Асадсыз жана Путинсиз бир жыл. Жаңы бийлик Сирияны кайда алып баратат жана мындан ары эмне болот?

Туура бир жыл мурда Башар Асад Сириядан Москвага, Владимир Путинге качып, ал эми Орусия Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөшүнөн ажыраган. Асаддардын династиясы өлкөнү жарым кылымдан ашык башкарган эле. Эми бийликтин башында кечээки жихадчы Ахмед аш-Шараа турат.

Сирия 12 айда кандай абалга келди жана мындан ары өлкөнү эмнелер күтүүдө?

Бул убакыт аралыгында Сириянын убактылуу президенти чукул арада дүйнөлүк дипломатияга аралашып, Дональд Трамп менен эки жолу жолугуп, Кремлде да, Ак үйдө да болуп, Европа менен Араб өлкөлөрүнүн колдоосун таап, БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөнгө үлгүрдү.

Анын тышкы саясаттагы ийгиликтерин керемет деп баалашууда, себеби ал террорчу деген жаманаттыдан арылып, Батышта кабыл алынган президентке айланып, Сирияга каршы киргизилген санкцияларды алдырууга дээрлик жетише алды, себеби чет элдик акча болбосо, анын өлкөсү 13 жылдык согуштан кийин оңоло албай турганы талашсыз.

Бирок Сириянын ичинде жетишкендиктерге караганда көйгөйлөр көп. Өлкөдө кландык тирешүүлөр, этностук негизде адам өлтүрүүлөр, сотсуз эле адамдарды өлүм жазасына тартуу, барымтага алуу өңдүү көрүнүштөр орун алууда.

Бириндеген өлкө

Аш-Шараага Асаддан урандыда калган, мамлекеттик институттары талкаланган жана калкы жакырланган өлкө мураска калды.

Бийлик ушул кезге чейин өлкө аймагынын үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлгө ала элек: түндүк-чыгыш күрт күчтөрүнүн колунда, түштүк – друздардын таасири алдында, түндүктө түрктөрдү колдогон кошуундар жигердүү, ал эми көптөгөн айылдар жергиликтүү уруу башчыларынын карамагында жашап жатат.

Түркия, Катар жана Сауд Арабиясы Дамаскта таасир талашууда, Израил болсо Сириянын түштүгүндө операцияларды жүргүзүп, аш-Шараадан Голан дөңсөөлөрүнөн баш тартууга мажбурлай турган тынчтык келишимине жетишүүнү көздөп жатат. Ал эми Сириянын буга чейинки башкы өнөктөшү Орусия Дамасктагы таасирин жоготкусу келбейт, бирок ошол эле маалда Москвага качкан Асадды жаңы бийликке өткөрүп берүүдөн баш тартууда.

Сириялыктардын басымдуу бөлүгү жакырчылыктын чегинде жашап жатышат, электр энергиясы күнүнө эки саатка гана берилет жана кургакчылыктан улам сууну цистерналардан алууга мажбур. Эки миллиондон ашык сириялык чатырларда жашайт. Мамлекеттик кызматчылардын айлык акысын төлөөгө Катар жардам берүүдө.

Оптимисттик маанай жана келечек үчүн коркуу

Сириялыктар аш-Шараага дале үмүт артып, эбегейсиз зор ишеним көрсөтүшүүдө; аны бардык диндердин арасында болбосо да, калктын басымдуу бөлүгү колдойт. Ошого карабастан, бир жылдан кийин көптөр кайрадан коркуп жатышат: токтобогон зордук-зомбулуктар, алавиттердин, друздардын, христиандардын өлтүрүлүшү, аялдардын уурдалышы келечек үчүн коркуу сезимин күчөтүүдө.

Аш-Шараа шайланган президент эмес; Асаддар өлкөнү жарым кылымдан ашык убакыт өздөрү каалагандай башкарганы үчүн Сирия ачык-айкын жана өкүлчүлүктүү шайлоо өткөрө албайт: борбордук бийлик Сириянын баарын көзөмөлдөбөйт, ал эми калкты каттоо 15 жыл мурун жүргүзүлгөн. Убактылуу бийлик беш жылдан кийин өлкөнү таза шайлоого даярдоого убада кылууда.

