Ван кыргыздарынын көчүп келишинин 40-жылы

Ван кыргыздарынын Түркияга көчүп келгенине быйыл 40 жыл толуп олтурат. Памир кыргыздары мындан кырк беш жыл мурда ата конуштарынан көчүп чыгып, климаты, жаратылышы, маданияты, каада-салты, тили такыр башка жерге көчүп келишкен.

Памир кыргыздарынын ХХ кылымдагы тарыхы жана көчү ажы Рахманкул хан менен тыгыз байланыштуу. Ал жашаган чөлкөм Ооган мамлекетине караса да өзүнүн эли тарабынан хан шайланган. Атайын хандык башкаруу системасы болгон. Ооган шахы да Рахманкулду Памирдин лидери катары танып, аны менен жакын мамиледе болгон. Формалдуу түрдө автономиясы болгон.

Рахманкул ханды Ооганстанда бир гана кыргыздар гана эмес чөлкөмдөгү баардык элдер аны таанышкан жана сыйлап турушкан. Ал тургай Рахманкул ханды адилеттүү инсан катары көрүшүп, айрым маселелер чечилбей, талаш болуп калса анын адилеттүүлүгүнө ишенип, андан чечип берүүсүн суранышкан. Ал тургай кыргыздарга тиешелүү болбогон Памир айланасындагы жана Кабулдагы маселелерди да чечип тургандыгы айтылат.

Рахманкул хан Кабулга барган мезгилде ал жердеги баардыгы үчүн: пуштун, тажик, кыргыз, өзбек, уйгур, түркмөн, хазара ж.б. элдерге өзгөчө майрам күн болгон. Анткени 100 дөгөн кой айдап барып аларды союп, элге бекер тараткан. Маселелерин чечүүгө көмөктөшкөн.

Рахманкул хан Памирде болсун, Кабулда же башка жерде жүргөндө да дайыма жанында радио, гезит-журналдарды ала жүргөн, дүйнөдө болуп жаткан окуялар менен кабардар болуп турган. Кабулга барганда сөзсүз түрдө чет өлкөлөрдүн элчиликтери, эл аралык уюмдар менен жолугушуп, Памир жөнүндө маалымат берип, алардан да дүйнөдөгү окуялар боюнча маалымат алып турган. Ооган башчысы Закир шах Рахманкулга Памирдин коргоочусу деген наам берип, кыргыздардан салык жана аскер алуудан бошоткон. Анын ордуна Кыргыздар Памирди, Советтик жана Кытай чек арасын коргошкон. Памирге Ооган аскери же чек арачысы жиберилген эмес.

Негизи азыркы Ооган жеринде жашаган кыргыздарды Памир кыргыздары деп аталып келгени менен, ал жер Памир тоолорунун бир бөлүгү гана. Калган бөлүгү Кытайда жана Тажикстанда калып, ал аймактарда да кыргыздар жашап келет. Бул жер Ооганстанга жөн эле белеке берилип калгандай. Анткени эзелтен бул жерде Ооганстанды башкарган кайсыл династия болбосун, Памирге кызыгышкан эмес.

Ал жерди өздөрүнүн жери катары да эсептешкен эмес. ХIX кылымдын аягында Орусия менен Британия ал жерге Вахан коридору деген ат менен буфердик зона катары колдонушкан жана коридорду Ооган эмиратына өткөрүп беришкен. Ошентип Вахан коридору же Памир тоолору Ооган мамлекетине өтүп калган. Памир кыргыздарынын Пакистанга болгон көчүн изилдөөчүлөр жана ошол көчүп келгендер Ооганстандагы 1978-жылкы төңкөрүш, жаңы келген бийлик мамлекетти социалисттик өлкөгө айландыруу, Рахманкул хандын социалисттик системага каршы турушу, Совет агенттеринин Рахманкул хандын артынан түшүүсү ж.б. нерселерди айтып келишет.

Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп келе жаткан окмуштуу Сулайман Кайыпов алардын көчүшүнүн чыныгы себеби жөнүндө кызыктуу маалымат айтат: “Памир кыргыздары кан жолдон ыраак жашаса да дүйнөлүк өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп турушкан. Соода-сатык жолу аркылуу ар кандай буюм-тайымдар менен кошо тамеки, баңгизат да жетип, жада калса ар бир үйгө чейин жеткириле баштаган. Муну байкаган Рахманкул хан ага каршы тыюу салса да, көнө түшкөн айрымдары токтотпой уланта беришкен. Бара бара топтун ар бир мүчөсүнүн жеке кызыкчылык, каалоолору алдыңкы орунга чыгып, эзелтен келе жаткан ынтымактуулук, ырааттуулук жоголуп, бийликке моюн сунуу, анын талабын аткаруу, тартипти сактоо мурдагыдай болбой, коом ичинде кыйроо башталган. Памир кыргыздарынын хандык түзүлүшүнүн пайдубалын Хан-Аксакалдар-Бийлер-Хан-Эл алкагы ыдырап, хан өкүмү мурдагыдай болбой калган. Бул бара-бара коомдук түзүлүштүн жаңыланышына, хандын элге, элдин ханга муктаждыгы болбой калган. Рахманкул хан көрөгөч инсан, лидер катары памир кыргыздары мурдагыдай башкарууга муктаж эмес экендигин, коомдун жаңылануу жолуна түшүш керектигин аңдаган. Так ошол мезгилдеги өлкөдө чыккан окуялар анын көчүшүнүн шылтоосу гана болуп калган. Ошентип хан өзүнүн үй-бүлөөсү менен гана ал жерден көчүп кетейин деп жатканда, бул кабар капыстан элге тарап кетип аны ээрчип алышкан” дейт.

Бир жагынан эл Рахманкул хан кетсе жаман жерге кетпесин билишкен. Балким эл да Памирдин бийик тоолуу, кышы узун, шарты жок жеринен башка жерди көрүүнү эңсешкендир. Ооганстандагы Советтик күчтөрдүн таасири менен алмашкан бийлик да анча жага бербей Рахманкул хан артына миңдеген элин ээрчитип, 1978-жылы Пакистандын Гилгит аймагына көчүп барган. Ага чейин да жаңы бийлик мурдагы бийликтин саналаштарын, досторун, чоң кызматта иштегендерди кугунтуктай баштаганда, алардын көпчүлүгү Пакистанга качышкан эле. Анын үстүнө 50-60-жылдары миңдеген казак, өзбек, уйгур, кыргыз Пакистан аркылуу Түркия, Сауд Аравияга кетишкен болчу.

Ошол үчүн Рахманкул хан Пакистандын Памир шартына окшош Кашмир, Гилгиттеги бийик тоолордун арасында калбай дагы да төмөнгө түшкөн. Анын мурдатан эле планы Пакистан аркылуу Түркияга кетүү болчу. Тилекке каршы ал убакта Түркиядагы ички саясий кризис, төңкөрүштөрдөн улам ал жака кетүү үчүн жазылган өтүнүч каттары жоопсуз калган.

Бирок анын тоодон төмөн түшүүсү климаттын ысыктыгынан көптөгөн адамдын оору жугузуп, көз жумушуна себеп болгон. Бул кырдаалда айрымдары Памирге кайра көчүп кетишсе, көпчүлүгү шарттын оордугуна карабай тоолорго кайткысы келген эмес. Бул абалдан чыгуу үчүн Рахманкул хан АКШга кат жазган.

Американын бийлиги Рахманкул хандын баш калкалоо ниетин билдирип жазган катына, оң жооп берип, Аляскага отурукташууга уруксат берген. Бирок кыргыздар Аляска алыс жана өтө суук ал жактан ассимиляция болуп жоголуп кетебиз дешип Түркияны тандаган деп айтып келишет.

Чындыгында Америка Рахманкул хан жана анын үй-бүлөсүнө гана кирүүгө уруксат берген. Бирок Рахманкул хан аркасында калдайган эли турарын айтып, аларды да кабыл алуусун суранган. Бирок Америка мыйзамында андай топ же тайпаны кабыл алуу болгон эмес экен.

