You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түркия президентикке кимди тандайт? Шайлоонун биринчи айлампасына кенен талдоо
Түркиядагы соңку президенттик жана парламенттик шайлоо аралыктын алыстыгына карабай Кыргызстанда, кыргызстандыктар арасында да абдан кызуу талкууланды. Бул жараян Түркия Республикасынын курулганынын 100 жылдыгына туш келди.
Түркиянын эле эмес, дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин көңүл борборунда турган шайлоо тууралуу бир топ жылдан бери ошол мамлекетте жашап, илимий ишимди улантып жаткан адам катары өз көзүм менен көрүп, угуп, баарлашкан маектештеримдин жүйөлөрүнө таянып, жеке байкоолорумду жазайын деп чечтим.
Шайлоо – ар бир карапайым кишинин чоң куралы, келечекке билети...
Түркияда 13-президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоо бир күндө өтүп, 60 млндон ашуун шайлоочунун 93.6 % катышты кабарланды. Бул көрсөткүч Түркия калкынын шайлоого кол шилтеп койбой, ар ким өз добушун берүү аркылуу коомуна, өлкөсүнө өзгөрүү алып келе ала тургандыгына терең ишенерин айгинелеген далил, өрнөк болуп калды.
Айтмакчы, Түркияда айрым өлкөлөрдөгүдөй шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого болбойт. Бирок мунун баары жасалма деп четке каккан бирин-экин интернет колдонуучуларды да байкадым. Өзүм көрүп, туйганым шайлоодо добуштар уурдалбайт, административдик ресурс колдонулбайт. Мугалим, дарыгер, аскер жана мамлекеттик кызматкерлерди бийлик коркутуп добуш ала албайт. Ар бир жарандын тандоо укугу бар жана ага сый көрсөтүлөт.
Түркиянын эң чоң мегаполиси Стамбулда жашагандан кийин шайлоо үгүтү өтүп жатканына айла жок аралашат экенсиң.
Шайлоодон кийин жүз карашпай калчудай туюлган үгүт өнөктүгү...
Шайлоо үгүтү учурунда талапкерлер көрүнгөн жерге сүрөттөрдү иле алышпайт. Өздөрүнүн атайын штабдарынын алдында же мамлекет уруксат берген жайларда гана орнотуп, илишет. Басымдуусу партиянын көп сандаган майда байрактары. Ал жерде ар кыл партиянын, ошол эле атаандаштарынын да байрактары жанаша илинип тургандыгын көрүүгө болот. Такталарда атайын ишенимдүү адамдары талапкерлердин программасы жазылган брошюраларды элдерге таратышат. Ошондой эле талапкерлерге арналган ырларды же партиянын гимндерин коюп тынымсыз жаңыртып турушат.
2. Үскүдар районунда Эрдоганга менен Кылычдароглуга арналган эки башка такта бири-биринен 4 метр аралыкта турду. Биринен өтүп биринин ырлары жаңырып, тарапташтары ошол такталар алдында ырдап, бийлеп, байрактарын желбиретип, каршы тарапка басым кылып жатканын ар күн көрүүгө болоор эле. Баса ыр демекчи, үгүт кербенинин дагы бир түрү, атайын унаалар менен талапкердин ырын, түрдүү чакырыктарын аба жарып жаңыртып шаарды, кварталды айланып жүрүштү.
3. Эң кызыгы, Стамбул шаарындагы 2019-жылкы мэр шайлоодо оппозициялык Республика партиясынан Екрем Имамоглу утуп алган. Стамбулдагы метро, трамвай мэрияга баш ийгендиктен анын ичинде Кылычдароглу пропагандаланып, бийлик сындалып жатты. Мамлекеттин негизги шаарында президенттин каршылышанын даңазаланып жатышын таразалап көрсөңүз эле көп нерсени боолголойсуз. Ал эми Мрамор деңизи жээги боюнча бүт Стамбулдун баштан аягына чейин созулуп, деңиз алдынан өтүп, Европа менен Азияны бириктирген Мармарай метросу транспорт министрлигине баш ийгендиги үчүн анын ичинде Эрдоган жана АК партиянын пропагандасын көрүүгө болот.
Талапкерлердин эл менен жолугушуусу
Бул шайлоодо Эрдоган жана Кылычдароглу баш болгон 7 лидердин эл менен жолугушуусу өзгөчө болду.
