Казакстан-Кытай: "Дипломатиялык жеңишке" жибигендер жана жеригендер

Казакстан Кытай менен 30 күндүк визасыз режимди киргизүүнү "дипломатиялык жеңиш" деп атап, коңшу өлкөнүн жайнаган туристтеринен канча пайдага туйтунарын эсептеп жатат. Бирок эксперттер баамында эл ичинде Казакстандын коррупциялашкан бийлигин Кытай эпчилдик менен пайдаланып жатат деген каршылык маанай дагы эле чоң.

Визасыз режимди бир айга киргизүү менен Казакстан эң биринчи кезекте туризмди өнүктүрүүнү максат кылууда.

"Келишимге кол коюу Казакстан Республикасы менен Кытай Элдик Республикасынын ортосунда тыгыз кызматташтыкты бекемдөөгө дем берет» - деп айтылат визасыз режимди киргизүү тууралуу токтом долбоорунда.

Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Документтин тексти расмий сайтта жарыяланды жана 26-апрелге чейин талкууда болот.

Ошол эле убакта эки өлкө тең коңшу өлкөнүн жарандарын коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу же калктын саламаттыгын коргоо максатында киргизгенден баш тартканга же киргенге документ бербей койгонго укуктуу.

Азыркы убакта Кытайга бара турган казакстандыктар үчүн документтердин стандарттык топтомун тапшырып туристтик виза алыш керек. Буга паспорт, фотосүрөт, анкета, камсыздандыруу, мейманкананын брону, авиабилет, чакыруу керек.

Казакстан өткөн жылы Кытай, Индия жана Ирандын жарандарына 14 күнгө визасыз режим киргизген. Эми кытай жарандары үчүн бул мөөнөт 30 күнгө узарган жатат.

Визасыз келген жарандарга эмгек же башка акы төлөнгөн иштерди аткарууга болбойт.

Бул эрежени бузгандарга айып пул салынат же 15 суткага камакка алынып, Казакстандан чыгарылат жана беш жылга чейин кайра киргенге тыюу салынат.

Казакстан менен Өзбекстан дагы ушул жылдын башында бири-биринин жарандарына каттоосу жок жүрүү мөөнөтүн отуз күнгө жеткиришкен.

Каршылык маанай

Борбордук Азиянын башкаруучулары кытай капиталынын келишин колдоп жатышкан менен кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин жериген мамилесине туш болууда, кээ бир жерде ксенофобия көрүнүштөрү болуп жатат.

Ошентип Казакстан өкмөтү Кытай жарандарына визасыз режим мөөнөтүн чоңойтуп жаткан убакта, кытайга каршы коомдук маанай мурдагыдай эле деңгээлде турат.

Ошол эле убакта Кытай "жумшак күч" долбооруна көп каражат жумшап жатат.

2016-жылы Казакстанда кытайларга жер берилип жатат деген каңшаар элди көчө акцияларына алып чыкты.

2019-жылы күзүндө президент Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга сапарынын алдында каршылык акциялары болгон. Мангыштау областында Жанаөзен шаарында ондогон адамдар Кытай менен мунайгаз тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө каршы болуп, Кытайдан кредит албоого чакырышкан.

«Биз кытай экспансиясына каршыбыз, «Кытай заводдору болбосун» деген ураан менен митингдер Актөбө, Чымкент, Алматы, Уралск, Актау жана баш калаа Астанада болгон.

Кытай Казакстанды өзүнүн кызыкчылыгында пайдаланууда деген пикир жергиликтүү элде кеңири тараган. Анын үстүнө Казакстандагы кытайлардын бизнестеги практикасына, колдонгон технологиясына да дооматтар көп. Биринчи кезекте Кытай бул регионго айлана-чөйрөнү булгай турган технологияларды экспорт кылууда дешет.

Кытай менен түзүлгөн көп инвестициялык келишимдердин жалпы элге жарыгы тийбей, жогорку деңгээлдеги коррупияга айланып кеткени тууралуу да нааразылыктар болбой койгон жок. Визасыз режимдин дагы пайдасына ошондуктан ишенбөөчүлүк күчтүү.

"Биздин кылы кыйшайбаган коррупцияны эске алганда, бул Казакстан үчүн тымызын интервенция. Кытайлар бизнес үчүн визага жылчыктарды табат. Барган сайын алар бул жакта көбөйгөндөн көбөйө берет, бизнести жайнатып колго алат. Анан ошондо кутулуп көр алардан",-дейт Руслан Шакиров Фейсбукта.

Анысы аз келгенсип, Кытайдын компартиясы менен өкмөтүнө каршылык маанай жараткан тарыхый себептер да бар.

«Жаштар арасында кытайга каршы маанай күчөп жатканын көрүп жатам. Менин изилдөөлөрүм боюнча 2014-жылдан баштап жыл сайын Казакстан боюнча университеттердин студенттеринде Кытайдын пайдасынан зыяны көп болуп жатат деген көз караш көбөйүүдө",-дейт Назарбаев университетинин политология жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн профессору доктор Джессика Нефи CABAR.asia сайтына берген маегинде.

Ошентип, улутчулдук, коррупция менен экологиялык маселелерден чыккан нааразылыктарга эми визасыз режимди киргизүү кошул-ташыл болуп, өкмөткө каршы маанайды курчутушу мүмкүн.

Бирок Фейсбуктагы талаш-талкууга караганда, визасыз режимге каршы болгондор менен катар аны жактагандар да жетиштүү.

“Көп түшүнбөгөндөр бул режимге каршы болууда. Чынында бул биздин дипломатиянын эң чоң жеңиши, ал Казакстанга чоң пайда алып келет”,-дейт Серик Султанов. – “Алар баары келип алып калып калат деп коркпош керек. Аларга эч ким Казакстандын жарандыгын бергени жаткан жок. Визасыз режим 30 күн менен чектелет жана дагы 30 күнгө узартылышы мүмкүн. Булар негизинен туристтер болот. Азыркы күндө Кытай дүйнөдө туристтерди эң көп чыгарган өлкө... Керек болсо кытай туристтери үчүн дүйнөдө туризм тармагында чыныгы кармаш жүрүп жатат”.

Кытайдын кыйкымы

Кытайга каршы маанайды курчутуп жаткан дагы бир маанилүү фактор - Шинжаңдагы мусулман азчылыктартардын кысымга, куугунтукка алынып жатканы. Анын ичинде Кытайда жашаган бир далай этникалык казактар да бар. Казакстанга көчүп барып, жарандыгын алмаштыргандар да көп, аларды оралмандар деп коюшат.

Бирок алар Казакстан жарандыгын алган күндө да Кытайга туугандарына барып калса, кытай бийлигинин кыйкымынан куткарбайт экен.

"Кытайга баргандан кийин: «Мен Казакстандын жаранымын, мага тийбегиле" деп айта албайт. Эгер бир туура эмес иш кылсаң, анда, албетте, жооп берет», — деген ТИМдин өкүлү Айбек Смадияров. (КС)