You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Рио-де-Жанейродогу рейдде 132 адам каза тапты
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си орус кызматы
Полициянын Рио-де-Жанейро шаарынын түндүк четиндеги конуштарда "Кызыл командачылык" бандасына каршы жүргүзгөн операциясы маалында кеминде 132 киши набыт болгону кабарланды.
Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудио Кастро билдиргендей, Алеман жана Пенья фавелаларында операция учурунда төрт полиция кызматкери каза болду. 80ден ашык адам камакка алынды. Операцияга жарандык да, аскердик да полиция тартылды.
Шейшемби күнү эртең менен 2500гө жакын полиция күчтөрү фавелаларга бастырып киргенде көп өтпөй кагылышуулар башталган. "Кызыл командачылык" (Comando Vermelho) ок ачып, баррикадаларды өрттөп, бомба таштаган дрондорду колдонуу менен жооп кайтарды.
Ошондой эле ондогон адамдар жараат алды, ок атышуулардын арасында карапайым тургундар да калды.
Рио-де-Жанейро аэропортунун жанындагы фавелалардын зонасы Бразилиядагы эң кубаттуу кылмыштуу топтордун бири операцияларды жүргүзгөн борбор болуп эсептелет.
Штаттын бийлиги өлгөндөрдүн 50гө жакыны "кылмышкер деп шектелгендер экенин" билдирди.
БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы бразилиялык полициянын аракеттери "үрөй учурарын" айтып, "чукул арада натыйжалуу иликтөө жүргүзүүгө" чакырды.
Фавелаларда – тоолордун бетинде орун алган жакыр конуштарда 300 миңге жакын адам жашайт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал жердеги кырдаал учурда "согуштук аракеттердин зонасын" эске салууда.
"Кызыл командачылык" акыркы учурларда Рио штатында өз аймагын кеңейтип, баңги аткезчилиги үчүн жаңы жолдорду издеп, фавелаларга көзөмөлдү күчөтө баштаган.
Полициянын маалымдашынча, операция башталгандан бери 200 килограммдан ашык баңгизат жана ондогон ок атуучу куралдар алынган.
Бразилияда полициянын масштабдуу операциялары эл аралык ири иш-чаралардын алдында көп өтөт. Ноябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Белен шаарында БУУнун климат боюнча COP30 саммити өтөт. (ZMa)