Анткени эки тарап да жолугушууга келген элди көп чогултуу боюнча жарышка түшүштү. Барган баардык жерлеринде жолугушууга кылкылдаган шайлоочу келип жатты. Талапкерлер жолугушууда өздөрүнүн программасын тааныштыруу да бири-бирин шыбап, сындап, айрым учурда даректерине акарат сөздөр менен сын дагы айтып жатышты. Оппозиция өзгөчө соңку учурдагы инфляцияны кайра кайра эске салып, Эрдогандын хизбулахчылар менен тиешеси бар делген күрттөрдүн ХҮДА партиясы менен бир альянска түшкөнүн сындашты. Негизинен оппозиция Эрдоган жана АК партиянын 20 жылдан ашуун бийлигин сындады. Бирок Миллет альянсына кирип бириккен 7 партия ичиндеги, убагында АК партияда болуп, тышкы иштер министри жана премьер-министр болгон Ахмет Давутоглу, 18 жыл финансы министри болгон Али Бабажан өздөрүнүн АК партиядан жана кызматынан айрылган жылдарын кийинки мезгилди гана сындап жатышты. Муну калк арасында эгер азыркы бийликтин күнөөсү канчалык чоң болсо, А. Давутоглу менен А. Бабажандын да күнөөсү ошончолук экени, эгер АК партия жазалана турган болсо, жогорудагы ата аталган эки киши да сөзсүз жазаланышы керектигин билдирип жатышты. Президенттике талапкер болуп, шайлоого 3 күн калганда алып салган М. Инженин да пикирлери дал ушундай болуп турду. Ошол эле АК партия жана Эрдоган эл менен жолугушууда Миллет альянсын өздөрүнө кошуп алган, күрттөрдүн ХДП (Жашыл Сол партия) боюнча сындап, аны ППК террордук уюму менен байланышы бар деп сындап жатты. Кылычдароглунун президенттик программасында мега долбоорлор жок эле.
Көбүнэсе социалдык маселелер камтылган. Элди өзүнө тарта турган негизги аргументи, чет элдик (өзгөчө сирия жана афган) качкындарды өз өлкөлөрүнө жиберүү, чет өлкөдөн миллиарддаган долларды алып келүү, чыныгы демократияны алып келүү, адилеттүүлүктү орноттуу, тарыхый жибек жолун кайра жандандыруу (бул долбоорунда Азербайжан жана Кыргызстан кирбей калган), Евробиримдикке мүчө болуу, батыш менен мамилесин оңдоо ж.б. болду.
Эрдоган Кылычдароглунун жана Миллет альянсынын программасын да сынга алып жатты. Ататүрк аба майданын АКШга бергени жатышат, өлкөнү федералдык системага алып келишет, 1990-жылдардагы коалициялык башкаруу болуп, жыл сайын өкмөттүн алмашкандын айынан, өлкөнүн артка кетишин эске салып, булар да ошол жолго барат дегендей жүйөсүн айтып турду.
Эрдоган өз сөзүндө 21 жылдагы жетишкендиктерди, өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүшүн, эски социалдык көйгөйлөрдүн кыйласы чечилди деген жүйөнү кези келген жерде белгилеп жатты. Айрыкча соңку учурда ишке ашырылган улуттук унанын чыгарылышы, Түркия өзү жасаган аскердик кеме, ири өлчөмдөгү кору менен табылган жаратылыш газы жана мунайдын табылышы, Стамбулда өткөн чоң көлөмдөгү технофнстивалдын өтүшү, ири имараттардын ачылышы шайлоо алдындагы упай топтоо аракети катары сыпатталды.
Бирок бийлик бул долбоорлордун бир канча жыл мурда башталганын, алар Түркия Республикасынын жүз жылдыгына карата ачылышы жүрүп жаткандыгын шардана кылышты. Калк менен жолугуп сүйлөшкөндө Кылычдароглунун тарапкерлери Эрдоган жана анын тарапкелерин, Эрдогандын тарапкерлери Кылычдароглу жана колдогондорду ушунчалык жек көрүшкөнүн байкоого болот.
Түркияда илгертен шайлоо өнөктүгү идеологияга карата бөлүнүп калган. Ошого жараша көп учурда өз программасы жана тарапкерлери алдын ала белгилүү. Бирок бул жолу оппозициялык Миллет альянсы бийликке жетиш үчүн улутчулдар, консерватор, исламчылар, либералдар айтор оңчулдар да солчулдар да биригишти. Ошол эле Эрдоган баштаган Жумхур альянсы ар түрдүү идеологияны тутунган партиялар менен бирикти. Эрдоганды колдогондордун көпчүлүгү 1990-жылдардагы жыл сайын алмашкан өкмөттү жана каатчылыкты көргөндөр болсо, Кылычдароглуну колдогондор көпчүлүгү төрөлгөндөн бери бир эле бийликти көрүп келе жатабыз деген жаштар эле.