"Сириянын калкы ар түрдүү, диний жана социалдык тиешелүүлүгүнө жараша Шараага болгон мамиле да өзгөрүп турат", - дейт Би-Би-Сиге Лион университетинин Сирия боюнча адиси жана Вашингтон институтунун эксперти Фабрис Баланш.

Өзү да суннит Ахмад Шараа мурдагыдай эле суниттердин арасында, өзгөчө айылдардагы жакыр сунниттердин арасында олуттуу колдоого ээ, эксперттин айтымында, 30-40% аны колдошот. Сирияда сунниттер басымдуулук кылат – 70 пайызга жакынын түзөт. Бирок башка топтордун, анын ичинде шаардык жана светтик сунниттердин арасында Асад качкандан кийинки алгачкы күндөрү пайда болгон эйфория акырындап басаңдап баратат, дейт эксперт.

2011-жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлгөн эң масштабдуу коомдук сурамжылоо (Arab Opinion Index изилдөөсүндө 3700 киши сурамжылоого катышкан) сириялыктардын 55 пайыздан ашыгы өткөөл өкмөткө ишенээрин көрсөттү, ал эми 56% өлкө туура багытта баратат деп эсептейт.

Көптөгөн сириялыктар бир жыл мурда көп кан төгүлмөйүнчө жана кыйроолорсуз Асаддан кутулуу мүмкүн эмес деп эсептеп келишкен. Асадды президенттик хансарайдан кууп чыгып, Орусияга качууга мажбурлоо үчүн ХТШнын козголоңчуларына болгону 11 күн керек болду.

Ал эми бүгүнкү күндө өзгөчө этностук жана диний азчылыктардын өкүлдөрүнүн жана коомдун светтик катмарларынын маанайы кескин өзгөрдү.

Алар өздөрүн коопсуз сезбей турганын, оптимисттик маанайдын ордуна келечек үчүн коркуу сезими келгенин айтышат. Мүмкүнчүлүгү барлар өлкөдөн чыгып кетүүдө.

Азчылыктарсыз исламчыл авторитардык Сирия

Коомдогу маанай март айында Сириянын айрым райондорунда бир нече күндүн ичинде 1400 карапайым тургун, негизинен алавиттер өлтүрүлгөндөн бери кескин өзгөрдү. Укук коргоочулардын ырасташынча, чыныгы сандар мындан да көп. Башар Асад алавиттер жамаатына (ишенимдери шиит-исмаилиттердин окууларына жакын диний азчылык) таандык болгон жана алардын бардыгы эле мурдагы президентти колдобосо да, азыр алар өч алгысы келгендердин негизги бутасына айланышты.

Аш-Шараа борбордук бийликтин бул адам өлтүрүүлөргө эч тиешеси жок экенин ырастап келсе, юстиция министри күнөөлүүлөрдүн үстүнөн ачык сот процессин өткөрүүнү убада кылууда. Анткен менен, Reuters агенттигинин иликтөөсү алавиттерге кол салгандар ушул тапта Сириянын жаңы лидерлерине тикелей баш ийген кишилер болгонун көрсөттү.

Май жана июль айларында Сувейда провинциясында конфессиялар ортосундагы кагылышуулар маалында 1000ден ашуун адам, негизинен друздар өмүрү менен кош айтышкан.

Укук коргоочулар ноябрда Хомстогу зомбулук учурларын катташкан. "Адам укуктары үчүн Сирия тармагы" (SNHR) көз карандысыз мониторинг тобунун маалыматына караганда, Хомсто киши өлтүрүүлөр жана адамдарды уурдоо учурлары көбөйдү.

Укук коргоочулар аялдарга карата зордук-зомбулук жана басмырлоо, белгисиз куралдуу топтордун кыз-келиндерди уурдоо фактылары көп катталып жатканын кабарлашууда. Кээ бирлери зордукталса, башкалары эркине каршы күйөөгө тийүүгө мажбур болушкан. Жабырлануучулардын үй-бүлөлөрү жергиликтүү бийлик жоголгондордун чоо-жайын иликтөө үчүн эч нерсе кылбай жатканын айтышууда.

Христиандар да өтө аз калды – учурда алар калктын 1,5 пайыздан азын түзөт (2011-жылы өлкөдө 1,2 миллион христиан жашаса, христиан уюмдарынын маалыматы боюнча, учурда 200-300 миңге жакын гана адам калды), алар да алавиттерден кийинки бутага айланып калуудан коркушууда. Октябрда Сириянын батышындагы Ливан менен чек арага жакын Вади Насарада (Христиандар өрөөнүндө) кол салуулардан эки адам, ал эми июнда Дамасктагы чиркөөдө жанкечтинин жардыруусунан 20 адам набыт болгон.

