Марафондо аялдар эркектерден жакшы чуркашабы?
Адамдардын узун аралыкка чуркоосуна эмне түрткү берет? Бир нече саат бою ооруну, өлгүдөй чарчоону, кээде үмүтсүздүккө кабылган адам кайра дагы эмнеге чуркайт? А бирок...
Октябрдын биринчи дем алышында Лондондо салттуу марафон өткөн. Өткөн жылы ал пандемиядан улам виртуалдык режимде болуп, бирок ага коронавирустук тесттен өткөн 40 миңден ашык жөө күлүк катышкан. Дагы 40 миңге жакын адам дистанциондук форматта катышкан, алар атайын тиркеме аркылуу өз маршруту боюнча марафондук аралыкты чуркашкан.
42 километр аралыкта азап чегип эмнеге чуркашат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алардын саны барган сайын көбөйүүдө
Биринчи жолу 1896-жылы Афинада өткөн Олимпиадада спорттук марафонго 17 спортчу катышкан. Анда жеңүүчү 42 чакырым аралыкты 2:58:50дө басып өткөн. Бүгүнкү күндө бул жыйынтык абдан татыктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок биздин замандын эң ылдам марафончуларынан дээрлик бир саатка артта.
Мындан тышкары, биз азыр илимий көз караштан алыс аралыкка чуркоо феномени жөнүндө көбүрөөк түшүнөбүз - ден-соолукка тийгизген таасиринен психологиялык мотивацияга чейин.
Марафончулар Олимпиада медалдарын же алардын ысымы спорт тарыхында түбөлүккө сакталат деп деле күтүшпөйт. Ошол эле учурда машыгуулары көп убакытты, күчтү жана энергияны талап кылат, ал эми жарыштын өзү чемпиондор үчүн да азаптуу.
Ушунун баарына карабастан, Америка Кошмо Штаттарында марафондук жарыштарга катышуучулардын саны, мисалы, 1980-жылдан бери 255% га өстү, Лондон марафонуна катышуу үчүн арыздардын саны жыл сайын өсүп жатат.
Мисалы: 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча марафондук аралыкты 1 298 725 адам басып өткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ден-соолук жана психика үчүн дагы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Адамдардын "марафонго" тартылышынын эң айкын себептери - чуркоонун физикалык жана психикалык ден соолукка тийгизген оң таасири.
Албетте, кээ бирөөлөр катуу машыгуу алардын денесине зыян келтиреби деп кооптонушат, айрыкча, начар даярдангандар. Бирок машыгуу эрежелерге ылайык жүргүзүлсө, ден соолукка тийгизген пайдасы тобокелдиктерден жогору болот.
Арыктоо жана жүрөк-кан тамыр системасын жакшы кармап турары жакшы белгилүү, бирок изилдөөлөр дайыма узун аралыкка чуркоонун жаңы артыкчылыктарын ачып турушат.
Мисалы, марафондор кан тамырлардын жашын кыскартат, ошондой эле когнитивдик мээнин иштешин жана көздүн саламаттыгын жакшыртат (Германиянын Аугсбург университетинин изилдөөчүлөрүнүн акыркы изилдөөсүндө көрсөтүлгөнгөн).
Эми псиологиялык мотивация тууралуу жана буга ар бир жөө күлүк өзүнүн жообун берет.
Нью-Йорктук Мэтт Хафф, марафон жана марафончулар жөнүндө эки китептин автору. Ал быйыл Берлинде тогузунчу марафонуна катышты. "Мен мара сызыгын кесип өткөндө, жетишкендик сезимин сезем жана бул мага кайра дистанцияга кайтууга түрткү берет",- дейт ал.
"Спорттун башка түрлөрүндө мындайды сезбейсиз. Жалпысынан марафонго сарпталган убакытты жана күчтү футбол матчына же теннис оюнуна салыштырууга болбойт. Бир гана суроо - өзүңүздү ушул тозоктон өтүүгө мажбурлай аласызбы?”
Башка марафончулар үчүн өздөрүнүн физикалык чектерин басып өтүү узак аралыкка чуркоонун жагымдуулугунун бир бөлүгү гана.
Тубаса кулагы укпаган марафончу Том Эллер Германиянын Эссен шаарынан болот. Ал буга чейин 11 марафонго катышкан. Ал 2019-жылы Берлинди 2:47:11де чуркап, Германиядагы эң ылдам кулагы укпаган марафончу болгон.
Дүлөй жана азиз студенттерге сабак берген Эллер мындай дейт: “Дүйнө жүзү боюнча марафондордо чуркоо менен мен башка адамдар менен баарлашуудагы тоскоолдуктардан улам татаалдашкан өзүмдүн жашоомду сынадым. Жана мен муну менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деле көп нерсеге жетише алышарын көрсөтөйүн дедим. Менин кулагы укпаган балдарыма үлгү болуп калдым».
