Казакстандык саясат таануучу: Шайлоодо Токаевге каршы турчу чыныгы саясатчы жок

Элдияр Бакиров, Би-Би-Си, Казакстан

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоого добуш берүү башталды. . Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү үчүн 10 миңден ашуун шайлоо участогу уюштурулган. Казакстандан сырткары 50дөн ашуун мамлекетте дагы казакстандын жарандары добуш бере алат.

Казакстандын бийлиги шайлоо мыйзам чегинде, толук кандуу атаандаштыкта жана ачык-айкын уюштурулганын, элдин тандоосу чече турганын билдирип келе жатат.

Би-Би-Си казакстандык саясат таануучу Айдар Амербаевди кепке тартты.

Би-Би-Си: Токаевдин атаандаштары канчалык күчтүү?

Айдар Амребаев: Азыр шайлоонун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаевге каршы чыккан беш айым жана мырза бар. Тилекке каршы чыныгы оппозиция лидерлери шайлоого катышкан жок, анткени бир нече чектөөлөр бар. Алардын ичинде, мисалы, беш жыл мамлекеттик кызматта болуу керек деген чектөө. Ошондой эле талапкер Казакстанда 15 жыл туруктуу жашашы жана республикалык коомдук бирикмелерде турушу керек. Ошондуктан чыныгы оппозиция лидерлери шайлоо жарыялангандан бери жыйналып, оппозициядан бир адамды чыгармакчы болгон, бирок бул жүзөгө ашпады. Кыскача айтканда, Касым-Жомарт Токаевге каршы тура алган чыныгы саясатчы жок. Алардын айрымдары өздөрүнүн жетишкендиктери бар, анын ичинде жалпы шайлоого эки партиянын мүчөсү катышты – ОСДП (Нурлан Ауесбаев) жана “Ауыл” (Жигули Дайрабаев) партиясынан эки талапкер. Бирок алардын да дарамети, кесипкөйлүгү алда канча төмөн. Азыр айта турган болсок: алты талапкердин ичинен эң тажрыйбалуу, мамлекеттик ишмердүүлүгү менен белгилүү саясатчы бул Касым-Жомарт Токаев. Менин болжолум боюнча ал шайлоодо өз президенттик мөөнөтүн узартат.

Би-Би-Си: Кезексиз жана чукул жарыяланып калды деп сын айткандар да бар экен. Токаев президент катары башка саясатчыларга атаандашууга толук мүмкүндүк бердиби? Айдар Амребаев: Бул маселени кеңири карасак, 2019-жылдын март айында биринчи президент Нурсултан Назарбаев Касым-Жомарт Токаевге өз бийлигин тапшырды. Ошодон бери Токаев саясий тажрыйбасы боюнча бийликти башкарып келе жатты. Биздин Борбор Азия мамлекеттеринде калыптанган “акимчилик ресурсту” (“административдик ресурс”) пайдаланып, шайлоого киришкенден бери чыныгы оппозициянын мүмкүнчүлүгү чектелди. Чындыкты айта турган болсок: саясат технологиялары бар, президенттин администрациясы бар – аларда ойлонуп, жалпы ушундай чечимге келди. Өзүңүздөр билгендей, бизде 5-июнда Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өттү, бир топ өзгөрүүлөр кирди. Күзүндө дагы бир нече мыйзамга, анын ичинде шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөргө ылайык, чыныгы атаандаштык калыптанган жок, тилекке каршы. Анын жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Жаман жагы:бизге чыныгы саясий атаандаштык жетпей калды. Бул келечекте да боло турган нерсе. Кийинки жылы бизде парламенттик шайлоо болот, ошондой саясий атаандаштыкты көрөбүз деп үмүттөнөбүз.

Би-Би-Си: Казакстанда бул шайлоого чыга турган чыныгы саясий күчтөр катышпай калды деген сындарга негиз барбы? Айдар Амребаев: Биздин биринчи президентибиз айтып жүргөндөй “менден башка мага каршы эч ким тура албайт”, “бийликтин тегерегинде болгондор эле болбосо, башкасы болбойт”, “биз демократияга али даяр эмеспиз” деген ой билдирген. Бирок менин оюмча биздин аң сезимибиз да, жалпы коомду карасак, мисалы социалдык тармактарда да түрдүү-түрдүү дискуссияларда белгиленген, беделдүү, мыкты саясатчылар чыгып жатат. Мисалы жакында эле түрмөдөн чыккан Мухтар Жакишев – ал өтө беделдүү, мамлекеттик жумушуна өтө байсалдуу киришкен киши. Билими мыкты, өзүнүн принципиалдуу көз карашы бар, келечекте Казакстанды өзгөртүүгө жолдорун караштырган мыкты саясатчы деп айтууга болот. Башка көзгө көрүнгөн жигиттерден Мухтар Тайжан бар – ал жер реформасына киришкен ишмер катары таанымал. Аялдардан айта турган болсок, мисалы, Тогжан Кожалы – “Хак” деген уюмду негиздеген. Жаштардын башын бириктирген айым, бирок тилекке каршы ага мүмкүнчүлүк берилген жок. Азыркы күнгө чейин “Хак” расмий катталган жок. Дагы башкалардан – Арман Шураев, Нуржан Альтаев: анын “Эл тиреги” деген кыймылды катталмакчы. Тилекке каршы ал дагы шайлоого катыша албай калды. Казак эли көп, эми “миңден бири тулпар” дегендей, менин оюмча келечектеги шайлоолордо бир нече мырзалар утушу мүмкүн.