You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Паранжа исламдын дресс-коду эмес”. Талибандын тушунда афган аялдарын эмне күтөт?
Талибан Кабулду басып алган жекшемби күндү көптөгөн оогандар өз жашоосундагы эң жаман күн катары сыпатташат. Эркектер да, аялдар да талибдерден коркушат, бирок аялдар үчүн талибдердин бийликке келиши акыркы 20 жылда болуп жаткан нерселердин баарына тыюу салып, кайра үйлөрүнө камап коюу дегенди билдирет.
“Менин келечектен үмүтүм үзүлдү”
“Ал күндү эч качан унутпайм. Мен кеңседен чыгып, талибдер мени өлтүрүп кетет деп коркконуман Кабулдун көчөлөрүндө чуркап бара жаттым, анткени мен жумушка кийген костюмчан элем. Азыр мен үйдөмүн, өзүмдү коопсуз эле сезип жатам, себеби талибдер биздин үйгө келсе дагы, аларга эч ким менин өкмөттө иштегенимди айтпайт. Алар үйлөрдү кыдырбайбыз деп сөз берип жатышат, бирок мен аларга ишенбейм”, - деди оогандык аял Би-Би-Сиге. Бул аптага чейин ал акыркы эки жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келген.
“Биз алардын мыкаачылыгын көрдүк, мен аларга кантип ишене алам?” - дейт ал. “Аларды сыналгыдан көргөндө корком, коркконумдан түнү менен уктай албай чыгам. Ооганстанда калсам, мага иштөөгө уруксат берилеби? Мен андай деп ойлобойм. Биз үчүн баары бүттү деп ойлойм. Менин келечектен үмүтүм үзүлдү”.
Талибан өлкөнү 1996-2001-жылдары башкарып, шариат мыйзамдарын өздөрүнүн чечмелөөсү менен ишке ашырышкан. Мындан 15 жыл мурун 10 жаштан ашкан кыздар менен аялдар күйөөсү же эркек тууганы жок окууга, иштөөгө жана көчөгө чыгууга укуктары жок болчу.
Аялдар баштан аяк денесин толук жапкан кийим же паранжа кийиши керек болчу.
Аялдардын жүрүм-турумун ыймандуулукту пропагандалоо жана күнөөнүн алдын алуу министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөчү. Алар өлкөнү пикап унаалары менен кыдырып, эрежелерди бузган аялдарды эл алдында басынтып, камчы менен уруп турушчу.
“Тырмак боёгун колдонгону үчүн эле бармагынын учун кесип салышкан”
Эл аралык Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча, 1996-жылы Кабулда бир аял тырмак боёгун колдонгону үчүн эле анын бармагынын учун кесип салышкан.
Ойноштукка айыпталган аялдарды таш бараңга алып өлтүрүшчү.
Талибдер: “Аялдарга карата зомбулук болбойт деп ишендиребиз”
Талибдер бул жолу баары башкача болорун айтышууда.
Бийликти басып алгандан кийинки биринчи басма сөз жыйынында талибдердин өкүлү аялдарга иштөөгө жана окууга уруксат берилерин билдирди. Алардын бир өкүлү аялдар өкмөткө катышуусу керектигин айтты.
Талибдер: “Биз аялдарга карата зомбулук болбойт деп ишендиребиз”, - деди уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид.
“Аялдарга карата эч кандай терс пикирге жол берилбейт, бирок ислам баалуулуктары биздин пайдубалыбыз”.
Ал ошондой эле аялдар коомдук жашоого “ислам мыйзамдарынын алкагында” катыша аларын айтты. Бул иш жүзүндө эмнени билдирери түшүнүксүз. Бирок азыр Кабулга чейин багындырылган шаарларда эски тартиптер кайтып келүүдө.
Айрым облустарда аялдар эркек туугандарынын коштоосу жок үйлөрүнөн чыкпашы керектиги айтылган.
Ооганстандын батышындагы Гератта Талибан согушкерлери университеттин дарбазасын кайтарышып, студент кыздар менен мугалимдердин кампуска кирүүсүнө тыюу салышкан.
“Ушунча жыл талыкпай кылган эмгегим жана кыялдарым текке кетти...”
Түштүктөгү Кандагар шаарынын ооруканалары аялдар үчүн жабылды. Талибдер басып алган айрым аймактарда кыздар үчүн мектептер ноябрь айынын башында эле жабылган.
