You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия Лачин коридорун Азербайжанга өткөрүп берди. Бул Карабак армяндары үчүн эмнени билдирет?
Орус бейпилдик күчтөрү бүткүл аймак үчүн маанилүү болгон алты чакырымдык тоолуу жол - Лачин коридорунун көзөмөлүн Азербайжанга өткөрүп берди. Бул жерде жалпы чөлкөм үчүн өтө маанилүү болгон тоо арасындагы 6 километрге созулган жол тууралуу сөз болуп жатат. Сөз болуп жаткан жол Армения менен Тоолуу Карабакты туташтырат.
“Коридордогу” эки жыл
Экинчи Карабак согушу 44 күнгө созулуп, 2020-жылдын 10-ноябрында аяктаган – бул күнү Азербайжандын президенти менен Армениянын премьер-министри Владимир Путиндин ортомчулугу астында биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Иш жүзүндө бул Армениянын капитуляциясы болгон.
Анда ок атышууну токтотуу жана 1994-жылдан бери армян күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган Тоолуу Карабактын тегерегиндеги аймактарды Азербайжанга кайтарып берүүдөн тышкары, Илхам Алиев менен Никол Пашинян Арменияны Тоолуу Карабак республикасынын борбору Степанакерт (Ханкенди) менен байланыштырган жалгыз кургактыктагы жол - Лачин коридорунун тагдырын макулдашкан.
Согуштун жыйынтыгында Совет доорунда он миңдеген адам жашаган Карабак кырка тоосунун түштүк-батышындагы Лачин аталышындагы чакан шаар дээрлик отуз жылдан кийин Азербайжанга кайтарылган. Шаарды жана Армениядан Тоолуу Карабакка баруучу жолду орусиялык бейпилдик күчтөрү көзөмөлдөп турган – алардын узартуу мүмкүнчүлүгү менен беш жылдык мандаты бар.
Башында бул оңой болгон жок: формалдуу түрдө бул аймак азербайжандыкы болгонуна карабастан, “өткөөл мезгилде” армян паспорту бар жарандар гана Лачинге уруксатсыз кире алышкан жана азербайжандык аскерлер коридордон өтүүнү орусиялыктар менен макулдашышы керек болчу. Макулдашылган учурда да азербайжандыктардын колониясын россиялык бейпилдик күчтөрү коштоп жүрчү.
“Алар башында нааразы болушкан. Бирок биз аларга бул тынчтык келишиминин шарттары экенин түшүндүрдүк. Бул келишимге президент кол койгон. Андыктан аткаруу керек”, - деди россиялык бейпилдик күчтөрүнүн бири Би-Би-Сиге 2021-жылдын мартында. "Адатта, бул сөздөрдөн кийин бардык талаш-тартыштар аяктачу”, - дейт ал.
Узундугу бир нече километрге гана созулган тоолуу жолдо чыр-чатактар тез-тез болуп турган. Ал жерден өтүп бара жаткан азербайжандыктар бул жер алардын аймагы экенин демонстрациялап, унаалардын терезесине өз желегин илип коюшчу, а армяндар азербайжан колоннасын көргөндө ортонун көрсөтүп жооп кайтарышчу.
Убакыттын өтүшү менен абал тынчыды: 2021-жылдын күзүндө жеке унаалар үчүн Лачин коридору аркылуу өтмөк ачылган. Бирок коридордогу кыймыл азыркыга чейин тынчтык орнотуучу күчтөрдүн катуу көзөмөлүндө.
Анда, 2021-жылы Лачинде 80 гана тургун болгон. Алардын көбү Азербайжандын карамагына өтүп жаткан коңшу айылдарда жергиликтүү тургундарга жүктөрдү жыйноо жана кетүүгө аз гана убакыт берилип жатканын үрөйү учуп айтып беришкен.
Көпчүлүгүнүн бара турган жери жок болчу. Лачиндин бир нече тургундары эч жакка кеткиси келген эмес. Бирок азыр кетүүгө туура келиши мүмкүн.
Талаштуу жол...
Согуш аяктагандан кийинки бир жарым жылды тынчтык жана согушсуз мезгил катары мүнөздөсө болот.
