Казакстан: президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Элдияр Бакиров, Би-Би-Си, Казакстан

Казакстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча азыркы президент Касым-Жомарт Токаев жеңишке жетти.

Расмий маалымат боюнча, 20-ноябрда өткөн шайлоого дээрлик 70 пайыз шайлоочу катышып, анын 80 пайыздан ашууну учурдагы өлкө башчыга добуш берди. Бул күтүүсүздүк болгон эмес, анткени саясат талдоочулар башка талапкерлер Токаевге татыктуу атаандаштык көрсөтө албасын белгилешкен эле. Ал тургай талапкерлер Жигули Дайрабаев менен Салтанат Турсынбекова шайлоону таанып, Касым-Жомарт Токаевди жеңиши менен куттуктады.

Айрым аналитиктер Токаев ага реалдуу оппозиция пайда болгонго чейин бул шайлоо аркылуу өз бийлигин “мыйзамдаштырып” алды деп эсептешет. Ал эми көз карандысыз байкоочулар Казакстандын ар кайсы аймактарында мыйзам бузууларды каттады.

Шайлоонун жүрүшү...

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү үчүн 10 миңден ашуун шайлоо участогу уюштурулган. Казакстандан сырткары 50дөн ашуун мамлекетте дагы казакстандын жарандары добуш бере алат.

Казакстандын бийлиги шайлоо мыйзам чегинде, толук кандуу атаандаштыкта жана ачык-айкын уюштурулганын, элдин тандоосу чече турганын билдирип келе жатат.

Казакстанда “кандуу январдан” бир жылга жакын убакыт өткөндөн кийин ал өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоого алты талапкер ат салышууда, бирок эксперттердин көбү ким жеңүүчү болоорун боолголоп жатышат. Сөз учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев тууралуу болуп жатканын түшүнүү татаал эмес.

“Алдыдагы шайлоо, альтернативасыз шайлоо иретинде өткөнү турат, башкача айтканда, Токаев доминант талапкер болот дагы, шайлоо өттү деген ойду калыптандыруу үчүн спутник талапкерлерди тиркеп коёт”, - деген казакстандык серепчи Шалкар Нурсейит Би-Би-Сиге курган маегинде. 

Бул шайлоо жаңы мыйзам менен өтөт: эми президент жети жылдык бир мөөнөткө шайланат. Бирок бул Токаевдин дагы бир жолу шайланышына чектөө коё алабы?

Эксперттер бул шайлоо аркылуу Токаев көз карандысыз саясатчы катары чыгып, Нурсултан Назарбаевдин саясий мурасынан биротоло кутулуу аракетин жасады деп эсептейт. Казакстандын эски Баш мыйзамы боюнча беш жыл, жаңы Конституция боюнча жети жылдык мөөнөт көрсөтүлгөн

Бир топ эксперттер Токаев кандай болбосун өз позициясын бекемдөөгө аракет кылууда дешет. 

"Бул Путин же Назарбаев сыяктуу автократиялык президенттер кеңири колдонгон практика. Анда президент өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн өткөрүп бергендей көрүнөт, бирок иш жүзүндө өзүнө кийинки президенттик мөөнөткө кепилдик берет", - деди Би-Би-Си орус кызматына казакстандык саясат таануучу Димаш Алжанов. 

“Конституцияда баары так жазылган: менин башкаруу мөөнөтүм 2000-жылдын декабрь айына чейин”, - деген биринчи президент Нурсултан Назарбаев 1995-жылы өткөн референдумдан кийин. Анда Назарбаев президенттик мөөнөтүн референдум аркылуу узартып алган. Арадан 12 жыл өтүп Конституцияга дагы өзгөртүүлөр киргизилип, Назарбаев үчүн коюлган чектөөлөр алынып салган.

Талапкерлер эл таразасында...

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы алты талапкерди каттоодон өткөрдү: Касым-Жомарт Токаев, Мейрам Кажыкен, Жигули Дайрабаев, Нурлан Ауесбаев, Каракат Абден жана Салтанат Турсынбекова. Дагы алты талапкер шайлоо мыйзамына туура келбегендиктен каттоодон өткөрүлгөн эмес. 

Казакстандын шайлоо мыйзамында талапкер 40 жашка толгон, соңку 15 жыл Казакстанда туруктуу жашаган жана кеминде беш жыл мамлекеттик кызматта иштеген болушу керек деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле талапкер коомдук бирикме же партия тарабынан көрсөтүлүшү керек, мындан улам оппозициячыл, бирок катталбаган партиялардын (мисалы, Демократиялык партия) талапкерлери президенттик шайлоого катыша алган жок.

