Мактоого караганда сын-пикир мээге "бекем орноп" калат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бала кезде эле таяк менен таш сөөгүңдү сындырып коюшу мүмкүн экендиги толук сезилчү. Бирок сөздүн анчалык таасири тийбечүдөй сезилет эмеспи. Ошентсе да убакыт өтүп акыл токтотконго жарап калганда сөздүн он же терс күчүн аңдай баштайбыз. Денеге келтирилген жаракат бир нече аптанын ичинде сакайып кетсе, ал эми терс ой-пикирлер бизге өмүр так калтырып коюшу мүмкүн.
Ал мектепте мугалим тарабынан билинбей айтылган сын болобу, же болбосо досуң же сүйгөнүң менен кер-мур айтыша кеткенде айтылган катуу сөз болобу — биз оң комментарийлерге караганда эсибизге сын-пикирлер бекемирээк орноп калат. Аны негативдүүлүк эффекти деп атап коюшат.
Чындыгында татаал эффекттердин баары аталган термин менен түшүндүрүлөт. Ага ылайык, жакшы сезимдерге караганда терс эмоциялар бизге көбүрөөк таасир этери — бул универсалдык тенденция. Анын натыйжасыда биз коркунучтарга өзгөчө көңүл буруп, кооптуу жагдайларды көбүртүп жабыртып жиберебиз дейт Рой Баумайстер. Баумайстер Квинсленд университетинде социалдык психолог болуп эмгектенет жана “Жамандыктын күчү: аны кантип жеңип өтүү керек?”деген китептин авторлорунун бири.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бизди курчап турган айлана-чөйрөнүн "күңүрт" тараптарына көңүл бөлүү капаланткандай туюлганы менен ал адамдарга көп нерсени жеңип өтүүгө жардам берген. Мисалы, жаратылыш кырсыктарынан тартып эпидемияны жана согуштарды басып өтүүгө алдын ала жакшыраак даярдык көргөн учурлар болгон (бирок оптимизм дагы бизди чукул кырдаалдарда стресстен коргоого жардам берери боюнча далилдер да бар). Адамдын мээси денебизди коргоо жана бизди жашоодо кармап тура тургандай болуп өсүп өрчүгөн. Бул орган жаңы кооптуу жагдайлар жөнүндө белги бере турган үч эскертүү системасына ээ. Байыркы базалдык ганглия системасы биздин “кармаш же кач” деген реакциябызга жооп берет, лимбикалык система коркунучтарга карата эмоциябызды пайда кылат жана бир топ заманбап префронталдык кортекс коркунучка туш болгонубузда логикалык ой жүгүртүүгө түртөт.
“Негативдүүлүк эффектине ээ болгон ата-бабаларыбыздын аман калуу ыктымалдыгы жогору болгон”, — дейт Баумайстер. Адамдар коркунуч издөөгө программаланган. Бөбөктөр сегиз айында эле чырайлуу баканын сүрөтүнө караганда жыландын сүрөтүнө көбүрөөк көңүл бурат. Балдар беш жашта бактылуу жүзгө эмес, жинденген же чочуган жүзгө артыкчылык берет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баумайстердин айтымында, биринчи орунда көйгөйгө көңүл буруу жакшы стратегия болушу мүмкүн. “Биринчи терс ойлордон арылып, маселени чеч. Эң негизгиси — канаган жерди бас”. Бирок жаман нерсеге өзүбүздү даярдоо чукул кырдаалдарда бизди сактап калса да негативдүүлүк эффекти күнүмдүк жашоодо пайдасыз болушу мүмкүн.
Баумайстердин ою боюнча, терс ой-пикирлердин теңдешсиз таасирин жокко чыгармайын ал биздин дүйнөгө болгон көз карашыбызды жана ага карата реакциябызды бузуп салат.
Мисалы, гезит беттеринде сүрөттөлгөн жашоо кайгылуудай туюлат. Окурмандарды өзүнө тартып, гезиттин көбүрөөк сатылышын көздөп, жаман жаңылыктарды жазып чыгарганы үчүн журналисттерди күнөөлөп келишет. Бул кандайдыр бир деңгээлде чын болушу мүмкүн, бирок изилдөөчүлөрдүн белгилешинче, окурмандар табигый түрдө коркунучтуу окуяларга кызыгышат жана аны башкаларга айтып берүү ыктымалдыгы жогору. Пайда алып келе турган ушактарга караганда алдыда күтүлгөн коркунучтар жөнүндө ушактар — алар болбой калса деле — адамдардын арасында бир топ бат тарайт.
