлүп, шахмат ийримине ошол жактан бара баштаган. Үй-бүлөсү менен Астанага көчүп барган кыз шахматты кесипкөй деңгээлде, күнүнө сегиз саат ойной баштаган. Бибисарага орусиялык гроссмейстер онлайн сабак берчү.
"Дүйнөдөгү эң күчтүү мектептердин бири – Орусиядагы шахмат мектеби болгон. Ал кезде [...] мыкты машыктыруучулардын көбү Орусияда болчу, - дейт Асаубаева. – Эгерде Казакстанды Индия же Кытай менен салыштыра турган болсоңуз, анда биз анчалык деле шахмат өлкөсү деп эсептелбейбиз".
Жалпы Союздагыдай эле Казакстанда да шахмат совет доорунда популярдуу болгон, бирок казак шахматчылары бүткүл союздук таймаштарда жана эл аралык турнирлерде чемпиондук наамдарды чанда гана утуп алышчу – өлкө алгачкы жеңиштерге эгемендүүлүк жылдары гана жете баштады.
Ал эми казакстандык шахматчылардын арасында 2010-жылдардын ортосуна чейин дүйнөлүк деңгээлдеги чемпиондор да, эл аралык гроссмейстер наамын алган аялдар да болгон эмес.
Гроссмейстер – бул өмүр бою берилүүчү наам, аны алыш үчүн үч ири турнирде Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) бир катар талаптарын аткаруу зарыл. Ошондой эле уюмдун рейтингинде белгилүү бир сандагы упайларды алыш керек.
Упайлар ФИДЕнин расмий турнирлериндеги жетишкендиктери үчүн берилет. Мында алган же жоголгон упайлардын саны атаандаштарга жараша болот: күчтүүрөөк атаандашты жеңген учурда көбүрөөк упай берилет, ал эми чабал оюнчудан жеңилгенде көбүрөөк сандагы упайлар жоголот.
Эл аралык гроссмейстер болуунун босого рейтинги аялдардыкына караганда жогору жана шахмат боюнча эл аралык гроссмейтер наамы адатта "эркектерге таандык" деп айтылат.
Казакстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык гроссмейстер наамын 2021-жылы Жансая Абдумалик алган. Ал 21 жашында казак аялдар шахматынын алгачкы жылдыздарынын бири болгон.
Бибисара Асаубаева андан бир канча жашка кичүү. Ал жети жашында Казакстандын чемпиондугун уту алып, ошол эле жылы сегиз жашка чыга элек балдардын арасында дүйнө чемпиону болгон.
Бибисаранын карьерасын анын апасы колдоп келет. Бибисаранын апасы шахмат боюнча машыктыруучу, көп өтпөй кызынын менеджери болуп калган: ал машыктыруучуларды тандап, уюштуруу маселелерин чечет.
2021-жылы Асаубаева блиц боюнча дүйнө чемпиондугун жеңип, рапидде экинчи орунду алган. Ушул жеңиштин натыйжасында кийинки турнир Алматыда өттү.
Шахматтык турнирлер үч категорияга бөлүнөт – классикалык, рапид жана блиц – булар оюнчуга өз жүрүштөрүн ойлонууга берилген убакытка жараша болот. Классикалык шахматтагы оюндар эң узакка – адатта бир нече саатка созулат, ал эми эң кыска оюндар блицте болот – ар бир оюнчуга бардык партияга беш мүнөткө чейин убакыт берилет.
"Бул ошондо сенсация болгон, - деп сыймыктануу менен айтып берди Бибисара. – Себеби чоңдор арасындагы дүйнөлүк чемпионатта Казакстанда эркектер да, аялдар да жеңишке жеткен эмес, алтынды айтпай эле коеюн, коло да, күмүш да болгон эмес".
Бирок классикалык шахмат эң абройлуу болуп эсептелет, ал эми бул категориядагы дүйнө чемпиону наамын "шахматтын таажысы" деп аташат.
"Күнүнө бир жарым миң доллар"
Былтыр Венгрияда өткөн Олимпиадада Казакстандын кыз-келиндер курама командасы күчтүүлөрдүн бири болуп, Индиянын командасына утулуп, күмүш байгеге ээ болгон. Ал кезде казакстандык команданын орточо жашы болжол менен 18 жаш болчу.
