Трамп: БРИКС доллардын кунун түшүрүүгө аракет кылса, татыктуу жооп болот

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Америка кошмо штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кайсы бир өлкө АКШ долларынын кунун алсыратууга аракет кылса, ал өлкөнүн товарларына 100 пайыздык бажы төлөмү киргизиле турганын эскертти.
Трамптын ишемби күнкү бул билдирүүсү БРИКС уюмунун тогуз өлкөсүнө багытталды. Бул топко Индия, Орусия, Кытай, Бразилия, Түштүк Африка, Египет, Эфиопия, Бириккен Араб Эмираттары жана Иран кирет.
Малайзия, Түркия, Азербайжан сыяктуу өлкөлөр да БРИКС уюмуна мүчө болуу ниетин билдирип арыз беришкен.
Трамптын айтымында, БРИКС өлкөлөрү башка валютаны колдоно турган болсо, анда Америка долларынан баш тартуунун баасы кымбатка түшөт:
"Эгер БРИКС өлкөлөрү муну жасаса, алар кубаттуу Америка экономикасына өз продукцияларын сатуу мүмкүнчүлүгү менен кош айтышат".
АКШнын жаңы шайланган президенти БРИКС тобун "сөөмөйлөгөн" бул билдирүүсүн өзүнүн Х баракчасына жазды:
"БРИКС өлкөлөрүнүн доллардан баш тартуу идеяларын биз мындан ары жөн гана байкап отура албайбыз. Бул өлкөлөрдөн БРИКСтин жаңы валютасын түзбөй турганына жана башка валютаны АКШ долларына алмаштырбай турганына кепилдик талап кылабыз".
АКШ БРИКС тобуна эскертүү берүү менен Орусияны алсыраткысы келеби же чын эле доллардын келечегине коркунуч жаралуудабы?
Бул суроонун айланасында дүйнөлүк саясатка саресеп салган эксперттер ой-пикирин Би-Би-Си менен бөлүштү.
Трамптын билдирүүсү доллар дүйнөлүк экономикага дайыма үстөмдүк кылып турушуна кызыкдар дегенди билдирет. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт жана The Image India Institute уюмунун президенти Робиндер Сачдев айтты.
АКШ доллары көптөн бери дүйнөлүк валютага айланган. Доллар менен бирге евронун дагы эл аралык соодадагы орду жогору.
"Дүйнө жүзү боюнча борбордук банктардагы валюталык резервдердин 65 пайызга жакынын АКШ доллары түзөт. Доллардын күчү Америка экономикасынын кубаттуу экендигинин символу", - деди ал.
Индиядагы эл аралык маселелер боюнча кеңештин илимий кызматкери Фазур Рахман Трамп эч кандай жаңы нерсе айткан жок деп эсептейт.
Анын пикирине караганда, Трамп үгүт өнөктүгү учурунда ушул эле сөздөрдү бир нече жолу айткан.
БРИКС долларга альтернатива издеп жатабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Американын Кытай жана Орусия менен мамилеси барган сайын чыңалууда. Эксперттердин баамында, Орусия Украинага согуш ачкандан бери Кремль менен Бээжин бири-бирине мурдагыдан да жакындай баштады.
Эки өлкө тең АКШ үстөмдүк кылган дүйнөлүк тартипти четке сүрүүнү жана көп полярдуу дүйнө түзүүнү жактап келишет.
Мунун өзү алардын америкалык валютанын көп убактан берки дүйнөлүк экономикадагы үстөмдүгүн алсыратууга аракет кылып жатканын көрсөтүп турат.
Бир жыл мурун Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Азия жана Африка өлкөлөрү менен АКШ долларынын ордуна юань менен соода жүргүзүү ниетин билдирген.
Кытай Орусия менен өзүнүн валютасы юань аркылуу соода жүргүзүп жатат. Орусия да ушундай жолго өткөн, анткени Америка жана Батыш өлкөлөрү Кремлге каршы катаал экономикалык санкцияларды киргизген.
