You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президент отставкасын жарыялайбы же кырдаалды колго алабы?
Президент Сооронбай Жээнбеков соңку үч күндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисин эки ирет кабыл алды.
Бүгүн Баш прокуратура жана УКМК жетекчилиги менен да жолугушту.
Президент 19-октябрга чейин Бишкек шаарында өзгөчө абал жарыялап, Алмазбек Орозалиевди борбор калаанын коменданты кылып бекитти.
Кызматын тапшыруусу күтүлүп жаткан президенттин соңку ишенимдүү жүрүштөрү ар кандай талкууларга жем таштады
Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын тапшырууга даяр экени Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңеш трибунасынан да айтылды.
“Президент менен жолукканда кырдаалды талкууладык. Депутаттарда кворум болуп, жыйналып бүгүн менин талапкерлигимди бекитип берсе, ушул процедура бүткөндөн кийин эки-үч күндүн ичинде арыз жазып берем деп сүйлөштүк. Эми өз арызы менен жазып кетсе, экс-президент деген макамы калат. Эгерде импичмент болуп кетсе, анда макамы сакталбайт. Импичмент деп жарыяланса, иш козголушу керек да. Аны жөндөн-жөн жарыялабайт да”,- деген эле өкмөт башчы катары көрсөтүлгөн Садыр Жапаров "Ала-Арча" резиденциясында.
Мындай билдирүүдөн кийин президент отставкага кетери анык болуп калды деген маанай жаралган, бирок ал көпкө созулбады.
Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүн бекитүүгө шашыла элек. Ал тургай айрым депутаттар аркылуу Жапаров бекиген Жогорку Кеңеш жыйынында кворум болбогону тууралуу саясий билдирүүлөр болду.
Ал тапта Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Эмилбек Каптагаев өлкө толук укуктук нукка түшпөйүнчө президент өз милдетин аткарууга милдеттүү экенин айтууда.
Каптагаев президент Жээнбеков азыр кызматын тапшырса, качып кеткенге тете болорун, мамлекеттик жогорку бийликти жаңы Жогорку Кеңеш куралгандан кийин гана таштоого болорун айтып жатат.
Ал тапта коомдук сайттарда “кызматтан кетем дегенден кийин кетиши керек” таризинде сөздөр айтылып, президенттин отставкасын күткөндөр да бар.
“Тилекке каршы, Сооронбай Шарипович үч жылда эчтеке кылган жок. Кыргызстанда эч кандай өзгөрүү болгон жок. “Doing Business” индекси жана коррупция боюнча артка кеттик. Бажалардын-кудалардын, тааныштардын заманы болду. Коррупцияга, кланга шектелгендер адамдар бийликке келди. Журналисттер факты көрсөтсө далил сурады. Пандемия убагында болгон баш аламандыкты эл унуткан жок. Ушулардын баары биригип келип, таза эмес шайлоо менен чыгып кетти. Эми ал Кыргызстанды саясий кризистен чыгаруу үчүн арызын жазып, тынчытып, анан кетиши керек. Эл ишениминен чыкты”,- дейт саясат талдоочу Нурбек Муктаров.
Президент мындай айыптоолоорго жооп кайтара элек. 6-октябрдагы тополоң окуялардан кийин ал эл алдынан көрүнгөн жок.
Бирок Жээнбековдун күч түзүмдөрүнун башчылары менен жыйын өткөрүп, башка иш-аракеттерин жасап жатканын анын басма сөз кызматы билдирүүдө.
Серепчи Мусуркул Кабылбеков азыр президент бирден бир легитимдүү орган болуп жатканын белгилейт:
“Президенттин азыркы кырдаалда кызматынан чегиниши коомдун туруктуулугуна кедергисин берип калышы мүмкүн. Себеби, азыр премьер-министр делип жаткан Садыр Жапаров легитимдүүлүк маселеси чыгып жатат. Кворум болгон жок деп, Жапаровду тааныбайм деген саясий күчтөр көп болууда. Кырдаалды турукташтыруу үчүн бизге легитимдүү орган керек. Жээнбеков кандай болгон күндө да азыр мыйзамдуу президент. Жаңы парламент куралгыча президенттикти сакташ керек. Жээнбеков азыр кетсе, абал мындан да тааталдашып кетет. Жээнбеков президент катары өз кызматында калып, жаңы шайлоолорду дайындап, аны өткөрүп, андан кийин гана кызматынан баш тартса болот”.
Буга чейин Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолукканы тууралуу да кабарланган. Анда улуттук мунасага келүү тууралуу сөз болгону айтылып, ашыкча маалымат берилген эмес.
Бүгүнкү күнгө чейин президенттин кайда экени тууралуу да так маалымат жок эле. Бирок бүгүн анын мамлекеттик резиденцияда иштеп жатканы белгилүү болду. EkA