Акыркы 10 жылдан бери эл аралык мелдештерде Казакстанга байгелүү орундарды кыз-келиндер алып келүүдө. Учурда эң ийгиликтүү казак шахматчысы Бибисара Асаубаеванын рейтинги 2509 упай, ал дүйнөлүк аялдар рейтингинде 10-орунда турат.
Казакстандын Шахмат федерациясы аялдардын шахматына колдоо көрсөтүүнү артыкчылыктуу тапшырма катары белгиледи, себеби аялдар эркектерге караганда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге федерациянын башчысы Тимур Турлов билдирди.
Бибисара Асаубаева ушул тапта акча маселеси анын карьерасы үчүн жалгыз көйгөй болгонун моюнга алат. Ири турнирлердин алдында ал машыгууларга катышат, бул жакта жеке машыктыруучунун акысы күнүнө 1 500 долларды түзөт.
"Бирок мен үчүн бир күндүк сабак жетишсиз. Мындай машыгуулардан айына бери дегенде 10-12 күн өтүп турушум керек. Бул жогорку жетишкендиктерди талап кылган спорт", - дейт ал.
Асаубаеванын кирешелеринин бири – байге акылары. Мисалы, 2022-жылы дүйнө чемпионатында ал 70 миң доллар тапкан – аялдар арасындагы блицте биринчи орун үчүн 40 миң доллар, рапидде экинчи орун үчүн 30 миң доллар алган.
Шахматчылар федерациянын өзүнөн жана демөөрчүлөрдөн да каржылык колдоо алып турушат. Мисалы, Бибисараны мамлекетке таандык "Самрук-Казына" улуттук фонду каржылайт. Асаубаева демөөрчүлүк колдоодон тышкары Шахмат федерациясынан жылына 70 миллион теңге (132 миң доллар) алып турат.
Казакстандын Шахмат федерациясынын жетекчиси Тимур Турловдун айтымында, уюм жылына болжол менен 10 миллион доллар сарптайт жана бул каражаттардын "басымдуу бөлүгүн" Freedom Holding Corp бөлөт. Федерация бюджетинен шахматчыларды даярдоого, алардын мелдештердин алдындагы машыгууларына, өлкө ичинде турнирлерди өткөрүүгө жана алдыңкы оюнчуларга стипендия төлөөгө бөлөт.
Салыштыруу үчүн айта турган болсок, былтыр дүйнөдөгү эң күчтүүлөрдүн бири болгон Индиянын шахмат федерациясынын бюджети 8 миллион долларды түзгөн. Орусиянын Шахмат федерациясынын (ОШФ) бюджети ачык айтылбайт, бирок Украинага бастырып киргенден кийин жана ОШФга каршы санкциялар киргизилген соң көптөгөн орусиялык шахматчылар башка мамлекеттердин атынан же бейтарап статуста ойноп жатышат.
"Шахматка кызыгуу күч алды"
Казакстандык шахматчыларын ичинен алгачкы жылдыздар – Жансая Абдумалик менен Динара Садуакасова салыштырмалуу жаш болгонуна карабастан (25 жана 28 жашта) шахматтык карьерасын жыйынтыкташты. Учурда Абдумалик Алматы шаардык кеңешинин депутаты, ал эми Садуакасова Астананын шахмат федерациясынын ардактуу президенти жана өзүнүн шахмат мектептерин өнүктүрүүдө.
Алардын ийгилиги "шахматчылардын калган муунун шыктандырды", - деди Би-Би-Сиге Казакстандын курама командасынын мүчөсү Ксения Балабаева: "Ошондуктан бизде жалпысынан бул спортту жакшы көрүшөт".
"Учурда Казакстанда шахматка кызыгуу күч алды, - дейт Бибисара Асаубаева. – Шахматка көбүрөөк балдар келе баштагандыктан, келечеги кең жана таланттуу балдарды табуу мүмкүнчүлүгү да жогорулады".
Шахмат мектеп программасына киргизилип жатат – ушул тапта Казакстандын 500 мектебинде шахмат милдеттүү сабак болуп саналат, ал эми кийинки жылы бул сан эки эсе көбөйөт, - дейт Тимур Турлов: "Биз бара-бара өлкөдөгү бардык мектептердин жарымынан көбүн камтыйбыз деп ишенем. Бизде шахматты өнүктүрүү боюнча өкмөттүк деңгээлде кабыл алынган комплекстүү план бар".