Америка, Евробиримдик, Британия жана анын көптөгөн союздашы орусиялык банктарды эл аралык төлөмдөр үчүн маанилүү система болгон SWIFT тутумунан чыгарып салган.
SWIFT – банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык система.
Орусияга киргизилген санкцияларды көрүп, БРИКСтин башка мүчөлөрү да келечекте мындай көйгөйгө туш болуп калбоонун жолун издеп жаткан болушу ыктымал.
"БРИКС өлкөлөрү азыртан аракеттерди көрүп жатышат. Алар альтернативалык валюта түзө алышпаса да, жок дегенде бирдиктүү каржы тармагын түзүүгө аракет кылышууда", - дейт Робиндер Сачдев.
SWIFT системасына Америка, Европа жана Батыш өлкөлөрү үстөмдүк кылат. Кайсы бир өлкөгө санкция киргизилгенде ал бул системадан обочолонуп калат.
Ушул себептен алар каржы тармагын түзүүнүн жолдорун карап жаткан болушу мүмкүн.
БРИКС долларга альтернатива таба алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
БРИКС өлкөлөрү альтернативалык план түзүп жатышканы анык, бирок бул жакын арада ишке ашпайт дейт, Робиндер Сачдев.
Демилгелер башталганына Кытай менен Бразилиянын юань аркылуу соода жүргүзүү келишими далил.
Орусия да Сауд Арабиясы менен соода алакасында долларга болгон көз карандылыкты азайтууга аракет кылып жатат. Эки өлкө бир катар альтернативдүү валюталарды, анын ичинде кытай юанын колдонууга өтүп, соода келишимдерин долларсыз жүргүзүүнү башташкан.
Деген менен Робиндер Сачдевдин пикиринде, азырынча эч бир валюта долларга каршы тура албайт.
Анда Трамптын корккону эмне?
БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөрдүн калкы дүйнө элинин 41 пайызга жакынын түзөт. Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча, БРИКСтин дүйнөлүк ИДПдагы үлүшү болжол менен 37 пайызга барабар.
БРИКСке кирген БАЭ жана Иран чийки мунай рыногунда үстөмдүк кылган өлкөлөр.
Акыркы жылдары БРИКС өлкөлөрү улуттук коопсуздуктан тарта экономикалык кызматташтыкка чейинки маселелерде алдыга жылып, бирин-бири колдошууда.
Уюмга кирген өлкөлөр 2015-жылы биргелешкен Жаңы өнүгүү банкын (New Development Bank) түзүшкөн, анын штаб-квартирасы Кытайдын Шанхай шаарында жайгашкан.
Бул банк акыркы жылдары Кытайдан Түштүк Африкага чейин көптөгөн ири долбоорду каржылады жана акча доллардын ордуна жергиликтүү валютада берилди.
Эксперттердин айтымында, мындай аракеттер келечекте доллардын кунун түшүрүүгө таасир тийгизиши мүмкүн. Трамптын билдирүүсү да ага жол бербөөнүн алгачкы чарасы болушу ыктымал.
Анткени Трамп дайыма айтып келген "Америка биринчи " урааны дүйнөлүк тартипти көзөмөлдөө, экономиканы коргоо, улуттук коопсуздукту күчөтүү сыяктуу маселелерди камтыйт.
"Трамп эч нерседен коркпойт. Бирок ал кайсы бир өлкө мындайга бара турган болсо, кандай жооп болорун жана ага жол берилбей турганын ачык билдирүүдө",- дейт Фазур Рахман.
Учурда дүйнөгө АКШнын үстөмдүгү сакталып турат. БРИКСке мүчө болгон айрым өлкөлөрдүн өз ара соода келишиминен улам доллардын куну түшүп кетти деп айтууга эрте.
Ошентсе да көңүл бура турган нерсе, 15-20 жыл мурун мындай талкууну баштоо мүмкүн эмес болчу. (SA)