Канаданын Макгилл университетинин окумуштуулары көздүн кыймылын байкаган технологияны колдонуп изилдөө жүргүзүшкөн. Аталган технологиянын жардамы менен алар изилдөөгө катышкан ыктыярчылар кандай макалаларга эң көп көңүл бурганын аныктоого аракет кылышкан. Алар адамдар жакшы же бейтарап макалаларга караганда көбүнчө коррупция, кырсык, эки жүздүүлүк жөнүндө жана башка жаман жаңылыктарды окуганын аныкташкан. Учурдагы окуяларга жана саясатка көбүрөөк кызыккан адамдар жаман жаңылыктарды тандашкан. Бирок кандай жаңылыктарды тандайсың деп сурашканда алар жакшы жаңылыктарды деп жооп беришкен.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жаңылыктардан окуган, көргөндөрүбүз биздин коркунучубузду чоңойтуп салышы мүмкүн. Мисалы, терроризмден көбүрөөк коркобуз. Бирок АКШда соңку 20 жылда ванналарда каза болгон америкалыктардын санына караганда террористтик топтор тарабынан өлтүрүлгөндөрдүн саны азыраак деп түшүндүрөт өз эмгегинде Баумайстер.
Болжолдуу бирок коркунучтуу кырдаал жөнүндө тынчыбыз кетип, коркуу сезими пайда болуусу да мүмкүн, болбогон эле кичинекей жаман окуя бир күн кечке жөнсүз таасир этип коюшу да ыктымал. Сент-Луистеги Вашингтон университетинин психология жана мээ илимдеринин профессору Ренди Ларсен бактылуу сезимдерге караганда терс эмоциялар көпкө созуларын билдирген маалыматтарды талдап чыккан. Профессор биз жакшы окуяларга караганда жаман окуяларды ойлонууга көп убакыт короторубузду аныктаган. Бул эмне үчүн биз оңтойсуз учурларды же сын-пикирлерди көпкө чейин унута албай жүрө берерибизди түшүндүрүүгө балким жардам берет.
Сүйүктүүңдүн, үйүңдөгүлөрдүн же досуңдун катуу сөздөрүн этибарга албай коюу кыйын болот. “Тааныбаган адамдарга караганда биз жакшы көргөн жана ишенген адамдардын терс пикирлери көбүрөөк таасир этсе керек деп ойлочумун”, — дейт Баумайстер. Айрым учурларда биз жакшы көргөн адамдардын терс ой-пикирлери жүрөгүбүздү көпкө чейин оорутуп, капа кылат. Анын натыйжасында мамилелер бузулуп кетиши мүмкүн. АКШдагы Кентукки университетинин изилдөөчүлөрү аныктап чыгышкандай, “пассивдүү берилгендикти” сактоо үчүн ортодогу көйгөйлөрдү этибарга албай койгон өнөктөштөрдүн мамилелери сакталып калган учурлар өтө сейрек болгон. “Ортодогу мамилени аныктаган нерсе өнөктөштөрдүн бири-бирине карата жасаган жакшы, конструктивдүү аракеттери эмес, маселеге карата кыйратуучу аракетке барып барбаганы”, — дешет алар.

Сүрөттүн булагы, Red Bull/Abaca Press/Alamy
Сын-пикир көп санда болгондо да күчөп кетет. Мындан улам социалдык тармакта терс пикирлер бат эле жайылат. Билли Айлиш 2019-жылы эң көп альбом саткан болсо да ал BBC Breakfast берүүсүндө ой-пикирлерди окубоого тырышарын айткан. “Ал менин жашоомду бузган”, — деген ал. “Жасаган ишиң канчалык өзгөчөлөнгөн сайын сени жек көргөндөр дагы көбөйө берет экен. Бул эми болбогон нерсе”. Поп жылдыз Дуа Липа менен Girls Aloud тобунун мүчөсү Никола Робертс троллдордун таасири жөнүндө кеп кылган белгилүү инсандарга кирет.
Баумайстер эскерткендей, социалдык тармактагы терс пикирлерди жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анткени биздин мээбиз жүздөгөн же миңдеген чоочун адамдардын эмес, жакын аңчы, жыйнап терүүчү жамааттын эскертүүсүнө кулак сала тургандай болуп өсүп өрчүгөн. “Көптөгөн адамдардын терс пикирлерин угуу жок кылып жиберсе керек”, — дейт ал.
