Климат: Кыргызстан бир ок менен эки коён аткысы келет

Кыргызстан тышкы карызды жашыл технологияларды өнүктүрүүгө чегерүүнү демилгелеп келе жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан тышкы карызды жашыл технологияларды өнүктүрүүгө чегерүүнү демилгелеп келе жатат

Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн СОР 29 саммити жыйынтыкталды. Ал узаган аптанын жума күнү эле аяктамак, бирок талаштуу пикирлерден улам талкуу жекшембиге чейин созулганы айтылууда.

Климат маселеси боюнча дүйнөнүн күрөө тамырын кармамак болгон Баку бир колу менен климат, экинчи колу менен мунай өндүрүү деп турду деген сындар дагы болду.

Оор кесепеттер, миңдеген адам өлүмү, миллиарддаган каржылык зыяндардан улам дүйнө климаттын ысышын жайлатууга арга издеп жаткан чак. Анын бир багыты жашыл технологияга өтүү. Бул жараян кайсы бир мамлекеттерде тездик менен жүрсө, дагы бир тобунда абдан жай жүрүп жатат.

Бул багытта Кыргызстан дагы чама-чаркынын жетишинче аракет кылып жатканын айтууда.

Жакында эле Кыргызстан президенти Садыр Жапаров климаттык аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитине катышканда бул маселе дагы бир ирет козголду.

“Климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды каржылоо боюнча жаңы жамааттык максатты тез арада кабыл алууну колдойбуз. Өнүккөн өлкөлөрдү өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге жардамды эки триллион АКШ долларына чейин жеткирүүгө жана бул каражаттарды алуу жолдорун жеңилдетүүгө чакырабыз”,- деди Жапаров.

Кыргызстан климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна тышкы карызды алмаштыруу механизмин демилгелеген.

Жапаров демилгесин колдоп бергени үчүн Түркия менен Германияга ыраазычылыгын билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Биз мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү жашыл долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоону сунуштайбыз. Анын ичинде Кыргызстанда түзүлүп жаткан Климаттык трасттык фонддун механизмин пайдалануу менен экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлор каржыланат. Бул фонддун ишмердүүлүгүнө кызыкдар өлкөлөрдү катышууга чакырам”,- деди Жапаров.

Азырынча эки эле мамлекеттин колдоосун тапканы менен бул аракет коомчулукта жылуу кабыл алынып, карыз катары төлөнбөй жаңы технология аркылуу каражат Кыргызстанда калганы абдан пайда деп жатышат.

Ноябрдын башында Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 58,9 миллион доллар карызын кечкенин айткан. Түрк президенти Садыр Жапаровдун карызды жашыл экономикага алмаштыруу демилгесин колдой турганын билдирген.

Мындан тышкары Финансы министрлиги 14,9 млн евро карызды кечүү боюнча KfWга кат жөнөткөн. (KfW — бул Германиянын эң ири мамлекеттик каржылык уюмдарынын бири).

Маалыматка ылайык, учурда кат банктын кароосунда турат. Бул ишти немис тарап Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программасына аудитордук текшерүү өткөргөндөн кийин жогоруда көрсөтүлгөн сумманы эсептен чыгарат.

Финансы министрлиги билдиргендей, 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 617 млн. долларды же 557 миллиард 151 миллион 50 миң сомду түзөт. Анын ичинен 68,9 % же 4 562,34 млн доллар тышкы карыз, 31,1 % же 2 054,66 млн доллар ички карыз.

“Кыргызстан ансыз дагы жашыл өлкө”

Азамат Темиркулов

Сүрөттүн булагы, Facebook

Көз карандысыз эксперт Азамат Темиркуловдун айтымында, Кыргызстанда жашыл экономикага өтүү демилгеси бир канча жыл мурун эле башталып, бул боюнча атайын программа дагы кабыл алынган.

Анын алкагында айыл чарба, транспорт, гидроэнергетика негизги тармактар катары белгиленип, аларды жашыл технологиялар менен жаңыртуу пландары коюлган.