Аш-Шараа өлкөнү калыс башкарууга, бардык сириялыктардын кызыкчылыктарын эске алууга, ошондой эле аялдардын жана этностук азчылыктардын укуктарынын сакталышын камсыздоого убада берип келет.

Бирок азырынча убадалар кагаз жүзүндө калууда, ал эми иш жүзүндө бийликти Аш-Шараанын жакын чөйрөсү бөлүштүрүп алды – өкмөттөгү маанилүү кызматтарды анын бир туугандары жана ХТШдагы үзөңгүлөштөрү ээлешти.

Сирия боюнча айрым адистер Шараа темир тизгин менен исламчыл Сирияны куруп жатат деп эсептешет. Ушундан улам ал акырындык менен, бирок макул болбогондордун баарын сүрүп чыгарат жана мурдагы көп конфессиялуу коом жок кылынат деп күтүлүүдө.

"Сириянын жаңы бийлиги Сирияда Ислам республикасын куруп жатат, мунун натыйжасында ансыз деле аз калган алавиттер, друздар, күрттөр жана христиандар такыр калбайт", - дейт Фабрис Баланш.

Сириянын айрым чөйрөлөрүндө Асаддын светтик авторитаризминин ордуна исламчыл авторитаризм келет деген кооптонуулар күч алууда.

Жаңы бийликтин зордук-зомбулук менен күрөштөгү жылыштарына БУУ этияттык менен баа берүүдө: "Өкмөт мамлекеттик курулуш жолунда оң кадамдарды жасаганына карабастан, кайталанып жаткан зордук-зомбулук тынсызданууну жаратууда жана убактылуу бийликтин Сириядагы зомбулукту токтотуу жөндөмүнө шек келтирип жатат", - деди Сириядагы окуяларды иликтөө боюнча Көз карандысыз эл аралык комиссиянын башчысы Паулу Сержиу Пинейру.

Башка серепчилер көп жылга созулган согуштан жана бири-бирине ишенбестиктен улам бытыранды болгон коомду бириктирүү үчүн Сирияга жана өткөөл өкмөткө көбүрөөк убакыт берүүнү сунушташат.

Ушул тапта жамааттардын бири да өзүн коопсуз сезбей турат деп эсептейт жакында эле Сирияга барган эксперт Фабрис Баланш.

Күрттөр менен друздар автономияны кеңейтүүнү талап кылышууда, алавиттер бөлүнүп кетүүнү кыялданышат, бай сунниттер Асаддын бийлиги тушунда козголоңчул Идлибге кетпегени үчүн өз уруулаштарынын өч алуусунан коркушат, христиандар радикал исламчылардын таасиринен кооптонуп жатышат.

Дипломатиялык жеңиштер

Узап бараткан жылы аш-Шараа коңшулары менен жолугуп, Европага, Орусияга жана АКШга барды жана Жакынкы Чыгыш институтунун эксперти Чарльз Листер белгилегендей, бийликте 53 жыл турган Асаддарга караганда батыш лидерлерин көбүрөөк кабыл алды.

Тышкы дүйнө менен болгон мамиледе ал прагматикалык ыкма менен иш алып барып, эч ким менен урушкусу келбей тургандай түр көрсөтүүдө. Ал регионалдык жана дүйнөлүк державалардын түрдүү кызыкчылыктарынын ортосунда ийгиликтүү маневр жасай алабы же жокпу – бул азырынча белгисиз.

"Бул курс ага эл аралык легитимдүүлүктү камсыз кылууда, бирок тышкы оюнчулардын ортосундагы карама-каршылыктар улам күчөп жаткан шарттарда тең салмактуулукту сактоо өтө оор болот", - дейт талдоочу Келли Кассис.

