АКШ сенаторлору түркмөн президентин саясий туткундарды бошотууга чакырышты

АКШ сенаторлору түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовго кат менен кайрылып, саясий туткундарды бошотууга чакырышты.

Сенаторлор Дик Дурбин, Патрик Лихи, Шеррод Браун жана Өкүлдөр палатасынан Том Малиновский 17-ноябрда жолдогон катта Түркмөнстандагы абактагы журналист Нургельди Халыков, врач Хурсанай Исматуллаев жана активист Гулгельды Аннаниязовду бошотуу өтүнүчү берилген.

“Түркмөнстан сиздин жетекчилик алдында Дүйнөлүк соода уюму өңдүү эл аралык институттарга кошулуу дымактуу программаларды алдыга коюп жатат. Эл аралык экономикага кошулуу аракети, сөзсүз түрдө ,сиздин өлкөдөгү адам укуктарыны сакталышына көңүл бурууну да күчөтөт”, -делет бул тууралуу катта.

Бердымухамедов автократ Сапармурат Ниязов 2006-жылы каза тапкандан кийин бийликке келген. Түркмөнстан Борбор Азиядагы эң жабык, адам укуктары сакталбаган, эл аралык коомчулук эрежелерине баш ийбеген өлкө катары белгилүү. (EK)