Албетте, интернетте троллдорго туш болуунун же достун сынына кабылуунун таасири ар кимге ар кандай тиет. Бирок бир терс пикирди угуу, сиңирүү жана күчөтүү стрессти, тынчсызданууну, көңүл калууну жана кабатыр болууну көбөйтөт дейт Люсия Маккиа. Ал Лондон экономика мектебинин жүрүм-турум илимдери боюнча адиси жана конок изилдөөчү. “Мындай терс сезимдер менен күрөшүү организмибизге өтө чоң таасир этет. Ал тургай физикалык ооруну пайда кылып күчөтүп жибериши мүмкүн”, — деп кошумчалайт ал. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаш өткөн сайын адамдар окуяларга жакшы жагынан карай башташат. Изилдөөчүлөр аны позитивдүүлүк эффекти деп аташат. Алардын ою боюнча, жашыбыз ортолоп калгандан кийин биз терс маалыматтарга караганда жакшы маалыматтарды эстеп кала баштайбыз. Баумайстердин белгилешинче, биз жаш кезибизде буттан жыгылып, сын-пикир угуп сабак чыгаргандыктан, бирок жаш өткөн сайын мындай муктаждык азая баштайт.
Ал эми терс пикирлер кайсы жашта болбосун зыян тийгизиши мүмкүн, айрыкча биз сезимтал же аялуу болгон убактарда. “Начар абалда болгондо кайра калыпка келүү оор. Ошондуктан мындай учурларда терс пикирлерди угуу кыйын болушу мүмкүн”, — дейт Баумайстер.
Маккианын айтымында, белгилүү бир мүнөзгө ээ болгон адамдар терс нерселерге жакын болот деген көз караш талаштуу. Бирок жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөдө адамдын мүнөзү же саясий көз карашы менен негативдүүлүк эффектинин ортосунда “эч кандай ырааттуу далил” табылган эмес.
“Биз баарыбыз терс пикирлерден бат таасирленебиз, анткени эч кандай деле “күчтүүрөөк” мүнөз деген нерсенин өзү жок. Бардык эле адамдарга терс пикирлер айтыларын эске алганда… бул психикалык саламаттыгыбызды коргоодо жакшы стратегия болуп бериши мүмкүн”, — деп кошумчалайт ал. “Дагы бир пайдалуу стратегия — ой-пикирлер уккан адамга эмес, айткан адамга көбүрөөк байланыштуу”.
Негативдүүлүк эффектин мойнубузга алуу менен биз жагымсыз реакцияларды жогото алабыз, ал тургай анын артыкчылыгынан пайдалансак болот. Мисалы, социалдык психология боюнча профессор Шелли Тейлор эмчек рагына чалдыккан аялдар болуп көрбөгөндөй оптимисттик ишенимге ээ экенин көрсөткөн. Тейлор Лос-Анжелестеги Калифорния университетинде иштейт. Мындай “позитивдүү иллюзиялар” психикалык жана физикалык саламаттык менен байланыштуу. Алардын жардамы менен оор кырдаалдарда акыл-эсти материядан жогору коюуга болот.
Тейлордун эмгеги терс окуя болуп кеткенде колдонулган реакциялар боюнча да жаңы маалыматтарды камтыйт. Ал реакциялар “ошол окуянын таасирин жумшартып, азайтып, атүгүл өчүрүп жок кылып жиберген” жөндөмүбүз. Аны минимизация деп атап коюшат. Мисалы, Тейлордун изилдөөсүнө катышкан рак оорусу бар адамдар көйгөйүн кичирейтип көрсөтүү үчүн кээде өздөрүн начар абалдагы аялдар менен салыштырышкан. Парашютист жана кесипкөй эр жүрөк Феликс Баумгартнер силер элестеткендей инсан болбошу мүмкүн. Ал өзүнүн коркунучун жеңүү үчүн минимизация ыкмасын колдонууга аргасыз болгон. Бирок олимпиада спортчулары менен иштешкен психолог Майкл Жерве аталган ыкманы Баумгартнерге көздөгөн максатына жетүүсүнө жардам берүү үчүн пайдаланган. Спортчунун максаты — үн барьеринен ашып өтүү болчу. Баумгартнер берген интервьюсунда атайын тигилген костюмда камалып калам деп коркконун айткан. Костюмду түрмө катары кабыл алуунун ордуна Жерве спортчуну супер баатырга айланта турган костюм катары визуалдаштырууга үйрөткөн. Артыкчылыгын күчөтүп, кемчилигин азайткан. Дем алуу техникасы менен когнитивдик-жүрүм турум терапиясынын формаларын колдонуу менен Баумгартнер “Кайраттуу Феликс” болуу максатын орундатуу үчүн костюмда өзүнүн чыдамкайлыгын бекемдеген.
Баумгартнердикиндей бийик максттары барлар аз болсок да, бирок андан үйрөнө турган нерсебиз бар. Негативди азайтып, позитивге басым жасоо менен биз кыялыбызга жетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алабыз. (EA)