Жергиликтүү кырдаалдын курчушу тынымсыз болуп турду: эскалациянын күчөшүнө негизинен Азербайжанды күнөөлөшөт, ал ушул жылдын март айында дагы бир конушту жана жаңжал зонасындагы бийиктикти өз көзөмөлүнө алган.
Бирок июль айынын аягында Карабактагы кырдаал бир топ начарлап кетти.
Башында таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасынын (ТКР) бийликтери азербайжандыктар кармашуу сызыгын (линию соприкосновения) кесип өтүүгө аракет кылып жатканын жарыялашты. Андан соң россиялык бейпилдик күчтөрү Азербайжан тарабынан “ок атпоо режими үч жолу бузулганы” тууралуу маалымат беришти. Ошондон кийин тараптар бири-бирин ок чыгарууга айыптай башташты. Кагылышууларда бир нече жоокер курман болду.
Андан соң айрым көз карандысыз эксперттер тирешүүнүн жаңы айлампасы Ильхам Алиевдин Ереванды талаштуу маселелерди мүмкүн болушунча тезирээк чечүүгө түрткүсү келгени менен байланыштуу экенин белгилешти. Бул үчүн “ыңгайлуу” убак болчу: Орусия Украинадагы согуш менен алек болуп, бүткүл дүйнө болуп жаткан окуяларга көз салып турганда, азербайжандыктар тынчтык орнотуучуларды карап отурбастан, агрессивдүүрөөк аракеттенүүнү чечишти.
Негизги чечилбеген маселе Лачин коридоруна барып такалчу, аны Азербайжан тезирээк көзөмөлгө алгысы келген.
Согуштун бүтүшүн белгилеген келишимдерге ылайык, Армения менен Азербайжан Лачинди айланып өтүүчү жаңы жол куруу планын чечип, орус бейпилдик күчтөрү жаңы жолго өтүүсү керек болчу. Бул үчүн үч жыл берилип, мөөнөтү бүтө элек.
Айлап, жылдап созулган келишим, макулдашуулар
Чынында эле сүйлөшүүлөр, макулдашуулар көпкө созулду.
3-августта кырдаал кескин курчуп кеткенден кийин Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян Бакунун Лачин коридору боюнча койгон талаптарын мыйзамсыз деп атады: ал Армения жаңы жол куруу боюнча эч кандай планга азырынча макул боло элек деп ырастады.
Азербайжанды бул ойлондурган жок: ал кезде алар Лачин районунун Армения менен чек арасынан башталып, Шуша (армяндар Шуши шаары деп аташат) — Степанакерт шоссе жолу менен туташтырылган маршруттун бир бөлүгүн бүтүрүп жаткан. Баку учурда жол толугу менен пайдаланууга даяр экенин билдирди.
Азербайжан Армения планды бекитүүнү жана өз бөлүгүн курууну ушул убакытка чейин атайылап кечеңдетип келген деп эсептейт. Ереван үч жыл бүткүчө күтүү керектигин баса белгиледи.
Бирок июль айынын аягы, августтун башында абал күчөгөндөн кийин процесс тездеди. Таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасы Азербайжан 5-августка чейин Лачин жана Забух (Ахавно) айылын бошотууну талап кылганын билдирди. Бир аздан кийин мөөнөт 25-августка жылдырылды.
Жол боюндагы адамдар
Азербайжанга өткөн аймактарда армяндар жашоону улантууда. Алардын көбү көчүрүү боюнча өз бийликтери менен тил табыша албай келишет.
Таанылбаган республика убактылуу турак-жай берүүнү убада кылууда, бирок буга баары эле макул эмес. Турак-жайдын убактылуу статусуна көпчүлүк ыраазы эмес, ал эми башкалары убадалардын баары сөз жүзүндө гана экенине нааразы.
“Кавказ түйүнү” (ММК Орусияда “чет элдик агент” катары таанылган) толук белгисиздикте турган жергиликтүү тургундар менен маектешти. Көпчүлүгү кайда барарын, калар-калбасын билбей турганын, эгер калса алардын тагдыры эмне болорун билишпейт.
Августтун башында таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасынын бийлиги Лачин менен Сус жана Ахавно (Бакуда Забух деп аташат) айылдарынын армян тургундарына 25-августка чейин үйлөрүн таштап кетүүгө тийиш экендигин жарыялаган. Так ошол убакта аймак толугу менен Азербайжандын көзөмөлүнө өтмөк.