Ал эми Гарвард университетинин кенже окутуучусу Кайли Беннеттке марафондор эпилепсияны жеңүүгө жардам берет. "Менин жашоомдо кандайдыр бир физикалык көнүгүүлөр үчүн өзүмдү аябай жаман сезген учурларым көп болгон. Андыктан марага жеткен сайын мен муну жасай алганыма чексиз ыраазы болом",- дейт ал.
Бирок көбүнчө Беннетт башка маданияттарды таанууга жана башка өлкөлөрдөн келген адамдар менен таанышууга мүмкүндүк берет. “Мен дүйнөнү ушинтип изилдеп жатам,— дейт ал.— Менин оюмча, жаңы шаар менен таанышуунун эң жакшы жолдорунун бири — анда марафон өткөрүү”.
Бирок, ар бир жөө күлүктүн марафонго катышуу үчүн өзүнүн себептери бар, болгону көпчүлүк адамдарды бириктирген бир нече негизги тенденциялар бар.
Польшанын дене тарбия академиясынын окумуштууларынын изилдөөлөрү. Ежи Кукучка (Ежи Кукучка - атактуу польшалык альпинист, планетанын бардык сегиз миңин багынткан дүйнөдөгү экинчи альпинист, 1989-жылы Гималайда каза болгон) адам марафонду чуркап өтө алса, анда ал өзүнө аны кыла аларын далилдейт жана анын жашоосундагы бул окуя эң маанилүүлөрдөн болуп калып, анын кийинки жетишкендиктерине таасир этиши мүмкүн.
Шотландиядагы Лохнесс марафонунда чуркаган Полина Романова, Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчысы
"42,2 чакырым адатта ажатканага кезекке туруудан башталат. Эгер аба ырайы жакшы болсо, бананды (углевод) чайнап, ордуңда машыгып же башкалардын даярдыгын карап тура аласың. Эгер аба ырайы начар болсо, медитация жана таштанды баштыктары жардам берет (башында жаныңызга ала турчу нерселердин бардыгын калтырышыңыз керек болот.) Баштыктан кол жана буттар үчүн тешик жасап, жамгырда кийилүүчү кийим жасай аласыз. Ал биринчисинде жакшы болбой калса, экинчисин кылганда эки кат кылып алсаңыз, жылуураак дагы болот.
Үчүнчү километрде аба ырайы көйгөй болбой деле калат.
Жолдо чоочун адамдар менен буттар жөнүндө, поэзия жөнүндө, марафондордун саны жөнүндө баарлашуу жардам берет. Эң негизгиси бейтааныш адамдарга байланбаңыз, анткени алар эртеби-кечпи сизден ашып өтүшөт же артта калышат.
Эгерде сиз окуу китебиндегидей аралыктын биринчи төрттөн үч бөлүгүн чуркап өтсөңүз, анда акыркы километрлерде ылдамдыкты кошууга күчүңүз керек, жол боюндагы туш келди адамдардын көңүлүнөн өзүңүздү олимпиадачыдан кем эмес сезишиңиз керек.
Эгер жолдо бардык күчүңүз түгөнсө, өзүңүздү колго алып, финишке сүрөткө түшүү үчүн жылмаюңузду да даярдап коюңуз.
Эркиндик, жетишкендик жана атаандаштык.
Лунд университетинен (Швеция) Карис Иган-Виджер марафондук чуркоодо күнүмдүк жашоонун аспектилери олуттуу чагылдырылганын аныктады. Аны менен маектешкенде, жөө күлүктөр көбүнчө марафондорго катышуунун үч негизги себебин айтышкан. Алар: эркиндик, жетишкендик жана атаандаштык.
Бирок, Иган-Виджер дагы бир мотивацияны белгилейт: чыдамкайлык үчүн жарыштар белгилүү бир социалдык статуска ээ болуунун бир жолу болушу мүмкүн.
Сиздин аябай узак аралыкты басып өтүүгө жөндөмдүү экениңиз сиз өзүңүздүн жеке брендиңизди түзүп жаткандай болуп, башкаларга сиздин ден соолугуңузду, эффективдүүлүгүңүздү жана натыйжалуулугуңузду көрсөтөт деп баса белгилейт окумуштуу.
Жетишкендиктериңиз менен бөлүшүү үчүн фитнес колдонмолорун колдонгонуңузда эффект күчөйт.
Бул Канаданын Торонто университетиндеги Дженна Гилкрист жана анын кесиптештеринин машыгууда жана чуркоодо өзүн-өзү сыйлоонун же сыймыктануунун ролу боюнча изилдөөсүнө дал келет окшойт. Натыйжалары менен сыймыктангандар машыгуу учурунда көбүрөөк күч жумшашты, ага көбүрөөк убакыт коротушту.