“Мисалы, күн жана шамал энергиясын өндүрүү, кичи ГЭСтердин санын көбөйтүү иштери жүрүп жатат. Айыл чарбада тамчылатып сугаруу сыяктуу табиятка аяр мамиле жасоого багытталган технологиялар кеңири колдонулууда. Бул кадамдар Кыргызстандын экономикасын туруктуу жана экологияга зыянсыз өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө”,- деди эксперт.

Темиркуловдун айтымында, Кыргызстан ансыз дагы жашыл өлкө болуп саналат. Анын энергиясынын 90 пайызы гидроэнергетикадан алынат.

Эксперт гидроэнергетика дүйнөдөгү эң таза жана экологиялык жактан коопсуз энергия булагы экенин кошумчалады.

“Ошол эле мезгилде кемчиликтер дагы бар. Өлкөдө экологияга зыян келтирген эски технологиялар дагы деле колдонулуп келет”,- деди ал.

Эксперттин баамында, Кыргызстандын жашыл экономикага толук өтүшү узак жана татаал процесс болушу мүмкүн. Ал бул багытта алгачкылардан болуп иш баштаган Норвегияны жана Германияны мисалга тартып, мындай системага өтүү үчүн аларга ондогон жылдар талап кылынганын баса белгиледи.

Кыргызстан болсо жашыл экономикага толук өтүү боюнча так мөөнөт белгилөөдөн этияттык кылууда. Бирок 2050-жылга чейин абага бөлүнгөн уу заттарды 100 пайызга токтотуу максатын койгон.

Темиркулов белгилегендей, Европанын өнүккөн өлкөлөрү карыздарын жашыл долбоорлорго алмаштырууну колдоп, Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге жардам көрсөтүп жатканы абдан жакшы демилге.

“Бирок Кыргызстандын Кытайга болгон бересесин эске алганда Кытай карыздарын жашыл долбоорлорго алмаштырбайт”,- деди ал.

Айыл чарба, суу жана энергетика...

Нурзат Абдырасулова

Сүрөттүн булагы, Green-alliance.kg

“Жашыл альянс” уюмунун мүчөсү Нурзат Абдырасулова Кыргызстан жашыл экономика багытында эл аралык деңгээлде дагы саясий эркин көрсөтүп жатканын айтты.

“Мамлекеттин негизги функциясы мыйзамдарды, стандарттарды түзүү жана ийгиликтүү шарттарды камсыз кылуу. Бул багытта иштер жаңыдан башталууда. Буга чейин жашыл экономика боюнча программалар болгону менен, алар көбүнчө декларативдүү мүнөзгө ээ болуп келди. Учурда болсо, жакшы экономикалык программалар түзүлүп, жашыл таксономия кабыл алынганы турат. Бирок бул багытты өнүктүрүү үчүн көптөгөн шарттар керек. Бул каражат маселеси менен эле чектелбейт. Профессионалдык жактан өсүү, кадрларды даярдоо, адамдардын түшүнүгүн өзгөртүү зарыл. Ошондой эле долбоорлордун сапатын жакшыртуу абзел”,- деди Абдырасулова.

Кыргызстан калкынын көпчүлүгү айыл жеринде жашай турганын айткан эксперт жашыл экономиканы өнүктүрүүдө айыл чарба, суу жана энергетика негизги приоритет бойдон калышы керек деди.

“Климаттын өзгөрүүсүнөн улам кыян, сел сыяктуу табигый кырсыктар күчөп, инфратүзүмдүн туруктуулугун камсыз кылуу зарыл болуп турат. Бийлик бир гана экологияга басым жасабастан, бул багытта дагы чыныгы долбоорлорду ишке ашыруучу атайын агенттик түзүшү керек. Мындай практика көптөгөн өлкөлөрдө бар. Андан тышкары, туура маалыматтарды чогултуу, аларды иштеп чыгуу, болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн бирдиктүү координациялык уюм зарыл. Бул багытта чоң иштер алдыда турат”,- деп кошумчалады Абдырасулова.

Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын 2030-жылга карата өз күчү менен 16 пайызга, эл аралык колдоо болсо 44 пайызга кыскартууну пландоодо.