Шайлоо алдындагы жүргүзүлгөн бир катар бейтарап сурамжылоолордо негизинен башкы талапкерлер теңтайлаша келе жатышкан. Ошого карабай "биздики ат чабым алдыда" деп шайлоочуларын катуу ишендирип алышкандар да болду.
Парламенттеги мандаттар кандай бөлүндү?
Бул жолку шайлоо альянстардын шайлоосу болуп калды. Эч бир партия парламентте көпчүлүктү ала алышкан жок. Түрк парламентинде 600 мандат болсо АК партия 266 эл өкүлү ээ болуп, парламенттин 36 % пайызын ээледи. 2018-жылды эске албаганда 2001-жылдан бери АК партия парламентте көпчүлүктү алып, өз алдынча өкмөттү түзүп келген. Ошого карабастан 2018-жылы да бул жолу да парламентте эң көп мандатка ээ болгон фракция болуп кала берди. Улутчулдар (МХП) жана майда бир эки партия менен жалпы Жумхур альянсы 321 мандат менен көпчүлүктү түздү. Ал эми Ататүрк түзгөн, Кылычдароглу жана Анкара жана Стамбул мэрлери да мүчө болгон Республика (ЖХП) партиясы 169 мандатка ээ болуп, мурда алып жүргөн пайыздан аша албады.
Жалпы Миллет альянсы болгону 35 % алып калды. Алар күрттөрдүн жана башка бир эки майда партия менен бириккенде да парламентте көпчүлүктү түзө албайт.
2017-жылы жалпы элдик референдум менен өлкө парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өткөн. Премьер-министрдин кызматы жоюлуп, министрлерди президент дайындап калган. Парламенттин ыйгарым укуктары азайган. Бирок Кылычдароглу шайлоо алдында өлкөнү кайрадан парламенттик системага алып келерин билдирген. Эгер президенттик шайлоонун экинчи айлампасында утуп алса, сөз бергендей өлкөнү башкарууну кайрадан парламенттик системага алып келе алабы? Эгер алып келсе парламентте көпчүлүктү түзгөн Жумхур альянсы өкмөттү жана премьер-министрди бекитет. Бул жагы азырынча чоң суроо.
Эмне үчүн оппозиция күтүлгөн добушун ала алган жок? g
Калк арасында күрттөрдүн жана АК партиядан бөлүнүп чыккандардын партиялары менен биригип алышы, камакта жаткан «ХДПнын мурдагы башчысы Селахаттин Демирташты чыгарабыз» дегени, Эрдоган 1994-1998-жылдары Стамбулда мэр болуп турганда шаардын өзгөргөнү байкалганы, ал эми 2019-жылдан бери Стамбулда мэр болуп келе жаткан ЖХП партиясынан Екрем Имамоглунун шаарга эч кандай өзгөртүү киргизе албады деген мазмунда коомдук сынга кабылганы үчүн күтүлгөн добушту ала албай калды өңдөнөт.
Добуш берген шайлоочулардын көпчүлүгү айла жок Эрдоганга каршы эң күчтүү атандаш же болбосо Ататрүктүн партиясы дегендер экендигин байкоого болот.
Эрдоган Анкара, Стамбул жана түштүк деңиз жээктерде Кылычдароглунан аз добуш алып калды. Бирок түндүк жана ички аймактар бол келгендей колдоо тапты.
Ар шайлоодон кийин майрамдашкан АКП тарапкерлери бул жолу, Жумхур альянсынын көпчүлүктү түзгөнүн майрамдап көчөөгө чыгышты. Бул деген балким акыркы майрамдоо болуп калышы мүмкүн деп сыпатталды. Бул жолку шайлоодо бир эпке келе албаган улутчулдар 3 кө бөлүнүп аттанышты. Баарынын алган добушун эсептегенде 30 % тегеренинде алганын көрүүгө болот. Ушундан улам айрым талдоочулар «улутчулдар өз алдынча барганда болмок» деген пикирин билдирүшүүдө.
Дастан Разак уулу, Докуз Ейлүл Университетинин докторанты. Түркия.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.