Тимур Турлов кошумчалагандай, Казакстанда жергиликтүү деңгээлдеги мелдештерден тышкары федерация жылына республикалык деңгээлде 200дөн ашык турнирди өткөрүп турат.
"ФИДЕ барган сайын Казакстанды көбүрөөк үлгү катары көрсөтүүдө, - деди федерациянын президенти Аркадий Дворкович Казакстандын Tengrinews басылмасына берген маегинде. – Бул жерде так система түзүлгөн: пайдубал бар – мектептерде шахмат, клубдар, секциялар, чемпионаттар сыяктуу өнүгүү деңгээлдери бар. Эң негизгиси мамлекеттин, бизнестин жана шахмат коомчулугунун колдоосунун ортосунда тең салмактуулук бар. Мына ушул үчилтик чындап иштейт".
Шахматта бөлүп-жаруу барбы?
Негизги ачык шахмат турнирлеринде гендердик чектөөлөр жок. Анткен менен иш жүзүндө мындай мелдештерге көбүнчө эркектер катышып, жеңгендердин басымдуу бөлүгү да эркектер.
Мисалы, Самаркандда өткөн ФИДЕнин ачык турнирине жүздөн ашык шахматчы катышып, алардын экөө гана кыз-келиндер болгон. Үч байгени тең эркектер алган.
Аялдар үчүн өзүнчө аялдар турнирлери бар – адатта Самарканддагыдай сыяктуу эле алар ачык турнирлер менен катарлаш өткөрүлөт. Бул турнирлердеги акчалай байгелер бир нече эсе аз – мисалы, бул жылы ачык турнирдин байге фонду 625 миң долларды, аялдардыкы 230 миң долларды түздү.
Шахматчы Ксения Балбаева муну аялдарда ФИДЕнин рейтинги эркектерге караганда төмөн экендиги менен түшүндүрөт.
"Мындан улам бирдей сыйлыкты талап кылуу оңой эмес. Мисалы, эң күчтүү аялдын рейтинги 2600, ал эми эң күчтүү эркектин рейтинги 2800 болот. 200 пунктка көбүрөөк болгону – бул чоң айырма", - дейт ал.
Бул айырманы анын ичинде статистиканын жардамы менен түшүндүргөн изилдөөлөр бар: аялдарга караганда шахматты кесипкөй ойногон эркектер кыйла көп, ошондуктан алардын арасында эң көрүнүктүү оюнчулар арбын кездешет. Бул дагы казакстандык аялдардын ийгилигинин феноменин кандайдыр бир деңгээлде түшүндүрө алат – олуттуу мамлекеттик колдоо, талант жана мотивация болуп, атаандаштык аз болгондуктан, эркектерге караганда ийгиликке жетүү статистикалык жактан оңой.
Учурда дүйнөнүн эң мыкты 100 шахматчынын рейтингинде бир дагы аял жок. Шахматтын тарыхында бул рейтингге үч гана шахматчы кыз кирген – венгриялык Юдит Полгар, грузиялык Майя Чибурданидзе жана кытайлык Хоу Ифань.
Бибисара Асаубаева "феминизм жөнүндө" суроолорду жактырбайт: ал шахматта сексизмди да, басмырлоону да көрбөйт. "Спорттун бардык түрлөрү боюнча аялдар жана эркектер арасында турнирлер өтүп турат, - дейт ал. – Аялдар шахматында баары жакшы деп ойлойм. Эгерде ийгиликке жеткиң келсе, ага сөзсүз жетесиң".
Бирок, баары эле Бибисаранын пикирине кошула беришпейт. Batyr Jamal долбооруна берген маегинде Казакстандын курама командасынын катышуучулары бир көрүнүшкө күбө болушканын айтып беришти: мисалы, эгерде алар эркектерди жеңип алса, анда "эркек оюнчу атаандашынын тышкы келбетине алаксыгандыктан утулуп калды" деген пикирлер жазылат.
Ксения Балабаева айрымдар "аялдардын шахматы" деген терминдин өзүн кемсинтүүчү мааниде колдонорун айтат.
"Адатта эркектер "Аялдардын шахматында өтө көп каталар кетирилет" деп айтышат, - дейт ал. – Жакында мен бир турнирде ойнодум, биздин команданын капитаны "эркек ойноп жатканда, позицияларды карап, жыйынтыгы кандай болорун билем. Бирок аял ойногондо, аягына чейин жыйынтык кандай болорун билбейм" деп айтат. (ZMa)