Айылдардын жашоочулары үчүн бул билдирүү чоң күтүүсүздүк болду: экинчи Карабах согушунда ал жерден качып кеткен көптөгөн адамдар өз үйүндө жашоону улантабыз деген үмүт менен үйлөрүнө кайтышкан болчу.
6-августта, Тоолуу Карабахтын бийлиги элди буюм-тайымдарын жыйноо керектигин айткан учурда журналист Лилит Шахвердян Лачин аркылуу дагы эле иштеп жаткан коридор менен өткөн. Лачинди дагы эле орус бейпилдик күчтөрү кайтарып турган – аскер кызматкерлери журналистке шаарда тасма тартууга уруксат беришкен эмес.
Бирок ал Ахавно айылынын тургундары менен сүйлөшө алды. Журналисттин айтымында, жергиликтүү тургундар, Азербайжандын келиши мүмкүн экенине толук ишенбей, бирок буюмдарын жыйнашкан.
2020-жылдагы согуштан кийин айылда мектеп кайрадан оңдолгон: дубалдары оңдолуп, сырдалып, парталар жаңыртылган. Армениядан жаңы мугалимдер келген. Эми мектепти таштап кетүүгө туура келет.
Эл тиричилик техникасын алып чыгып, керексиз кагаздарды өрттөдү. Интернетте айрым тургундар үйлөрүн азербайжандыктар албаш үчүн кантип өрттөп жатканын көрсөткөн видео тасмалар пайда болду. Ырас, таанылбаган республиканын бийлиги мындай учурда эл компенсация албай турганын эскерткен.
Лилит Шахвердян Би-Би-Сиге билдиргендей, Ахавнодо таанылбаган ТКРдин бийлигин күнөөлөшөт, бирок алар Азербайжан башка тандоо калтырбаган болушу мүмкүндүгүн түшүнөт. Августтун экинчи жарымында Ахавнонун кире беришинде орусиялык БТР жана блок-посттор пайда болду.
Тоолуу Карабахтын бийлиги көчүүгө аргасыз болгондорго жардам катары ар бир адамга 40 миң драм (болжол менен 99 доллар) жана турак-жай сатып алуу же ижарага алуу үчүн 10 млн драм (болжол менен 24 600 доллар) сертификатын сунуштады. Журналисттин айтымында, бул акча ижарага жетиши мүмкүн, бирок үй сатып алууга эмес, айрыкча Армения жөнүндө сөз болуп жатканда.
Мындан сырткары, мындай күбөлүктөрдү алган Лачиндин мурдагы тургундары көйгөйлөргө туш болушууда: Армениянын банктары мындай документтерден шектенип, көп учурда аларды кабыл албайт.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди бул көп кызыктырбайт. “Лачин шаары, Забух жана Сус айылдарына мыйзамсыз отурукташкандар чыгарылышы керек. Бул табигый нерсе. Алардын бул жерде болушу согуш кылмышы болуп саналат, анткени бул Женева конвенциясынын эрежелерине каршы келет. Басып алуучу өлкө басып алган жерлеринде мыйзамсыз отурукташууларды жүргүзө албайт”, - деди ал.
Лачин коридорун өткөрүп берүү алдында суроо жаралган: эгерде жол Азербайжандын көзөмөлүнө өтүп кетсе, Тоолуу Карабак Армения менен кантип байланышат?
Аймакта болуп келген Лилит Шахвердян альтернативалуу жол бар экенин айтат.
Коридорду өткөрүп берүүдөн бир аз мурун ТКРдин бийлиги ошол каттамдан пайдаланууну сунушташкан: эл азыр эми азербайжандык Шушанын жанынан өткөн жана орусиялык бейпилдик күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган жол менен жүрө алышат.
Бирок маселе толугу менен чечилбейт: Армения менен ТКР жаңы убактылуу коридорго электр мамыларын жана байланыш кабелдерин жылдырышы керек.
Ал эми Карабактын тургундары үчүн газ түтүктөрү негизги көйгөй бойдон калууда: ал жарым-жартылай Азербайжандын карамагындагы аймактар аркылуу өтөт жана бул маселе азырынча чечиле элек.