Трак айдоочулардын жетишсиздигинен улам британ өкмөтү дагы 5000 виза берет

Британия бензин бекети

Сүрөттүн булагы, PA Media

Акыркы дүрбөлөң сатып алуулардан кийин өкмөт мунай компанияларына күйүүчү майды даректүү май куюучу жайларга жеткирүүгө уруксат бериш үчүн атаандаштык мыйзамын убактылуу токтотушу керек.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул кадам компаниялар үчүн маалымат алмашууну жеңилдетет жана өлкөдөгү эң муктаж аймактарга артыкчылык берет.

Дүрбөлөң сатып алууларга алып келген жагдай күйүүчү май менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашынан коркуу май куйуучу жайларда узун кезектерди пайда кылды.

Министрлер ошондой эле күйүүчү май жеткирүү үчүн армияны тартууну пландаштырууда. Бул маселе дүйшөмбүдө боло турган өкмөттүн жыйынында каралышы мүмкүн.

Бензин сатуучулар ассоциациясы 5500гө жакын көз карандысыз соода түйүндөрүнүн мүчөлөрүнүн үчтөн экиси күйүүчү май түгөнгөнүн, калгандары “жарымы эле калганын жана жакында түгөнөрүн” эскертишти.

Нефть өнөр жайын 1998-жылкы “Атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдан” бошотуу боюнча чараларды жарыялап жатып, бизнес катчы Кваси Квартенг өкмөттүн күйүүчү май менен камсыздоо боюнча “узак мөөнөттүү” мурдатан иштелип чыккан пландары бар экенин айтты.

“Нефтини кайра иштетүүчү заводдордо жана терминалдарда күйүүчү май бар. Жеткирүү тармагындагы айрым көйгөйлөр болуп жатканан билебиз. Мына ушул себептен улам, биз мунай өндүрүү протоколун кабыл алабыз. Ошондо өнөр жай эң маанилүү маалыматтарды бөлүшүп, үзгүлтүккө учуратпоо үчүн эффективдүү иштешет. Трак айдоочуларына жана май бекеттеринде иштеген бардык кызматкерлерге ушул кырдаалдагы талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз”.

Британия тыгын

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйшөмбү күнү эртең менен ушул май куюучу жайдын сыртында кезек күткөндөр көбөйүп кетти

Ошондой эле, өкмөт супермаркеттерге азык-түлүк жеткирүүдө жардам берүү максатында 2020-жылдын мартында чыккан атаандаштык мыйзамын жеңилдетет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Акыркы айларда жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын жетишсиздиги супермаркеттерден баштап тез тамактануу түйүндөрүнө чейинки бир катар тармактарда көйгөйлөрдү жаратты.

Акыркы күндөрү айрым күйүүчү май ташуучулардын жабыркашы дүрбөлөң жаратып, май куюучу жайларда узун кезектерди жаратты.

Shell, ExxonMobile жана Greenergy сыяктуу компаниялардын биргелешкен билдирүүсүндө, жеткирүү көйгөйлөрү “өлкөдөгү күйүүчү майдын жетишсиздигинен эмес, керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарынын убактылуу өсүшүнөн” улам келип чыкканын белгиленет.

Пруденциалдык жөнгө салуу агенттигинин төрагасы Брайан Маддерсон Би-Би-Сиге бул тартыштыкка “дүрбөлөң сатып алуулар” себеп болгонуна карабастан, мунай компаниялары май куюучу жайларда толтура кармоо биринчи орунга койгонун айтты.

Ишемби күнү, өкмөт Жаңы жыл майрамына чейин иштин үзгүлтүккө учурабашы үчүн, чет өлкөлүк күйүүчү май жана тамак-аш ташыган 5000 айдоочуга жана 5,500 үй канаттууларын баккан фабриканын кызматкерлерине жарактуу убактылуу виза берерин жарыялады.

Башка чараларга оор жүк ташууга лицензияланган айдоочуларга миллионго жакын кат жөнөтүү аркылуу аларды ишке кайтып келүүгө үндөө кирет жана 4000 адамды трак айдоочусу болууга үйрөтүү пландаштырылган.

Бирок Британиянын Чекене Консорциуму Крисмаста күтүлгөн үзгүлтүктөргө таасир этүү үчүн сунушталган визалардын саны “өтө аз” экенин айтты.

Соода ассоциациясынын азык-түлүк саясаты жана туруктуу өнүгүү боюнча директору Эндрю Опи Би -Би -Сиге: “Менимче, биз тандоо жана сактоо жаатында чектелөөлөргө дуушар болобуз, бул чындыгында өкүнүчтүү, анткени буга жол бербеш керек болчу” - деди.

Ошол эле учурда, үндүк баккан фермер Кит Мартин ири соода түйүндөрүндө Рождествого чейин үй канаттууларынын эти түгөнүп калышы мүмкүн экенин эскертти.

Анын айтымында, үндүктөр азыраак өндүрүлөт, анткени чоң фермалар ишке киришишпейт.

Кошумча трак айдоочуларды жана үй канаттууларын багуучу фермаларга жумушчуларды кабыл алуу октябрь айында башталат жана алардын визасы Кристмаска чейин жарактуу болот.