Бир чети корккондуктан, бир чети мурдагы талаптын кайтып келиши күтүлгөндүктөн, жергиликтүү аялдар көчөгө паранжа кийип чыга башташты.
Кабул университетинде студент кыздарга эркектин коштоосу жок жатаканадан чыгууга тыюу салынганын билдиришкен. Эки студент кыз шаарда эркек туугандары болбогондуктан, кадимкидей эле камалып калганын айтышты.
Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шарифте университеттин профессору 27 жаштагы Алия Казими New York Times гезитине билдиргендей, шаардын базардында жалгыз жүргөн аялдарга соода кылдырбай, эркек киши менен келүүсүн сунуштап жатышат.
“Мен 20 жыл мурун талибдер кулагандан бери көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон муунданмын”,- дейт ал. “Мен академиялык максаттарыма жете алдым, бир жыл университеттин профессору болдум, эми менин келечегим караңгы жана бүдөмүк. Ушунча жыл талыкпай кылган эмгегим жана кыялдарым текке кетти. Эми жаңыдан окуп баштаган кичинекей кыздардын келечеги кандай болот?”
Ооган улуттук NRTA каналынын эң таанымал теле алып баруучуларынын бири Шабнам Дауранга талибдер иштөөгө уруксат берген жок. Ал видео кайрылуусунда хижаб кийип алып, телестудияга келгенде, талибдердин күзөтчүлөрү ага: “Өкмөт алмашты, мындан ары бул жакка келе албайсың, үйүңө бар”, - деп киргизбей коюшканын айтып берген.
Лиз Дусет, Би-Би-Синин эл аралык колумнисти: “Талибан аялдардын укуктарын чектөөдө канчалыкка бара аларын текшерип көрүшү мүмкүн”
“Аялдар исламдын чегинде бардык укуктарга ээ болот” - деп талибдер оогандык аялдар менен кыздардын жашоосу тууралуу сөз болгондо сансыз ирет кайталашкан.
Акыркы жылдары укук коргоочулар жана оогандар Дохада жайгашкан талибдердин лидерлеринен бул эмнени түшүндүрөрүн тактоого кылган аракеттери ийгиликсиз болуп келген.
Талибдер, мисал катары, Сауд Арабиясы же Катар сыяктуу консервативдүү араб коомдорундагы аялдардын укуктарын аташты. Талибандын негиздөөчүлөрүнүн бири университеттердин аудиториясын хижабсыз жүргөнгө болбой турган аялдар жана эркектер зоналарына бөлүү керектигин айткан.
Чыныгы абалды Ооганстандын шаар жана кыштактарынан келген, журналист аялдардын үйүнө кетишин буйрук кылганын жана офисте иштеген аялдарга алардын иши эркектерге өтөөрүн чагылдырган билдирүүлөр даанараак көрсөтөт.
Аялдардын укуктарын чектөө регионго жараша айырмаланып, Кабулда жана башка ири шаарларда чектөөлөр жумшагыраак болушу мүмкүн. Бирок талибдер жалпы өлкө боюнча аялдардын укуктарын канчалык чектей алышаран сынап көрүшөт.
“Паранжа исламдын дресс-коду эмес...”
Байкоочулардын айтымында, азыр талибдер эл аралык коомчулукту да, үрөйү учкан оогандарды да тынчтандыруу үчүн маалымат өнөктүгүн жүргүзүп жатышат.
Азырынча алардын кепилдиктери аялдар арасында түрдүү сезимдерди жаратууда.
“Мен алардын айткандарына ишенбейм”, - деди Мужахиддин билдирүүсүн сыналгыдан көргөн кабулдук аял Би-Би-Сиге. “Бул бир амал, бизди өлтүрүү үчүн көчөгө азгырып жатышат. Мен алардын мыйзамдары менен окууга жана иштөөгө макул эмесмин”.
Башкалары болсо талибдерге ишенүүгө жана айрым эркиндиктеринен баш тартууга даяр.
“Мен үчүн кызыл сызык - жумушка же окууга тыюу салуу болуп калат. Талибан азырынча андан өтө элек. Менин окуу жана иштөө укугум корголсо, мен хижаб кийүүгө каршы эмесмин. Мен ислам өлкөсүндө жашайм. Исламдын дресс-кодун кабыл алууга даярбыз - эгер бул бурка болбосо, анткени паранжа исламдын дресс-коду эмес”, - дейт дагы бир аял. (MD)