Сирияда Орусиянын эки аскерий базасы бар жана Асаддын бийликтен кулашы менен бул базалардын келечеги күмөндүү болчу. Шараа Москвага барганда Кремль менен буга чейин түзүлгөн бардык келишимдерди аткарууга убада берген. Ушундан кийин Москва буудайды жана мунайды жеткирүүнү кайрадан жандандырып, ошондой эле Асаддын режими менен иштешкен "Гознак" компаниясы аркылуу сириялык жаңы банкнотторду басып чыгарууга макул болгон. Сүйлөшүүлөрдө президенттин бир тууганы, гинеколог Махер аш-Шараа маанилүү ролду ойноду, ал 20 жылдан ашык убакыттан бери Орусияда жашап, иштеп келген жана бүгүнкү күндө иш жүзүндө "вице-президенттин" кызматын ээлейт.

"Москва менен макулдашуу Асаддын доорун аныктаган түзүмдүк көз карандылык үнсүз калыбына келгенин жана аны менен бирге Орусиянын таасири кайтканын билдирет. Бирок, кызыкчылыктар дал келгенине карабастан, тараптардын мамилелеринде дагы эле өз ара ишенбөөчүлүк жана белгисиздик байкалат. Бул ажырым канчалык терең болот – же негизи эле болобу – азыр бул Сириянын келечектеги саясий багытынан көз каранды", - дейт Кассис.

Аш-Шараанын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана тышкы күчтөрдүн жардамы болбосо, Сирияны калыбына келтирип, чабал бийликти сактап калуу мүмкүн эмес. Дүйнөлүк банктын эң жупуну эсебине ылайык, өлкөнү калыбына келтирүүгө 216 миллиард доллар талап кылынат, бул жакыр Сирия үчүн көтөрө алгыс сумма.

Октябрдын аягында аш-Шараа Эр-Рияддагы форумда сүйлөп жатып, Сирия 28 миллиард долларга инвестиция тарта алганын айткан. Бирок Сирияга каршы күчүндө турган санкциялардан улам бул акча азырынча өлкөгө келе элек.

2020-жылы күчүнө кирген жана "Цезардын мыйзамы" катары белгилүү негизги санкцияларды алып салуу үчүн АКШ Конгрессинин чечими талап кылынат.

Axios басылмасы ноябрда жазгандай, АКШ санкциялардын толук алынышын Израил менен Сириянын ортосундагы коопсуздук чөйрөсүндөгү макулдашууларга кол коюу менен байланыштыргысы келет.

АКШ аш-Шараа менен Израилдин ортосундагы коопсуздук жөнүндө макулдашууда ортомчулук кылууга аракеттенип келет. Израил Асаддын бийлиги кулагандан кийин Сириянын түштүгүнүн бир бөлүгүн басып алып, Дамасктын түштүгүндө демилитаризацияланган аймак түзүүнү талап кылууда.

Кимдер кайсы жерлерди көзөмөлдөп жатат:

ХТШ (аш-Шараа башында турат) Идлибден Дамаскка чейин Сириянын батыш бөлүгүн көзөмөлдөйт.

Күрттөр (Сириянын демократиялык күчтөрү) түндүк-чыгышты көзөмөлдөйт; саны – 40-60 миң, анын ичинде Элдик өзүн-өзү коргоо отряддары бар.

Друздар: Түштүк Сувейда провинциясын Түштүк фронт менен жергиликтүү кошуундар көзөмөлдөйт.

Түркиячыл күчтөр (СНА) – Түркия менен түндүк чек арасын көзөмөлгө алган.

Сириялык качкындар

Туруктуу Сирия – бул согуш маалында миллионго жакын сириялык баш паанек тапкан Европанын кызыкчылыгына жооп берет.

"Бул качкындардын жакын арада өлкөсүнө кайтышы Европа үчүн зарыл, ошондуктан бул өлкөлөр Дамаск менен жигердүү кызматташууга жана анын өткөөл процессине колдоо көрсөтүүгө кызыкдар", - деп жазат Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Локман Радпей.

Бул күндөргө али көп бар, деп белгилейт БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы. Алардын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 8-декабрынан 2025-жылдын 24-июлуна чейин жаңы Сирияга 720 миң сириялык кайтып келген (40% Ливандан, 37% Түркиядан, 15% Иорданиядан жана 5% Ирактан). Негизинен коңшу өлкөлөргө 5,5 миллион адам качкан эле.

Европага кеткендердин арасынан кайтып келгендердин саны аз.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы май айында жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, континентте жашаган сириялык качкындардын жана башпаанек издегендердин 81% жакынкы жылдары Сирияга кайтуу пландары жок экенин айтышкан. (ZMa)