“Мен президент болуу үчүн [шайлоого] бараткан жокмун”, - деди талапкерлердин бири Салтанат Турсынбекова. Ушундай эле пикирди башка талапкерлер да карманып жаткандай. Баса, Турсынбекова кийинчерээк “мен муну айткым келген эмес” деп, сөздөрү “контексттен алынганын” белгилеген. Бирок соцтармактардын колдонуучулары буга ынанышкан жок. 

Ал эми өзүн “оппозициячыл талапкер” деп атаган Бириккен социал-демократтар партиясынын талапкери Нурлан Ауесбаев “оппозиция тырышып иштеп жатат, бирок каражаттары жок” деп айткан. Ал оппозиция шайлоодо кеминде 3% добуш алса демек адамдар оппозицияны колдойт деген пикирди айткан. 

11-ноябрда талапкерлердин арасында дебаттар өттү, бирок Касым-Жомарт Токаевдин ордуна Мажлистин төрагасы Ерлан Кошанов катышты. Кошанов муну президенттин “колу бошобогондугу” менен түшүндүрдү.

ЖМКлар дебаттарда өзүндө казак бийлигине карата сын айтылбаганына көңүл бурушкан. 

“Кандуу январдан” кийинки “тазалоо”

 Токаев кезексиз президенттик шайлоону өткөрүүнү сентябрдын башында сунуштаган.

“Мен президенттик мөөнөтүмдү кыскартууга жана кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын [...] Президент кызматын узактыгы жети жылдык, бир мөөнөт менен чектөөнү сунуштаймын. Кайра шайланууга тыюу салынат”, - деген Токаев. 

Кызыгы үч ай мурун, 5-июнда, Казакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүлгөн - анда өлкө башчынын ыйгарым укуктары кыскартылып, мамлекет башчынын туугандарына жогорку кызматтарды ээлөөгө тыюу салынган.

Токаев референдум, андан соң кезексиз президенттик шайлоону “январь окуялары” боюнча кылмыш иштер аяктап, Назарбаевдин таасири азая баштагандан кийин өткөрдү. Казак коомчулугу Касым-Жомарт Токаевди Назарбаевди мураскору деп таанып, иш жүзүндө бийлик биринчи президенттин колунда деп эсептеп келген. 

Кырдаал 2022-жылдын башында өзгөргөн. Анда миңдеген адам Казакстандын бир нече шаарында нааразылык акцияларга чыгып, ал башаламандыкка айланган. Алгач митингчилер суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышкан, бирок кийинчерээк өкмөттүн отставкасы жана Назарбаевди саясаттан кетирүү талаптары айтыла баштаган.

Жалпысынан жыл башындагы башаламандыктар боюнча 1112 киши соттолгон (анын 128и камакта). Касым-Жомарт Токаев шайлоонун астында “кандуу январдын” катышуучуларына карата амнистия жарыялады. Ага ылайык, 40 соттоолуучу камактан чыгарылып, дагы 50 киши алдыдагы жарым жылда бошотулаары кабарланган. Бирок кылмыш жоопкерчилигине бир эле нааразылык акциялардын катышуучулары тартылган эмес.

“Январь окуяларынан” кийин тунгуч президент Нурсултан Назарбаев жана анын туугандары ээлеген жогорку кызматтарынан бошотулуп, айрымдары камакка алынган. Биринчилерден болуп Назарбаев өзү таасирин жогото баштады - ал Коопсуздук кеңештин, кийинчерээк бийликчил “Нур-Отан” партиясынын төрагачылыгынан кеткен. Анын ордун Токаев ээледи. Андан соң Назарбаевдин күйөө балдары - Тимур Кулибаев (“Атамекен” Ишкерлердин улуттук палатасы), Димаш Досанов (“КазТрансОйл” ААК) жана Кайрат Шарипбаев (QazakGaz компаниясы) - ар кайсы жүйөлөр менен жетекчилик кызматтардан кетишкен. Назарбаевдин иниси Самат Абиш Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары кызматынан алынган. Мындан сырткары, Алия Назарбаева менен байланышы бар делген “Оператор РОП” уюмунун жетекчилигине каршы кылмыш иши козголгон.

Бул иштин фигуранттары Кайрат Сатыбалдыулы (Назарбаевдин инисинин уулу), анын аялы Гүлмира Сатыбалды жана Кайрат Боранбаев (Дарига Назарбаеванын кудасы).

Казакстандын Жемкорлукка каршы агенттиги бул иштин алкагында чет өлкөгө чыгарылган жүздөгөн миллион доллар кайтарылып жатканын билдирүүдө. Эки ай мурун Кайрат Сатыбалдыулы алты жылга эркинен ажыратылган.