Бирок, ар башка жыныстагы марафончулардын мотивациясы ар кандай болушу мүмкүн экендигинин далилдери да бар. Поляк илимпоздору жүргүзгөн бир изилдөөнүн жыйынтыгында: "Марафончу аялдар эркектерге караганда салмактан арылуу, тиешелүү сезимди сезүү, психологиялык көйгөйлөрдү жеңүү, жашоонун маанисин табуу жана өзүн-өзү сыйлоону жогорулатуу каалоосу менен көбүрөөк мотивацияланат, бирок атаандаштык менен эркектерге караганда азыраак."
Окумуштуулар ошондой эле аралыкка чуркоодогу темп эркектер менен аялдардын ортосунда башкача экенин аныкташкан.
Аялдар эркектерден жакшы чуркашабы?
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар эркектерге караганда марафон аралыгында чуркоо темптерин жакшыраак сакташат.
Копенгаген бизнес мектебинин марафончусу жана статисти Йенс Андерсен 131 марафондон маалыматтарды чогултуп, эки жыныстагы жөө күлүктөрдүн аралыкта чуркоосундагы басаңдоо даражасын изилдеген. Эркектерде ылдамдык жай чуркаганда азайган.
Эркектер аялдарга караганда марафондордо жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушса да, аялдар өтө узак чуркоодон артыкчылыкка ээ болушу мүмкүн, анткени аларда чарчоо менен жакшы күрөшүүгө жардам берүүчү аэробдук («жай») булчуң жипчелери көбүрөөк.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чуркоого мас болуу
Акырында, узак аралыкка чуркоочулар үчүн эң акыркы мотивациялоочу фактор болуп «жүгүрүүчүнүн эйфориясы» деп аталган өзгөчө сезим саналат (спортчуларда узакка созулган физикалык көнүгүү учурунда байкалган жеңил масчылыкка окшош абал, анын натыйжасында ооруга жана чарчоого каршы чыдамкайлык күчөйт), башкача айтканда, чуркоодон чыныгы ырахат. Марафончулардын мээсинде алар чуркап баратканда эмне болот?
Бул жерде эндорфин гормондору роль ойнойт деп эсептелинет, бирок кээ бирөөлөр айткан тынч кубанууну кандагы эндоканнабиноиддердин деңгээлинин жогорулашы менен шартталган.
Натыйжада алыска чуркоодо мээ жай иштеп жана жаман эскерүүлөрдү өчүрүшү мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2019-жылы Доминика Фарли жана анын Краков шаарындагы Ягеллон университетиндеги (Польша) кесиптештери төрөт учурундагы оору менен марафонду жеңүүдө окшоштуктарды көрсөтүшкөн.
Бул эки учурда тең адамдар бул ооруну кийинчерээк эстегенде азайтып коюшат, муну мээге окситоциндин (гипофиздин арткы бөлүгүнүн гормону) чыгышы менен түшүндүрсө болот - бул биздин эс тутумубуздун коддолушуна таасирин берет дейт изилдөөчүлөр.
Көп нерсе контексттен да көз каранды: эгерде физикалык оорунун тажрыйбасы жарышта жеңиш менен аяктаса (же баланын ийгиликтүү төрөлүшү), адам ооруну башкача кабыл алышы мүмкүн.
Бул эмне үчүн мынчалык көп адамдар бир марафон менен чектелбей жатканын түшүндүрүшү мүмкүн. Мисалы, 18 марафонго чуркаган мугалим Эрин Макбрайд 2005-жылы 18 жашында узак аралыкка чуркай баштаган. «Мен бир жолу марафонго катышам, анан ошону менен бүтөт деп ойлогом. Ушул максатка жеттим деген белгини коем дагы, болду дегем. Бирок ошол 2005-жылдын ноябрындагы күн менин жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү. Ошондон бери мен жылына жок дегенде бир марафонго катышам, көп учурда үй-бүлөмдөн бирөө менен жанаша чуркайм».
Бирок 42 башка өлкөдө 176 марафонду чуркап өткөн 58 жаштагы ливерпулдук Энди Глендин жетишкендигин кайталай албагандар аз.
Азыр анын максаты 50 түрдүү өлкөдө 200 марафон өткөрүү. Бирок, ал да башынан далай азапты өткөргөн.
"Жарыштан кийин менден марафонду чуркоо оңойбу деп көп сурашат",- дейт ал. "Жообу жөнөкөй: жок. Чуркаган сайын акыркы алты миль мен биринчи жолу марафонду чуркаганымдай азап менен коштолот". (MD)