1981-жылы Түркиянын жаңы мамлекет башчысы Кенан Эврен Пакистанга расмий иш сапар менен барган. Бул Рахманкул хан үчүн өтө чоң мүмкүнчүлүк эле. Пакистандагы түркмөн, казак, өзбек, кыргыздын аксакалдары, лидерлери чогулуп Рахманкул ханды Кенан Эврен менен баарынын атынан жолугууга макул болушкан.

Рахманкул хан жолугушууда элинин абалы оор экендигин, бир гана кыргыздар эмес, өзбек, түркмөн, казактар да бар экендигин айтып, буга чейин да орто азиялыктар Пакистанга келип, бул жерден Түркияга барып отурукташып жашап жатышкандыктарын түшүндүргөн. Ошентип жолугушуу оң жагына чечилип, Пакистандагы качкындарды Түркияга алып келүү боюнча уруксат берилген. 1982-жылы Пакистандан 4500 дөй орто азиялык Түркияга кеткен, анын 1138и кыргыздар болгон. Ошентип Рахманкул хан бир гана кыргыздарды эмес, казак, өзбек, түркмөндөрдүн да көчүп келишине себепчи болгон. Кыргыздар Ванга, өзбектер Хатайга, түркмөндөр Токатка, казактар Кайсериге отурукташкан.

Негизинен түрктөр менен кыргыздардын тили, маданияты окшош делгени менен, алар жалпыланып гана айтылган сөз болуп, көп эле жагынан айырмаланып турат эмеспи. Анын үстүнө кырыздар Түркиянын эң чыгыш аймагы, жалаң күрттөр жык жайгашкан аймакка жайгаштырылган. Жаңы барган жерлери баардык жагынан өзгөчөлөнүп турган. Кыргыздар кыска убакыт аралыгында эле, башка жерде күтүлбөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Жаңы бейтааныш чөйрөгө ылайыкташып жашап кетүү үчүн күрөшүшүтү.

Мурдагы күндөлүк турмушун өткөрүү менен жаңы шарттарга да көнө башташты. Натыйжада күндөлүк турмуш-тиричилигинен баштап, маданияты, тили, салттары, үй-бүлөө институту, саясий, диний, эстетикалык түшүнүктөрү, байлык менен баалуулук жөнүндөгү көз караштары, достук туугандык мамилелери өзгөрүүгө дуушар болду. Натыйжада мурда илимий изилдөөлөрдө жалаң Памир кыргыздары делип келген этностук топ, ван кыргыздары деген атты алышты.

Кыргыздар баардык жашоо-шартка чыдап, жаңы чөйрөгө көнүп гана тим болбостон жарым кылым ичинде саны бир топко көбөйдү. Учурда алар Түркиянын бир нече шаарында, айылдарында жашашат.

Арасында профессору, дарыгери, мугалими, молдосу, офицери, жазуучусу, журналисти, сүрөтчүсү, кино актеру, туризм иштеткендер, дыйкандары, малчылары жана кол өнөрчүлөрү бар.

Бир көйгөй тил жоголсо улут жоголот дегендей, учурда Ван кыргыздары тездик менен тилди унутуп бара жатышат.

Азыр анча билинбегени менен 20-30 жылда кыргыз тили унутулуп калышы мүмкүн экени көрүнүп турат. Негизинен бул айылдагылар кыргыздын ичкилик диалектисине жакын тилде сүйлөшөт. Жашы 50дөн өтүп калгандар Памирде сүйлөшкөн таза тилин сактап калышкан. Түркчөнү да анча биле беришпейт. Ал эми 35-50 жаштагылар да кыргызча, түркчөнү сүйлөй алышат. Сүйлөшүп жатып түркчө-кыргызча аралаштырып, сүйлөй беришет экен. Андан жашыраактары көбүрөөк түркчө сүйлөп калышкан. 20 жашка чейинкилер кыргыз тилин дээрлик унутуп баратышат.

Мунун себеби - Түркияда 40 жыл ичинде төрөлгөндөр өздөрүн түркиялык катары сезип калышкан. Анын үстүнө мектепте, аскерде, жогорку окуу жайларында, шаарларга барып иштеген жерлеринде жалаң түркчө сүйлөп келишет.

Дастан Разак уулу, Докуз Ейлүл Университетинин докторанты. Түркия.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: