"Сот адилеттигине ишенебиз". Бишкекте эки оператордун иши каралды

Сүрөттүн булагы, Kloop
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Синин кабарчысы
4-ноябрда Бишкек шаардык соту экстремисттик деп табылган "Клооп" басылмасынын мурдагы эки операторунун ишин карады. Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов биринчи инстанцияда берген көрсөтмөлөрүнөн кайра баш тартып, тагылган күнөөнү моюндарына ала турганын билдиришти. Сот жараяны 25-ноябрга жылдырылды. Ошол күнү шардык соттун өкүмү чыгары күтүлүп жатат.
Күздүн жамгырлуу күнүндө, 4-ноябрда убагында "Клооп" басылмасы менен кызматташкан эки оператордун – Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовдун - иши шаардык сотто каралды.
Александрдын да, Жоомарттын да жакындарынын жүзүнөн бүгүн өкүм чыгып, жакшы кабар алабызбы дегендей күтүү байкалып турду.
Сот жараяны учурунда операторлор Биринчи май райондук сотунда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, тагылган күнөөнү моюнга алышты.
"Эркиндигин чектебеген жаза чегерүүнү сурайбыз"
Сотто сөз алган айыпталуучулардын жактоочулары операторлор менен кошо айыпталган эки эсепчини актоону өтүнүштү.
Адвокаттар Александр менен Жоомарттын күнөөнү моюнга алганын, техникалык иштерди гана аткарышканын, редакциялык саясатты аныкташпаганын жүйө келтиришип, соттон алардын оор турмуштук жагдайларын да эске алууну сурашты.
"Бул ишке насыя жөнүндө да документтер тиркелген. Александрдын жубайы Ксения Александровнанын насыясы бар. 2025-жылдын 29-майына карата анын насыя боюнча карызы 2 миллион сомдон ашат. Бул сумманы Ксения өз алдынча төлөөгө кудурети жетпейт. Урматтуу сот, анын редакциядагы ролу экинчи планда болгонун эске алышыңызды өтүнөм. Мурда чегерилген жаза сот адилеттүүлүгү принцибине карама-каршы келет. Ал "Жапырт башаламандыкка чакыруу" беренеси боюнча айыпталган. Анткени менен соңку жылдары өлкө аймагында башаламандык учурлары да катталган жок. Муну да эске алышыңызды суранам", – деди Александр Александровдун адвокаты Кайсын Абакиров.
Операторлордун жактоочулары сотко кайрылып, эгер кеңешүү учурунда алардын аракетинде кылмыштын курамы болгон деген тыянак чыгарылса, кур дегенде жазаны жумшартып, айып пул салып же пробациялык көзөмөл менен бошотууну өтүнүштү.
Андан соң айыпталуучулардын өзүнө акыркы сөз берилди. Эки эсепчи актоону өтүндү.
Жоомарт Дуулатов буга чейин берилген беш жылдык жаза өтө оор экенин, соттон бардык жагдайлардын эске алууну, адилеттүү чечим чыгарууну сурады:
"Мен кармалардан мурун эле аталган басылмада иштебей калгам. Эки ай болгон. Компьютердик программалоого кызыгып баштагам. Жаңы тармакта өзүмдү сынап көрөйүн деп жаткам. Беш жыл чоң мөөнөт. Сиздин ырайымыңызга ишенем".
Оператор Александр Александров болсо акыркы сөзүн 25-ноябрда сүйлөй турган болду.
Ушул эле күнү Бишкек шаардык сотунун чечими да чыгары күтүлүп жатат.
"Күнөөнү моюндарына алдырып, түрмөгө жөнөтүшсө эмне болот?"
Октябрь райондук соту экстремисттик деп тапкан "Клооп" басылмасынын жетекчилеринин адвокаты Нурбек Токтакунов операторлордун тагылган күнөөнү кайрадан моюнга алганы аргасыз кадамдардын бири болушу ыктымал экенин айтты:
"Азыр адвокаттар деле соттон Александр менен Жоомарттын ишиндеги беренени өзгөртүп, эркиндикти чектебеген жаза берүүнү сурашты. Демек, бул жакта бийлик менен сүйлөшүү болгондой. Бүгүн алар бошотулат экен деп ойлогом. Бошотулса бир жөн. Бирок күнөөнү моюндарына алдырып, түрмөгө жөнөтсө эмне болот? Себеби азыр эч кимге ишенич жок болуп жатпайбы".

Сүрөттүн булагы, Kloop
17-сентябрда Биринчи май райондук соту Кыргызстандагы кеңсесин жабууга аргасыз болгон "Клооп" басылмасынын мурдагы эки оператору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга кескен.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Чолпонай Үмөталиеванын чечими менен басылманын эки эсепчиси да беш жылга соттолуп, бирок үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошотулган.
Операторлор менен эсепчилерге Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырык жасоо" беренеси боюнча айып коюлган. Анда прокурор Дуулатов менен Александровду сегиз жылга, эки эсепчини алты жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.
Соттолуучулар райондук соттогу акыркы сөзүндө айыптоолорду четке кагышып, башында кысым алдында, адвокатсыз көрсөтмө беришкенин билдиришкен.

Сүрөттүн булагы, Kloop
Операторлорго кылмыш ишин козгоого ишмердиги "экстремисттик" деп табылган журналист Болот Темировдун видеороликтери себеп болгон. Соттун айыптоо актысында "Клооптун" кызматкерлери бул видеолорду даярдоого жана жайылтууга катышканы, материалдарда бийликтин дарегине сын айтылганы, башаламандыктарга чакырык камтылганы айтылган.
Бирок "Клооп" басылмасы ал видеолордун бардыгы "Темиров Лайв" каналына таандык болгонун, "Клооптун" платформаларында чыкпаганын кабарлаган.
Быйыл май айында "Клооп" менен мурда-кийин кызматташкан он чакты адам суракка алынган. Анын натыйжасында Дуулатов менен Александров камалган.
Ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылган "Клооп" басылмасынын жагдайы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2024-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Kloop Media" коомдук фондун жоюу тууралуу чечим чыгарган.
Президент Садыр Жапаров "Клооптун" жабылганы боюнча "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине комментарий берип жатып, басылманын иликтөөлөрү бир жактуу, каралоо максатында жасалып жатканын айткан. Басылманын өкүлдөрү мындай айыптарды четке кагышып, соттун чечимин сынга алышкан.
27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темировдун жана Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.
Сот чечиминде аты аталган долбоорлордо манипуляциялык мүнөздөгү, бийлик органдарына болгон ишенимди солгундаткан, коомдук коопсуздукту бузууга жана жарандарды нааразылык акцияларына катышууга түрткөн материалдар жарыяланып турганы айтылган.
Аты аталган басылмалардын жетекчилиги мындай чечимге макул эместигин билдирип, окурмандарына эми алардын материалдарына лайк басуу, пикир жазуу же бөлүшүү коркунучтуу болуп калганын, мунун баары экстремисттик уюмдарды колдоо катары эсептелип калышы ыктымал экенин эскертишкен.
Иликтөөчү журналисттердин ишмердиги экстремисттик деп табылганын медиа коомчулуктун өкүлдөрү тынчсыздануу менен кабыл алышкан.
Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид муну жогорку бийлик эшалонундагы коррупцияны иликтеген журналистиканын ишине бөгөт коюуга багытталган таң каларлык жана үмүтсүз аракет катары баалаган.
Быйыл май айынын башында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаган. Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 144-орунга жайгашкан.
Freedom House (FH) эл аралык уюму быйыл Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен "эркин эмес" мамлекеттердин катарында калтырган.












